Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Грузиянын жаңы президенти ант берди


Өлкөнүн жаңы президенти Георгий Маргвелашвили инаугурация учурунда. Тбилиси, 17-ноябрь, 2013.
Өлкөнүн жаңы президенти Георгий Маргвелашвили инаугурация учурунда. Тбилиси, 17-ноябрь, 2013.

Өлкөнүн жаңы президенти Георгий Маргвелашвили инаугурациясында буга чейинки президенттин Батышка ыктаган мүдөөсүн улантаарын, бирок Орусия менен жакшы мамиле күткөнгө аракет кылаарын айтты.

Кызматтан кетип жаткан премьер-министр Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясынын талапкери Георгий Маргвелашвили өткөн айдагы шайлоодо уткан.

Жаңы президенттин инаугурациясына катышуу үчүн 70 өлкөгө чакыруу жиберилгени менен, ага 50 өлкөнүн делегациясы келди. Ант берүү жөрөлгөсү өзү парламенттин Тбилисидеги эски имаратында болду. Өлкөдө парламент буга чейинки президент Михаил Саакашвилинин тушунда бул имараттан кетип, баш калаадан 250 чакырымдай батышта жайгашкан Кутаисиге көчүрүлгөн болчу. Ал жакка жаңы имарат да курулган. Бирок жаңы лидерлер инаугурациянын Кутаисиде өтүшүнө макул болушпады. Эми парламентти такыр эле Тбилисиге көчүрөбүз дешсе, анда Конституцияга өзгөртүү киргизиши керек.

Ошентип университеттин 44 жаштагы мурдагы ректору Маргвелашвили алдыдагы беш жылга президент катары антын эски парламентте берди.

Ал өз сөзүндө өлкөнүн Евробиримдик менен НАТОго кошулуу мүдөөсү үчүн күрөшө берээрин, ошол эле маалда Орусия менен алаканы оңдогонго аракет кылаарын айтты.

"Азыр биз тушугуп жаткан кыйынчылыктарга карабай, жумурияттын Европа жана Евро-Атлантикалык структуралар менен диалог түзүү аракети менен биргеликте биз Орусия менен да ортодо проблемаларды чечкенге ишеним болгудай мамилеге жеткенге аракет кылабыз, - деди жаңы президент. - Бул мамиле бирок Грузиянын улуттук кызыкчылыктарын айныксыз урматтап, биздин аймактык бүтүндүгүбүздү тааныган таризде курулат".

Абхазия менен Түштүк Осетияга кайрылуу

Маргвелашвили Орусиядан өздөрүн бир жактуу эле эгемен өлкө деп жарыялаган Абхазия жана Түштүк Осетия региондорунун элине да кайрылды. Алардын көз карандысыздыгын Грузия менен 2008-жылкы беш күндүк согуштан кийин Москва расмий тааныган.

"Мен Абхазиядагы жана Цхинвалидеги мекендештерибизге мындай сунуш айтаар элем: Келгиле, биз бардык элдердин улуттук нарк-насилин урматтап, алардын саясий укуктарын коргой турган, бардык жарандардын жыргалчылыгын кепилдей турган демократиялык мамлекетти биргеликте куралы! Мен Грузиянын президенти катары азыркы башкаруучу партия менен ушул саясатты ишке ашырганга жоопкерчиликти өзүмө алам", - деди Маргвелашвили.

Жаңы президенттин ишке кириши өлкөнү 10 жыл башкарган батышчыл президент Михаил Саакашвилинин доору бүткөнүн күбөлөндүрөт. Саакашвили “өзүнүн партиялаштарына саясий себептерден ачылган кылмыш иштерине нааразылык иретинде” ант берүү аземине келген жок.

Грузиядагы мыйзамга ылайык, жаңы президент ишке киришээри менен азыркы өкмөт таркатылат жана жаңысы парламент тарабынан куралышы керек.

“Грузин кыялы” дагы эле бийликте калат деп күтүлүүдө, анткени азыркы парламенттин көпчүлүк орундарын анын мүчөлөрү ээлейт. Саакашвилини азыркы премьер Иванишвили “саясий өлүк” деп атаган жана ал кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн экенин эскерткен.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG