Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Грузия: аял президенттин убадасы


Саломе Зурабишвили инаугурациясы учурунда. 16-декабрь, 2018-жыл
Саломе Зурабишвили инаугурациясы учурунда. 16-декабрь, 2018-жыл

Грузияда 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 59,52% алуу менен жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ант берип кызматына киришти.

Ал 16-декабрдагы инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү саясий күчтөрдү бириктирүүгө, НАТО жана Еврошаркет менен кызматташтыкты тереңдетүүгө убада берди. Оппозициянын бул күнү саясий жүрүш өткөрүү аракетине полиция уруксат бербей, жолдорду тороп, эки тарап жакалашканга чейин барды.

Саломе Зурабишвили ант берүү аземи борбор шаар Тбилисиден 100 чакырым ыраактагы Телави шаарында, падыша Ираклий Экинчиге таандык болгон, 18-кылымда курулган хансарайда өттү. Ага 1800дөй чет элдик жана жергиликтүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер катышты. Чет өлкөлүк коноктордун катарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози болду.

Саломе Зурабишвили ант берүү учурундагы сөзүндө өлкөдөгү саясий күчтөрдү бириктирүүгө, НАТО жана Еврошаркет менен кызматташтыкты тереңдетүүгө убада берди:

- Грузия олуттуу коркунучтардын чеңгелинде турат. Орусия Абхазияны жана Түштүк Осетияны оккупациялап алган. Оккупация сызыгы улам ичкери жылып, биздин адамдарды уурдап кетип жатышат. Бул эгемен мамлекет үчүн ылайыксыз иш жана биз муну менен келише албайбыз. Биздин элге коопсуздук көбүрөк манилүү. Бул багытта биз өз өнөктөштөрүбүз жана Европа Биримдигинин байкоочулар миссиясы менен терең алака-катыш кылышыбыз зарыл. Коопсуздук деңгээлин көтөрүү үчүн НАТО менен жигердүү кызматташуу кажет. Маанилүү багыттардын дагы бири – Кара деңиздеги коопсуздукту күчөтүү. Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн мен америкалык жана европалык өнөктөштөр менен жигердүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм.

Саломе Зурабишвилинин президенттик кызматка киришине Грузияда калктын бир канча бөлүгү каршы. Анын инаугурациясы өтүп жаткан Телави шаарында акция өткөрүү үчүн жөнөгөн жүздөгөн адамдарды полиция тороп, өткөрбөй койду. Жүрүшкө чыккандардын бири Хатия Бекануидзе минтип наалыды:

- Биздики тынчтык жүрүшү. Биз шайлоонун жыйынтыгын уурдап алган Зурабишвилинин ант берүү аземине каршылык көрсөтүү үчүн Телавиге карай баратабыз. Бирок полиция башкы жолду жаап, машиналары менен тынч жүрүшкө чыккан карапайым адамдарды тосуп жатат. Өзүңүздөр да көрүп жатасыздар, эч ким Телавиге жете албай калды. Баары бул жерде камалып турат. Бул чаң-тополоң.

28-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо оппозициялык күчтөрдүн талапкери Григол Вашадзе добуштардын 40,48% ээ болгон. Оппозиция добуш берүүдө бурмалоо орун алды деп, шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. 16-декабрда Саломе Зурабишвилинин президенттик кызматка киришине каршы нааразылык өткөргөндөрдүн арасында оппозициянын талапкери Григол Вашадзе да болду.

- Полиция, саясий полиция биздин жолубузду тосуп жатат. Алар болуп көрбөгөндөй көп атайын даярдыктагы күчтөрдү алып келди. Бул деген жеткен акмакчылык. Мынчалык акмакчылык болбойт. Анткени кийинки акмакчылык эле сиздин батирибизди зым тор менен тосуу. Алар бизди тандообуздан ажыратты, мамлекетибизди бизден алып койду. Эми болсо алар бизди ары-бери эркин жүрүү укугубуздан айрылтып жатат. Биз 90-жылдарга, артка кетип жатабыз. Бул жеткен уят иш.

Нааразылыкка чыккандар.
Нааразылыкка чыккандар.

Көз карандысыз талапкер катары чыккан Саломе Зурабишвилини бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы сүрөгөн. Ал Грузиянын тарыхындагы алгачкы аял президент болуп калды.

66 жаштагы Саломе Зурабишвили 1952-жылы Франциянын борбору Парижде грузиялык саясий эмигранттарынын үй-бүлөсүндө туулган. Зурабишвили тарыхый мекенинен алыста чоңоюп өсүп, карьерасынын жарымынан көбү же 30 жылдан ашыгы Францияга кызмат кылуу менен өткөн.

Саломе Зурабишвили ант берүү учурунда. 16-декабрь, 2018-жыл
Саломе Зурабишвили ант берүү учурунда. 16-декабрь, 2018-жыл

Ал 1974-жылдан 2004-жылга чейин Франциянын Тышкы иштер министрлигиндеги түрдүү кызматтарды аркалаган. Бул өлкөнүн Италиядагы элчилигинде үчүнчү катчы, Вашингтондогу элчилигинде биринчи катчы, Франциянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү, Чад мамлекетиндеги чабарманы болуп иштеген.

Ал 2003-жылы Франциянын Грузиядагы элчиси катары Тбилисиде иштей баштаган. Саломе Зурабишвили француз элчиси катары Грузияда бир жылдан бир аз ашуун гана иштеп, кызматтан кеткен. 2004-жылы Грузиянын "Роза ыңкылабынан" кийин бийликке келген ал учурдагы президенти Михаил Саакашвили ага грузин жарандыгын берип, Грузиянын тышкы иштер министри кылып дайындаган. 2005-жылы депутаттар менен карама-каршылыктан улам Зурабишвили кызматтан кетип, оппозициянын катарына кошулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG