Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Индия: «Кызыңды корго! Кызыңа билим бер!»


Индиядагы Чхат фетивалы.
Индиядагы Чхат фетивалы.

Индиянын Уттаракханд штатынын 132 кыштагында акыркы үч ай ичинде бир да жолу кыз төрөлгөн эмес. Бийлик мунун себебин иликтеп жатат.

Индия гендердик тең салмактуулук сакталбай, аялдар кириптер болгон кылмыштар арбын өлкө катары белгилүү. Мындан төрт жыл мурда Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди «Beti Bachao, Beti Padhao» («Кызыңды корго! Кызыңа билим бер!») деген жалпы элдик өнөктүк баштаган.

«Азаттыктын» орус кызматы премьер муну менен түйүлдүктүн жынысына карап бойдон алдыруу түшүнүгүнөн арылууну көздөгөнүн баяндайт.

Бирок өкмөт башчынын бул кайрылуусун калың эл кулак сыртында калтырган сыяктанат. Буга быйыл Уттаракханд штатындагы гендердик тең салмактуулуктун бузулганы рекорддук көрсөткүчкө жеткени айкын мисал болуп берди.

Индия.
Индия.

Айрым маалыматтарга караганда 132 кыштак отурушташкан бул штатта быйыл жайында 2160 ымыркай төрөлсө, анын баары эркек балдар болгон. Адистер кыздардын төрөлбөй жатканы тууралуу түрдүү божомолдорду айтып келишет.

Алар курсактагы баланын жынысын билген соң бойдон алдырышат же кыз төрөлүп калса расмий каттатпай коюшат деген жүйөнү айтышат. Ал тургай айрымдары түйүлдүктүн кыз экенин билгенден кийин баласынан арылуунун тымызын жолун издеши мүмкүн. Мунун баары жергиликтүү бийликтин макулдугу менен ишке ашат.

2017-2018-жылкы демографиялык изилдөөдө 63 миллион индиялык аял дайынсыз жоголгону көрсөтүлгөн. Индия коомундагы кыз балага карата катаал мамиледен улам, ачкадан, сууктан, кыйноодон, оорудан жана жөнөкөй эле тазалыктын жоктугунан каза тапкан аялдарды жергиликтүү бийлик статистикада «дайынсыз жоголгондорго» кошуп коёт.

Болжол менен өзүнүн үй-бүлөсү «каалабайт» деп саналган аялдардын саны 21 миллиондун тегерегинде. Мындай аялдар өп-чап тамактанат, билим алуу, саламаттыгын сактоо мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген.

2011-жылы жүргүзүлгөн жалпы элдик каттоодо Индиянын калкы 1 млрд. 367 миллиондон ашуун деп көрсөтүлгөн. Ар бир 1000 өспүрүм эркек балага 919 кыз киши туура келген. Ал эми 2001-жылы 1000 эркек балага 927 кыз деп эсептелген. Ошондо бүгүнкү күндө Индияда канча кыз бар деген суроо ачык бойдон калды.

Индиянын өкмөтү акыркы 20-30 жыл ичинде бир катар жаңы мыйзамдарды кабыл алып, жалпы элдик өнөктүктү ишке ашыруу менен калктын аң-сезимин жогорулатып, бул маселени чечүүнүн аракетинде.

Үйүнө кайтып келаткан индиялык аял.
Үйүнө кайтып келаткан индиялык аял.

Маселен, 1994-жылы чыккан жаңы мыйзамга ылайык кош бойлууга жана анын үй-бүлөсүнө дарыгерлер атайы аппарат менен түйүлдүктүн жынысын билип берүүгө укугу жок.

Ошондой эле илимий-технологиялык жетишкендиктерге жана ачылыштарга байланыштуу (Pre-Conception and Pre-Natal Diagnostic Techniques Act) «Бойго бүтүү жана түйүлдүккө диагностика жүргүзүү ыкмалары жөнүндө» мыйзамга жаңы түзөтүүлөр киргизилген.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модинин расмий сайтында бийлик мыйзамдын сакталышына көзөмөлдүү күчөтүүгө, калкка кабардар кылыш үчүн жалпы элдик иш-чараларды жүргүзүүгө, ошондой эле индиялык аялдардын укуктарын коргоого маани берери айтылат.

«Азаттыктын» стажеру Зинаида Алмазбекова

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG