Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Бийлик маалымат саясатын колго алат


Президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына барган журналисттер. 24-декабрь, 2015-жыл
Президент Алмазбек Атамбаевдин жылдык маалымат жыйынына барган журналисттер. 24-декабрь, 2015-жыл

Президенттик аппарат өлкөнүн маалыматтык саясат концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түздү.

Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов 27-январда кол койгон буйрукка ылайык, 16 кишиден турган эксперттик-жумушчу топ өлкөнүн маалымат саясаты боюнча концепциясын төрт ай аралыгында иштеп чыгышы керек.

Бул комиссиянын башында турган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун айтымында, адистер азыркы шартта маалымат жыйноонун жана таратуунун күңгөй-тескейи камтылган долбоорду даярдашат:

- Жумушчу топко сөз эркиндигинин талаптарын бузбай, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздук эрежелерин сактоону эске алуу менен, 1-июнга чейин улуттук маалымат мейкиндигин өнүктүрүү жагы жүктөлөт.

Маалымат саясаты боюнча концепцияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко Алмаз Үсөновдон тышкары өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Назира Ахмедова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, президенттик аппараттын жетекчисинин кеңешчиси Султан Жумагулов, ошондой эле Улуттук банктын, Байланыш агенттигинин, Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчилери, андан тышкары журналисттер Динара Сүймалиева, Азамат Тынаев, Наталья Любезнова, ошондой эле бейөкмөт уюмдардан Таттуу Мамбеталиева менен Бегайым Үсөнова кирген.

Журналист жана медиа эксперт Азамат Тынаев анын ысмы бул жумушчу топтун курамына киргизилгенин жаңылыктардан окуганын айтат. Анын оюнча, буга чейин жазылган ушул сыяктуу концепциялар иштеп кеткен эмес.

- Мен жумушчу топко киргенимди өзүм билген эмесмин. Негизи менин бул концепцияга каршылыгым жок. Маалыматтык саясат бүт өлкөлөрдө кабыл алынат, иштейт. Бирок, негизи мен ушул сыяктуу документтерди көп окубайм. Мага окшогондор эл арасында көпчүлүктү түзөрүнө 100% ишенем. Бул эми кызыкчылык жоктугунан эмес, мындай документтер кагаз жүзүндө кала берээринен улам. Тарых бизди үйрөтүп жатат. Бул сөз жүзүндө кала берет. Эгер бийлик чыныгы иштеп кетет турган концепция кабыл алабыз десе, жумушчу топко дагы кесипкөй журналисттерди киргизүү керек.

Ал эми "Прогресс" коомдук фондунун башчысы Адил Турдукулов бийликтин концепция иштеп чыгуу сунушунун артында саясат жатат деп шектенет жана аны жумушчу топтун курамы да канааттандырбайт экен:

- Мурунку жылы терроризм менен күрөшөбүз деген шылтоо менен көптөгөн басылмаларды, саясатчыларды көзөмөлгө алуу аракети болду. Ошол сыяктуу эле бул концепция аркылуу да учурда элдеги социалдык чыңалууну басууга аракет болот деген пикир бар. Экинчи жагынан, ошол эле жумушчу топко киргендер көбүнчө бийликке көз каранды адамдар жана бийликтин ишине сын таккандан алыс эксперттер тандалып алынган. Алар бийликтин айрым мыйзамсыз аракеттерине көз жумуп койгон адамдар.

Кыргызстанда буга чейин да бир нече жолу маалыматтык саясат боюнча мамлекеттик документтерди кабыл алуу сунушталып, талкуулар болгон.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG