Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:02

«Атамбаевдин кайтып келиши кыйын»


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев жаңы президенттин инаугурациясында, Бишкек, 24-ноябрь, 2017-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын айланасындагы соңку окуялар тууралуу Кыргызстандагы коррупциянын табиятын иликтеп жүргөн швециялык окумуштуу, Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл «Азаттыкка» ой бөлүштү.

«Азаттык»: - Йохан мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптадагы атайын операциянын экинчи күнүндө кармалганы белгилүү. Ага эми «Киши өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген сыяктуу оор айыптар тагылууда. Ушуну менен Кыргызстандагы мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы карама-каршылык соңуна чыкты десе болобу?

Йохан Энгвалл: - Мындай айыптардан кийин Атамбаев кайра кайтып келет деп айтыш кыйын. Бул анык. Бирок ортодогу эрегиш «короздордун кармашындай» эле болду. Бирөө да бурулуп кетпей, бири-бирин көздөй кагышууга бет алышты.

Атамбаев жөнүндө айтсам, ал өлкөдө андай деле чоң колдоого ээ эмес. Анын реформаларды жүргүзө албаганы, коррупция бийликтин жогорку бутактарына чейин жеткени көпчүлүктүн көңүлүн калтырган. Мындай маанайга анын кадр саясаты, өзүнүн жансакчылары менен айдоочуларына мамлекеттин маанилүү функцияларын тапшырып койгону да себеп болду. Ошентсе да анын ишенимдүү тарапташтарынын чакан тобу бар. Анын тарапкерлери 2005- жана 2010-жылдардагы ыңкылаптарда алдыңкы сапта жүргөнү белгилүү.

Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл.
Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл.

Экинчиден, анын мүнөзүнө да көңүл бурушубуз керек. Кандайдыр бир диагноз койбой туруп айтсак, анын жеке мүнөзү көпчүлүк адамдардыкындай эмес. Жеңүүчү болуш үчүн эле бүтүндөй мамлекетке зыян келтирүүгө даяр турган адам менен кармашуу өтө опурталдуу болчу. Аны кармоого аракет кылардан мурда дал ушул жагдай эске алынышы керек эле. Андыктан эгер мен Кыргызстандын жараны болсом, Атамбаевди кармаш үчүн мындай буйрук берилгени мени абдан өкүндүрмөк.

Анын үстүнө операциянын биринчи күнүндө Жээнбековдун Ысык-Көлдө эс алып жүргөнү анын лидерлик милдети тууралуу суроолордун жаралышына себеп болду. Ал учурда операциянын сырдуу болгону, президенттин да, премьер-министрдин да унчукпай турганы да ушундай суроолорго түрткү берди.

Жалпысынан тарых кайталанып жатат деп айтар элем. Албетте, Атамбаев жана анын кезинде Жээнбеков өзү да мүчө болгон командалаштарына айып койсо болот. Бирок Жээнбеков мурдагы президенттер Акаев, Бакиев жана Атамбаев сыяктуу эле саясий жана ишкерлик элитаны тазалаш үчүн кошоматчы сот системасын колдонуп жатат. Мунун өзү жалпы системанын ишинде фундаменталдуу өзгөрүүлөр болбой жатканын ишарат кылат.

«Азаттык»: - Атамбаев жана анын тарапташтары бул окуяларды мурдагы президентке каршы саясий куугунтук катары мүнөздөсө, Жогорку Кеңештин депутаттары жана президент Жээнбековдун жактоочулары Атамбаевди жоопко тартып, адилеттикти орнотуу аракети деп сыпаттап жатышат. Сиз бул окуяларга, өлкөдө түзүлгөн кырдаалга кандай аныктама берер элеңиз? Бул бийлик үчүн күрөшпү? Же бийликти бекемдөө аракетиби? Же чынында адилеттикти орнотууну көздөгөн кадамбы?

Йохан Энгвалл: - Бул абдан татаал маселе. Мен бул тууралуу өзүмдүн китебимде да жазгам. Коррупция мамлекеттик системанын өзөгүнө айланган шартта сот реформасы сыяктуу чоң өзгөрүүлөр жасалбаса, жемкорлук менен күрөшүү абдан кыйын. Бардык адамдарды түрмөгө камай албайсың. Ар бир адамга кандайдыр бир айып койсо болот.

Бирок, албетте, Атамбаев президент болуп турган кезиндеги көп кылмыштар үчүн күнөөлүү болушу мүмкүн. Анын түрмөгө түшүшүн жана адилеттик орношун көздөгөн адамдар да жок эмес. Азыркы жетекчиликтин бул маселе боюнча «элдин талабын аткарабыз» деген кадамын да түшүнсө болот.

Бишкектин чекесиндеги 8-августта болгон окуялар.
Бишкектин чекесиндеги 8-августта болгон окуялар.

Бирок алдыда айтканымдай, тарых кайталанып жатат. Мурдагы президенттер да коррупция боюнча айыпталганын билебиз. Андыктан чоңураак масштабдан караганда бул окуялардын баары мамлекетти алысты көрө албаган саясаттын туңгуюгуна кептеп коюп жатат. Натыйжада Жээнбеков да президенттик мөөнөтү аяктаганда ушул сыяктуу бутага алынышы толук ыктымал. Андыктан коррупциянын, камоо менен коштолгон бул сыяктуу окуялардын чынжырын бузуп чыгуу кыйын болот.

«Азаттык»: - Өткөн жумада Атамбаевди кармоо операциясынан кийин айрым орус эксперттери Кыргызстанды «сомалилешкен өлкө», «жолу болбогондордун мамлекети» деп атап чыгышты. Кыргызстандагы соңку окуяларды эл аралык коомчулук кандай кабыл алууда?

Йохан Энгвалл: - Мен көбүнчө Кыргызстандагы жергиликтүү маалымат каражаттарын окуп жаттым. Швецияда болсо бул окуяларга анча көңүл бурулган жок. Албетте, башка эл аралык маалымат каражаттары жазып жатышты. Бирок аларда Кыргызстандагы окуяларды чынында болгондон да кеңирирээк масштабда берүүгө аракет кылышканын байкоого болот.

Өткөн аптадагы окуяларды өлкөдө анча колдоого ээ болбогон мурдагы президенттин аргасыз кадамы катары мүнөздөсө болот. Бирок «Кыргызстан согуштун же жарандык жаңжалдын босогосунда турат» деген сыяктуу сөздөр көбүртүп-жабыртуу гана болду.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери кирип келе жаткан учур.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери кирип келе жаткан учур.

Кыргызстанда бир нерсе мени таң калтырат. Албетте, кыска мөөнөттөн алып караганда бул сыяктуу кейиштүү окуялар, карама-каршылыктар өлкөдөгү туруктуулук жана экономика үчүн жакшы эмес. Ооба, Бишкек шаарында Атамбаевди кармоо операциясы маалында башаламан кырдаал түзүлдү. Бирок көп өтпөй жашоо өз нугуна түшүп калды.

«Азаттык»: - Кыргызстан бийликти тынч жол менен, шайлоо жолу менен өткөрүп берүү салтын калыптандырууга аракет кылып келет. Бирок азыркы жана мурдагы президенттердин эрегиши, ошондой эле Атамбаевдин кармалышы бул саясий салтка кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Йохан Энгвалл: - Менимче, бийликтин тынч жол менен өткөрүлүп берилиши жана демократиялык институттардын бекемделиши жагынан алып караганда Атамбаевдин бийликтен кеткенден кийин артын ойлобогон кадамдарга барганы өкүнүчтүү болуп калды. Ал бул карама-каршылыкты эки тарапты тең туңгуюкка кептеген деңгээлге жеткизип койду. Бул жагынан айрымдар кырдаалга Атамбаевдин ойлонбой кылган иши гана себеп болду деп ойлошу мүмкүн. Бирок мындайды башка президенттердин учурунда да көргөнбүз. Эки мурдагы президент өлкөнүн сыртында жашап жатат.

Өлкөдө коррупция системанын бир бөлүгү экенин эске алганда ири реформалар, анын ичинде сот тармагында реформа болбосо, көмүскө иштер кийинчерээк Жээнбековдун өзүнө каршы деле колдонулушу мүмкүн. Мындай жагдай президенттерди кийин өзүн коргой турган чечимдерди кабыл алууга түртөт. Бул өз кезегинде авторитардык климаттын калыптанышына жол ачып коюшу ыктымал. Албетте, бул коооптуу жагдай.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG