Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Адамдын байыркы теги табылды


Профессор Ли Бергер хомо налединин баш сөөгүн өбүүдө. Түштүк Африка, 10-сентябрь 2015
Профессор Ли Бергер хомо налединин баш сөөгүн өбүүдө. Түштүк Африка, 10-сентябрь 2015

Түштүк Африкада адамзаттын буга чейин белгисиз түрү табылды. Алардын мээсинин чоңдугу апельсиндей же бүгүнкү адамдыкына караганда эки эсе кичине болсо, боюнун бийиктиги 150 сантиметрге жетпейт.

Жаңы илимий ачылыш тууралуу 10-сентябрда Иоханнесбургда жарыяланды.

Адамзаттын жаңы табылган эң байыркы теги илимий чөйрөдө хомо наледи деп аталды. Хомо латын тилинде адам дегенди билдирсе, наледи байыркы адамдын түрү табылган үңкүрдүн бир кемеринин аты. “Наледи” Түштүк Африкада жашоочу сесото элинин тилинен “жылдыз” деп которулат.

Йоханнесбургдун Витватерсранда университетинин профессору Ли Бергер хомо наледини 10-сентябрда Ройтерс агенттигинин кабарчысына курган маегинде мындай деп сүрөттөдү:

- Бул биз мурда кездештирбеген өзгөчө тип: башы апельсин сыңары кичинекей, бирок тишинин формасы алгачкы адамдыкына окшош. Денеси кадимкидей эмес: мүрүлөрү маймылдыкына окшош жана жамбашы өтө примитивдүү, бирок жоон саны жана бут жагы адамдыкы сыяктуу. Ал эми манжаларынын уч жагы аябай иймейип турат.

Йоханнесбургдук илимпоздун айтканын эске алсак, жаңы табылган хомо налединин мээсинин салмагы жана чоңдугу мындан 4 миллиондон 2 миллион жылга чейин мурда өмүр сүргөн гоминиддердикиндей болот. Илимий эмгектерде гоминиддерге адам сыяктуу маймылдардын мыкты уюшкан түрү жана азыркы адамдан мурдакы адамзаттын түрү австралопитектерди кошушат.

Хомо налединин скелетинин 1550 бөлүгү 2013-жылы октябрда Йоханнесбургдан 50 км түндүктөгү “Чыгып бараткан жылдыз” деп аталган үңкүрдүн түп жагындагы “Жылдыздар кемеринен” табылган. Илимпоздор ал фрагменттерди курап отуруп, адамга окшош 15 жанды чогулткан. Ал скелеттердин сегизи балдарга, бешөө 45 жашка чейинки курактагы адамдарга таандык экени аныкталган.

Хомо наледилердин мүрү түзүлүшүнө караганда алар маймылдар өңдүү эле дарактарга жеңил асылып чыгышкан. Адамдын байыркы теги, профессор Берг маалымдагандай, дене турпаты арык чырай келип, салмагы 45 килограмм, ал эми боюнун бийиктиги 1 метр 50 сантиметрге чейин экен. "Алар өздөрүнүн башка сапаттары боюнча азыркы адамга окшош болуп, узак аралыкка чаалыкпай-чарчабай басышкан", дейт илимпоз.

- Ал өтө эле кызык, гоминид – мозаика. Ал узак аралыкка басканы талашсыз. Бирок ал биздин түпкү бабабыздын бири болгон.

Хомо налединин тышкы кебетеси Индонезияда табылган хоббиттерге окшошуп кетет. Ушундан улам хомо наледилер эң алгачкы жөнөкөй адам менен акыл-эстүү бүгүнкү адам ортосундагы өткөөл мезгилдеги адамзаттын түрү болушу мүмкүн деп боолгонууда. Хоббиттер, окумуштуулардын айтымы боюнча, акыл-эстүү адамдын түрү - хомо сапиенстер менен адамдын өлгөн түрү неандерталдар азыркы адамга айланганга чейин пайда болгон адамдын тегинин бир түрү.

Адамзаттын аталган үч түрү 1 миллион жылдан 500 жылга чейин мурда жашаган.

“Жылдыздар кемеринде” чачылып жаткан скелеттерди спортсмен-спелеологдор Стивен Такер менен Рик Хантер 2013-жылы октябрда табышкан. Илимпоздорго оозу кууш кемерге кирип, чачылып жаткан сөөктөрдү сыртка жыйнап чыгуу кыйын болгондуктан, алар илимий археологиялык тажрыйбасы бар, чакан бойлуу жана как денелүү 60 чакты адамды Фейсбуктун жардамы менен чогултушкан. Кемерден сөөктөрдү чыгарууга акчалай жардамды National Geographik журналы берген.

Байыркы хомо наледилер канчалык эски экени жана аларды үңкүрлөрдүн кемерлерине ким жаткырганы беймаалым. Илимпоздор скелеттер кемерге кайсы бир жөрөлгөлөрдү өткөрүү максатында жаткырылган деп жоромол кылышууда.

Түштүк Африкада табылган адамзаттын байыркы түрү бүгүнкү адамдын дене турпаты, акыл-эси кантип калыптанганын аныктоого чоң салым кошот деп ишенишет илимпоздор.

XS
SM
MD
LG