Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Гаүзер: Француздар кыйын маалда бекем турабыз


Француздар аза күтүүдө, 16-ноябрь, 2015
Француздар аза күтүүдө, 16-ноябрь, 2015

Францияда 13-ноябрдагы кандуу чабуулдардан кийин өзгөчө кырдаал киргизилди. Бордо шаарында жашаган, Борбор Азия элдеринин маданиятын иликтеген илимий борбордун жетекчиси Давид Гаүзер өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу телефон аркылуу учкай айтып берди.

"Азаттык": Давид мырза, ушундай маалда убакыт таап, "Азаттыкка" маек куруп берүүгө макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Үрөй учурган кандуу окуялардан кийин француздардын жалпы маанайы кандай?

Гаүзер: Ушул тапта француздар аза күтүүдө, 132 киши каза тапты, 350 киши жарадар, анын ичинде токсондойу өтө оор абалда ооруканада жатат. Француздар кыйын маалда өз ара колдоо көрсөтүп, аза күтүп, чогуу сыйынып, бири-бирине жөлөк болуп атышат. Чак түштө өлкө боюнча каза тапкандарды эскерип, аза күттүк.

Албетте, адамдар мындай алааматка даяр эмес болчу, түшкө кирбеген нерсе болду го. Ооба, буга чейин биздин бийликтегилер өлкө терроризмге каршы согуш ачты, кооптонуу бар деп эскерткени менен ушундай күчтүү чабуул катар-катары менен болот деп ким ойлоптур?! Эч кимдин оюна келбеген, эч ким күтпөгөн иш болду.

Францияда өзүңөр билгендей көп улут, ар кыл динди тутунгандар жашайт. Жеке эле биз эмес жалпы эле европалык өлкөлөргө бул чабуулдар кооптонуу жаратты. Анткени дүйнөнүн бардык тарабында, анын ичинде Европада радикал исламчылар жараткан коркунучтар күчөп баратпайбы.

"Азаттык": Франциянын жетекчилиги өлкө “Ислам мамлекети” менен согушуп жатканын билдирди. Карапайым калк муну кандай кабылдап жатат?

Гаүзер: Мындай аза күтүп, кайгырып турган маалда биз өз бийлигибизди колдойбуз. Ошол эле учурда мага окшоп ойлогондор аз болсо дагы, терроризм менен күрөшүүдө Орусиянын жардамысыз жана Сириядагы азыркы режимди колдоосуз мүмкүн эмес деген пикирдегилер дагы бар. Албетте, Башар Асаддын режими зордукчул экенин биз билебиз, бирок ошол эле учурда Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Батыш өлкөлөрү Гитлерди жеңүү үчүн Сталин менен бириккенин эстен чыгарбасак. Мына азыр дагы эл аралык коалиция Орусиясыз исламчыл террористтерди жеңе албашы мүмкүн деп айтаар элем. Андыктан дүйнө ушул тапта дагы биригиши керек.

"Азаттык": Франциянын премьер-министри жаңы чабуулдарга даяр турушубуз керек деп эскертти. Бул элди дүрбөлөңгө салбай элеби, карапайым француздардын күндөлүк жашоосунда эмне өзгөрдү?

Гаүзер: Эл муну кадимкидей түшүнүү менен эле кабыл алды. Албетте, карапайым эл Сириядагы согуштун масштабын толук билбеши мүмкүн, бирок мындай кезде өлкөдөгү бийликтин саясатын колдошот. Маселен, биз жашаган Бордо шаарында чукул кырдаал киргизилген. Дүкөндөрдө, мектептерде, ишканалардын кире беришинде элдин баарын текшерип атышат.

Кечээтен бери өлкө башка кырдаалга өткөнүн баарыбыз түшүнөбүз. Ал тургай жергиликтүү деңгээлде дагы кандайдыр бир чаралар киргизилүүдө, ишембиден тарта биз башка режимдеги жашоого өттүк. Азыр биз исламчыл терроризм деген көрүнбөгөн душманга каршы согушка кирдик, муну француздар толук түшүнөт. Ошондой эле андай душмандар азыр биздин арабызда жүргөн болушу мүмкүндүгүн дагы аңдайбыз.

"Азаттык": Францияда мусулмандар жалпы калктын 7-8% түзөт эмеспи. Алар бул күндөрү өздөрүн кандай сезип жатышат?

Гаүзер: Албетте, алар ушул тапта өтө оор абалды баштарынан кечирүүдө. Француз мусулмандардын 90% мындай теракттарга каршы туруп, ислам кан көгүүгө жол бербестигин айтышат. Ошол эле маалда мусулман эмес француздар аларды жектеши мүмкүн деген кооптонуу дагы бар. Мындай учурда баарыбыз биригишибиз керек.

Франциядагы мусулмандар мындай теракттардын биринчи курмандыгына айланышат, анткени радикалдар алар тутунган исламдын бетине көө жабууда. Андыктан бийликтер бул багытта туура чара көрө башташты. Маселен, имамдарды туура окутуу, радикал мүнөздөгү мечиттерди жаап, башкаларында эмне окутулуп жатканын көз сала баштады. Мурда мындай чаралар жок эле.

Терроризм деген дүйнөлүк коркунучту орустар, француздар, кыргыздар – дүйнө эли, баарыбыз биригип гана жеңе алабыз.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG