Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Эрдоган немис куудулуна ачууланды


Куудул Ян Бемерман жана президент Режеп Эрдоган.
Куудул Ян Бемерман жана президент Режеп Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган немис куудулуна каршы Германиянын прокуратурасына арыз жолдоду. Түрк лидери германиялык куудулду теледен окулган сатиралык ыры үчүн айыптоодо.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандан куудул Ян Бемерманга (Jan Boehermann) каршы арыз түшкөнүн Германиянын Майнц шаарынын прокурорлору дүйшөмбү күнү ырасташты.

Немис прокурорлорунун айтымында, алар буга чейин эле жыйырмадан ашуун адамдын арызынын негизинде Бемермандын үстүнөн “чет мамлекеттин органдарын жана өкүлдөрүн кордоо” деген шек менен иликтөө баштаган. Эрдогандын арызы да ушул иликтөөнүн алкагында каралат.

Ян Бемерман Германиядагы таанымал куудулдардын бири. Ал өткөн аптада эле 2015-жыл үчүн кадыр-барктуу Grimme сыйлыгынын жеңүүчүсү деп жарыяланган.

Түркиянын лидери да куудулдун 31-март күнү немистердин коомдук ZDF каналындагы телешоусу учурунда окуган сатиралык ырынын мазмунун аны кордоо жана кылмыш катары эсептөөдө. Куудул Бемерман сатиралык ырында Эрдоганды “акмак” деп атап, ал айбанаттар менен да сексуалдык байланышка барат деп ишара кылган эле.

Немис куудулунун Эрдоган тууралуу ыры акыркы айларда миграциялык кризис боюнча жакындан кызматташып жаткан Берлин менен Анкара ортосунда дипломатиялык жаңжал жараткандай да болду.

Башында Германиянын Анкарадагы элчиси Түркиянын Тышкы иштер министрлигине нааразылык билдирүү үчүн чакыртылган эле. Түрк өкмөтү Германиядан куудулдун жазаланышын талап кылды.

Немис куудулунун ыры “Эрдоганды эле эмес, 78 миллион түрк калкын да кордоп жатат. Биз бул уятсыз адам Германиянын мыйзамдарына ылайык жазалануусун талап кылуудабыз, бирок Түркия Германияга саясий кысым көргөзүүнү такыр каалабайт”,- деди түрк өкмөтүнүн вице-премьери Нуман Куртулмуш.

Түркия жана Германия лидерлери акыркы айларда качкындар маселеси боюнча тыгыз иштешүүдө.
Түркия жана Германия лидерлери акыркы айларда качкындар маселеси боюнча тыгыз иштешүүдө.

Немис өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү басма сөз эркиндиги, сөз эркиндиги, мыйзам үстөмдүгү жана соттун көз карандысыздыгы өңдүү маселелер такыр талкуулоого жатпай турганы менен, бирок куудул Бемерман сатиралык ырында өтө эле аша чаап кеткен деген турумга ыктап жаткандай.

Өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт Берлиндеги пресс-конференцияда буларга токтолду:

- Бул ишке байланыштуу түшүндүрүп кетейин. Баш мыйзамдын 5-беренесинде ой-пикир билдирүү, чыгармачылык жана илимдин эркиндиги каралган. Албетте мунун баары эң жогорку мааниге жана сүйлөшүүгө жатпайт. Бемерман мырза болсо азыр талкууланып жаткан талаштуу текстинде чектен атайылап эле чыгып кеткен. Канцлердин (Ангела Меркел) көз карашы боюнча да текст “атайлап эле кемсинтүү” мүнөзүндө болгон.

Эгер немис прокурорлору да азырынча аяктай элек иликтөөсүнүн жыйынтыгында Ян Бемерман Эрдоган боюнча талаштуу ырында мыйзам бузган деген бүтүмгө келишсе, анда куудул Германиянын Кылмыш кодексинин 103-беренесине ылайык жооп берүүгө туура келет. Анда акчалай айып салуу, же үч жылга эркинен ажыратуу жагы каралган.

Кокус прокурорлор иш ачса, акыр-аягында сотто барып чечиле турган маселе Германияда али көп талкууларды жаратчудай.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG