Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

АКШ Ангела Меркелди тыңшаганбы?


Брюсселдеги Еврошаркеттин саммити АКШнын атайын кызматтарынын Европада телефондорду жашыруун тыңшоосуна байланышкан жаңжалга туш келди. Америка тарап немис канцлери Ангела Меркелдин телефонун да тыңшаганы тууралуу маалымат саммиттин жуп алдында жарыяланган эле.

Эки күндүк саммитте Евопада экономикалык калыбына келүүнү бекемдөө жана Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштан келип жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымына каршы туруу чараларын талкуулоо мерчемделген эле.

Бирок эми жогорку жыйында телефон тыңшоолорго же тыңчылыкка байланышкан маселе үстөмдүк кылып кетиши ыктымалдыгы күтүлүүдө.

Германия канцлери Ангела Меркел саммит башталар алдында Еврошаркет менен АКШнын ортосунда ишеним калыбына келүүсү зарылдыгына токтолуп, өзүнүн мобилдик телефону көзөмөлдөнгөн деген маалыматтар боюнча расмий Берлиндин кыжырдануусу конкреттүү бир кишинин эмес, жалпы эле жарандардын купуялуулукка болгон укугуна байланыштуу экенин белгиледи:

- Биз АКШнын Улуттук чалгын агенттиги жөнүндө сөз кылып жаткандыктан, мен америкалык президентке да бул достор арасында жасалбоосу керектигин ачык ишара кылдым. Бул тууралуу президент июнда Берлинде болгон кезинде да айткам, кечээги телефон сүйлөшүүмдө да айттым. Бул Германиянын бардык жарандарынын кызыкчылыгындагы иш. Бул мен жөнүндө эле эмес, бардык жарандар жөнүндө. Биздин союздаштар менен өнөктөштөр ортосунда ишеним зарыл. Мындай ишеним кайра калыбына келтирилиши абзел.

Америкалык атайын кызматтар Германия канцлеринин мобилдик телефонун тыңшаганы тууралуу немистердин абройлуу Spiegel журналы жазып чыккан эле.

Бул кабардын артынан түшүндүрмө берүүсү үчүн АКШнын Берлиндеги элчиси Жон Эмерсон бейшембиде немис Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Немис тышкы иштер министри Гидо Вестервелленин айтымында, федералдык канцлердин мобилдик телефон байланыштарынын өнөктөш өлкө тарабынан көзөмөлгө алынганы Германия үчүн келише турган маселе эмес.

Немис коргоо министри Томас де Мезьер ARD телеканалы менен маегинде белгилегендей, эгер тыңчылык боюнча маалыматтар ырасталса, “абдан эле жаман болот”.

Европанын эң ири экономикасы - Германия АКШнын эң жакынкы өнөктөштөрүнүн бири деп саналат. Миңдеген америкалык аскерлер немис жергесинде азыр да турушат.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни бейшемби күнкү басма сөз жыйында Европанын маалымат каражаттарында жарыяланган ырастоолорду комментарийлөөдөн баш тартты. Бирок ал бир күн мурда немис канцлери Ангела Меркел президент Барак Обамага телефон чалган кезинде АКШ президенти телефон сүйлөшүүлөрдү мониторинг кылуу практикасы жоктугуна ишендиргенин айткан:

- Мен силерге президент канцлерди АКШ канцлердин байланыштарына мониторинг жүргүзбөгөнүнө жана жүргүзбөй турганына ишендиргенин айта алам. АКШ биздин Германия менен кызматташтыгыбызды жогору баалайт. Эки лидер тең эки өлкөнүн жана өнөктөштөрдүн коопсуздугун, ага катар биздин жарандардын купуялуулугун коргоо үчүн чалгын мекемелери ортосундагы кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты.

АКШнын Европадагы ыктымал тыңчылыгы боюнча маалыматтарды бейшембидеги саммиттин башталышында эски континенттин бир катар лидерлери комментарийлешти.

Даниянын премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт (Thorning-Schmidt) мындай дейт:

- Европа институттарын ыктымал көзөмөлдөө боюнча мурдагы талкуулардан кийин бизде, АКШ менен Еврошаркет ортосунда диалог болгон. Бул маселе боюнча Еврошаркеттин көптөгөн өкмөт башчылары америкалыктар менен сүйлөшкөн. Муну мен өзүм да жасагам. Анткени менимче, биздин мыйзамсыз байкоого камтамачылыгыбызды билдиргенбиз маанилүү.

АКШнын Улуттук чалгын агенттигинин мурдагы кызматчысы Эдвард Сноуден Америка өкмөтү телефон жана интернет байланыштарга дүйнө боюнча байкоо саларын жарыялап жибергенден кийин камтамачылык Франция, Бразилия жана башка өлкөлөрдөн да айтылган.

Le Monde гезитинин Францияда миллиондогон адамдардын телефондору тыңшалган деген ушул аптадагы маалыматынан кийин француз президенти Франсуа Олланд бул маселени Еврошаркет саммитинин күн тартибине киргизүүнү сунуш кылган эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG