Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Тбилисидеги Орусияга каршы акциялар


23-июндагы парламенттин жанындагы акциянын катышуучулары.
23-июндагы парламенттин жанындагы акциянын катышуучулары.

Тбилисиде антиорусиялык нааразылыктар төртүнчү күн катары менен уланды.

Миңдеген грузиндер Орусиянын саясатына каршылыгын билдирип, жогорку кызмат адамдарынын кызматтан кетишин жана кезексиз шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда. 23-июндагы акция салыштырмалуу тынч өттү. Элдин нааразылыгына 20-июнда орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары себеп болгон.

23-июндагы акция адаттагыдай эле парламенттин жанында, Руставели проспектисинде кечки саат 7де башталды. Ага келгендердин айрымдары Орусияны жана президент Владимир Путинди айыптаган плакаттарды кармап турушту. Демонстранттар 20-июндагы кагылышта жабыркагандардын сүрөттөрүн көтөрүп жүрсө, акцияга катышкандардын ичинде бети-башы таңылган адамдар да болду.

«Биз эркин өлкөдө жашагыбыз келет. Мен орусиялыктарга эч кандай каршылыгым жок, бирок мен психологиялык жана физикалык оккупацияга каршымын. Мен бул жерге келесоо полиция кызматкерлери желим октор менен аткан кезде көздөрүнөн ажыраган улан-кыздарды коргош үчүн келдим. Биз бул жерде тынчтык, сүйүү жана эркиндик үчүн турабыз», - дейт акциянын катышуучусу Гио Квезерели.

23-июндагы акция салыштырмалуу тынч өтүп, аны полиция көзөмөлдөп турду. Тбилисиде нааразылык парламент спикери 21-июнда кызматтан кеткенине карабастан уланууда. Демонстранттардын лидерлери бардык талаптары аткарылмайынча акция токтобой турганын билдирип жатат. Алар ички иштер министрин кызматтан кетирүүнү, 20-июндагы кагылышта кармалгандарды бошотууну, элге каршы күч колдонгон полиция кызматкерлерин жоопко тартууну, кезексиз шайлоо өткөрүүнү жана добуш берүү системасын өзгөртүүнү талап кылышууда.

Маселен, Гига Лемонява парламенттин тепкичине чакан чатыр орнотуп, үч курбусу менен ушул жерде түнөй турганын билдирди. Ал ички иштер министри кызматтан кетмейинче жана 20-июнда кармалгандар бошотулмайынча ушул жерде уктай турганын айтып жатат.

Оппозиция бийликтеги «Грузин кыялы» партиясын «Москванын агрессиялык саясатына каршы аракет көрбөй жатат» деп айыптап келет.

Ирина Саришвили.
Ирина Саришвили.

«Биз ачка болгон кезибизде унчуккан жокпуз. Бизди шайлоодо алдаганда да унчуккан жокпуз. Бирок биз орусиялык оккупант грузин парламентинин ордуна отурганына унчукпай коё албайбыз. Мен бул жерге Орусиянын оккупациясына каршы нааразылыгымды билдириш үчүн келдим», - деди акциянын катышуучусу Ирина Саришвили.

20-июнда элдин нааразылыгына орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун Тбилисидеги сапары себеп болгон. Гаврилов Тбилисиге Православия парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылуу үчүн барган. Грузиндер жыйын учурунда анын спикердин креслосуна отурушун «Грузияны сыйлабастык» катары баалашкан. Гаврилов 20-июнда ассамблеянын жыйынын парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан. Грузиндер Гавриловду Орусиянын президенти Владимир Путиндин өнөктөшү, ал Грузиядан бөлүнүп кеткен жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындашууда.

Орус-грузин алакасы он жылдан ашык убакыттан бери татаал. Тбилисинин бөлүнүп кеткен эки аймагын кайтарып алуу, НАТОго кирүү аракети 2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосундагы беш күндүк согушка алып келген.

21-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык компанияларга 8-июлдан тартып Грузияга авикаттамдарын токтотууну буйруп, туристтик компанияларга бул өлкөгө жолдомолорду сатууну токтотууну сунуш кылган.

Тбилиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Тбилиси. Иллюстрациялык сүрөт.

​Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, парламент имаратынын алдында 21-июнда таңга маалга чейин созулган кагылышта 240 киши, анын ичинде 80ден ашык полиция кызматкери жабыркаган. Ошондой эле ондогон киши кармалган. Полиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн желим ок жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Ошол эле кезде талдоочулар оппозиция бийликке кысым көрсөтүш үчүн акыркы окуяларга байланышпаган да талаптарды көтөрүп жатканын айтышууда.

2020-жылдагы парламенттик шайлоо пропорционалдык система менен өтүшү керек. Бул тууралуу «Грузин кыялы» партиясынын башчысы Бидзина Иванишвили 24-июнда билдирди. Анын айтымында, шайлоодо партияларга эч кандай чектөө болбошу керек.

2020-жылы аралаш шайлоо системасынан пропорционалдык шайлоо системасына өтүүнү 20-июндан тартып нааразылыкка чыгып жаткандар талап кылып жаткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG