Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Грузия: кечээ бийликте, бүгүн абакта


Камактагы мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалаянын жактоочуларынын нааразылык акциясы. Тбилиси, 9-ноябрь, 2012-жыл.
Камактагы мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалаянын жактоочуларынын нааразылык акциясы. Тбилиси, 9-ноябрь, 2012-жыл.

Грузияда мурдагы бийлик өкүлдөрү арасынан камалгандар катары улам жаңы ысымдар менен толукталууда.

Камоолорду бийлик бир саясий күчтөн экинчиге туңгуч ирет шайлоо аркылуу берилген өлкө үчүн чоң сыноо деп санаган байкоочулар эми алдыда тергөө менен сот иштеринин ачык жана адилет өтүүсү чоң мааниге ээ экендигин баса белгилешүүдө.

Грузиянын жаңы бийликтери камоолорду коррупцияга жана мыйзам бузууларга каршы күрөш, адилеттүүлүктү калыбына келтирүү деп мүнөздөшүүдө. Ал эми мурда бийлик тепкичтеринде тургандар камоолордун саясий жүйөсү бар деп эсептешет.

Жаңы ысымдар

Бирок кандай болгон күндө да кылмыш иштеринин жаңы толкунунун Грузияда бийликтин алгач ирет бир партиядан экинчиге тынч жол менен өтүүсүн шарттаган жараянга көө жаап койчудай тобокелчилиги чоңдой.

Октябрдын башындагы парламенттик шайлоодо жеңген “Грузин кыялы” коалициясынын лидери Бидзина Иванишвили курган өкмөттө юстиция министринин кызматын аркалган Тея Цулукианинин ырастоосунда, азыркы камоолор саясий атаандаштарды куугунтуктагандык эмес:

- Бул жерден биз эч бир саясий куугунтукту көргөн жокпуз. Михаил Саакашвили бийликте турган кезде, кийинки президенттик шайлоого чейин саясий мейкиндикте биз бирге жашоого жөндөмдүү болуубуз абзел. Бирок бул өткөндөгү, учурдагы, келечектеги кылмыштар жазасыз калбайт дегенди билдирбейт.

Мурдагы министр Иракли Окруашвили Тбилиси сотунда, 20-ноябрь, 2012-жыл
Мурдагы министр Иракли Окруашвили Тбилиси сотунда, 20-ноябрь, 2012-жыл
“Грузин кыялы” коалициясынын өкмөтү ишке киришкенден кийин эң алгачкылардан болуп, Саакашвилинин өкмөтүндө коргоо жана ички иштер министри кызматтарын аркалаган Бачо Ахалая камалган. Аны менен бирге армиянын эки генералына, анын ичинде Генштабдын башчысына кылмыш иши козголгон.

Алардын артынан өткөн аптада Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнүн он экиси, анын ичинде Конституциялык коопсуздук департаментинин башчысы камалды.

Алар кызмат абалынан кыянат пайдаланышкан, саясатчылардын, анын ичинде азыркы премьер-министр Бидзина Иванишвилинин бийликке келе элек кездеги телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз уккан деп айыпталышууда.

Камалгандардын катарын өткөн аптада Тбилисинин вице-мэри Шота Хизанишвили, кечээ борбордун суу компаниясынын мурдагы башчысы Геги Келбакиани толуктады.

Грузин басма сөзүнүн жазганына караганда, Келбакиани Тбилисинин мэри Георгий Угулаванын жакын адамы. Угулава болсо президент Михаил Саакашвилинин жакынкы чөйрөсүнө кирет.

Мыйзам үстөмдүгү зарыл дешет

Бийликтеги “Грузин кыялы” коалициясы коррупцияга каршы күрөшүүнү шайлоо өнөктүгү учурунда эле убада кылган.

Андыктан камоолорду ошол убаданын аткарыла башташы, коомдун талабын орундоо катары баалагандар эмес.

Бирок Грузиянын Жаш адвокаттар ассоциациясынын мүчөсү Гаги Мосиашвилинин пикиринде, эми алдыда укуктук жараяндын ачык-айкын жана адилет болушу чоң мааниге ээ:

- Мен чынында бул адамдар коомдун талабы менен камалды деп ойлобойм. Биз мыйзам үстөмдүгү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Ал жараянды көзөмөлдөөнү моюнуна алып жаткан мекеменин ар бир кадамына негиз болуусу абзел.

Грузин парламенти
Грузин парламенти
Тбилисиде чыгуучу “Либерали” журналынын башкы редактору, журналист Шорина Шавердашвилинин пикиринде да, коомдун жана президент Михаил Саакашвилинин оппозициядагы “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын сынына, кысымына кабылбаш үчүн өкмөт өз аракеттерин ачык-айкын жана дыкат жүргүзүүсү абзел.

Ал “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде система иштеп жатканын, саясий абалда шайлоо өнөктүгү учурундагыдай чыңалуу жоктугун белгиледи:

- Тынч өткөөл мезгилге эч зыян тие элек. Биз бири-бирибиздин кекиртегибизге жабыша элекпиз. Көчөгө чыккан жокпуз. Бул шайлоо алдындагы сценарийлердин бири болгон. Менимче биз азырынча бийликти тынч өткөрүүнүн чегинде элебиз.

Шавердашвили алдыда дагы чоң кызматчылар, анын ичинде президент Саакашвилинин жакынкы чөйрөсү арасынан кимдир бирөөлөр камалып калуусу ыктымалдуулугун жокко чыгарбады. Бул аралыкта Тбилисиде “Коомдук укук үчүн ынтымак” деп аталган бейөкмөт уюм грузин президентинин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабы менен кол чогултуу акциясын баштады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG