Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Грузиндер Түштүк Осетияда кармалган дарыгерди бошотууну талап кылышты


Грузия менен Түштүк Осетиянын чек арасы.
Грузия менен Түштүк Осетиянын чек арасы.

Грузиядан өз алдынчалык жарыялап алган Түштүк Осетия менен чек арага жүздөгөн адамдар топтолушуп, Орусия көзөмөлдөгөн аймакта кармалган белгилүү догдурду бошотууну талап кылышты. Важи Гаприндашвилинин кесиптештеринин айтымында, ал жикчил аймакка дарыланууга муктаждарды издеп барган. Грузиядагы Ортопеддер менен травматологдор ассоциациясынын президенти Гаприндашвили аймактын борбору Цхинвалиге 9-ноябрда жеткирилип, "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен эки айга камакка алышканы маалым болду.

15-декабрда Одзизи кыштагына чогулушкандар "Важе догдурга эркиндик!", "Мекенге болгон сүйүү кылмыш эмес!" деген сөздөр жазылган кагаздарды көтөрүп турушту.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги Гаприндашвилинин кармалышы орусиячыл күчтөр көзөмөлөдөгөн Грузиянын аймагында "адам укуктары бузулушун көрсөтүп жатканын" билдирди.

53 миңдей калкы бар, Грузиянын түндүгүндө жайгашкан Түштүк Осетия Республикасы 2008-жылкы орус-грузин согушунан кийин өз алдынчалык жарыялап алган. Анын эгемендигин Орусия тааныган. Бирок Тбилиси жана эл аралык коомчулук Түштүк Осетияны Грузиянын бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG