Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Индонезияда цунамиден жүздөгөн киши өлдү


23-декабрга түнү жанар тоо атылгандан кийинки суу толкунунун бийиктиги үч метрге жеткен.
23-декабрга түнү жанар тоо атылгандан кийинки суу толкунунун бийиктиги үч метрге жеткен.

Индонезияда 22-декабрь күнү кечинде жанар тоо атылгандан кийинки цунами жүздөгөн адамдын өмүрүн алды.

Өлкө бийлиги кабарлагандай, акыркы маалыматтарда 373 киши көз жумуп, дагы 1400 адам жаракат алган. Мындан тышкары кеминде 120 адам дайынсыз болууда. Бийлик өкүлдөрү курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертип жатат.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо элге көңүл айтып, мамлекеттик органдарды кырсыктын кесепеттерин мүмкүн болушунча тез арада жоюуга буйрук берди. Ал дүйшөмбү күнү цунамиден эң көп жабыркаган Ява аралынын Пандегланг аймагына барды:

Жоко Видодо.
Жоко Видодо.

- Мен курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырам. Азыркы учурда ар бир адам сак жана сергек болушу шарт. Биз элди көчүрүү иштерин улантып, каза болгондорду алып чыгып жатабыз. Жаракат алып ооруканага жеткирилгендер да көзөмөлдө.

Индонезиянын Метеорология, климатология жана геофизика агенттигинин окумуштуулары цунами өлкөнүн Ява жана Суматра аралдары ортосундагы кысыкта Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам пайда болду деп болжолдоп жатышат. Жекшембиге караган түнү жанар тоо атылгандан кийинки суу толкунунун бийиктиги үч метрге жеткен.

Жергиликтүү Рустина аттуу балыкчы толкун каптаган учурду мындайча сүрөттөдү:

- Мен али өзүмө келе албай жатам. Түндө биз балык уулоого камынып, шаймандарыбызды чогултуп жатканда күтүүсүздөн толкун келип басып калды. Биз үй-бүлөбүз менен качып жөнөдүк.

Кырсыктын кесепети.
Кырсыктын кесепети.

Күбөлөрдүн айтымында, бийиктиги үч метрге жеткен толкун күтүүсүз келгендиктен элдин көбү качууга үлгүргөн эмес. Суматранын түштүк жээгиндеги жана Ява аралынын батыш тарабындагы жүздөгөн үйлөрдү, мейманканаларды жана башка имараттарды толкун жууп кетти. Куткаруучулар урандылардын арасынан тирүү калгандарды издөө иштерин улантууда. 12 миңдей адам башка жерлерге көчүрүлдү.

- Биз армиянын баарынан: жоокерлерден, деңиз аскерлеринен жана авиациядан көмөк алып жатабыз. Ошондой эле полиция да жардам берүүдө. Куткаруу иштери уланып жатат. Биздин маалыматыбыз боюнча кесепеттер абдан оор. Бардык имараттар ураган, биз курмандыктарды табуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз, - деди Куткаруу кызматынын өкүлү Тулус Приханторо.

Индонезияда быйыл сентябрда да жер титирөөдөн кийинки цунамиде 2500 адамдын өмүрү кыйылган. Президент Жоко Видодо цунамини алдын ала эскерте турган заманбап системаны иштеп чыгууга убада берди.

Цунамиден кийинки куткаруу иштери.
Цунамиден кийинки куткаруу иштери.

Индонезияда цунами көп кайталанат. 2004-жылдын 26-декабрында зилзаладан кийинки цунами Инди океандын айланасындагы 13 мамлекетке, анын ичинде Индонезияга, Шри-Ланкага, Индияга, Таиландга сокку урганда 230 миң киши каза тапкан.

Индонезия: цунами 300дөй адамдын өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG