Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Лещенко: Манафорт Кыргызстан аркылуу акчасын жашырган


Депутат, иликтөөчү журналист Сергей Лещенко.
Депутат, иликтөөчү журналист Сергей Лещенко.

АКШда финансылык кылмыштар боюнча айыпталып жаткан, он жылдан ашык Украинада иштеген политтехнолог Пол Манафорт менен анын кызматташынын 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстанга келгени тууралуу кабар дале талкуу жаратууда. Бул жаңылык ачыкка чыкканга чейин Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, иликтөөчү журналист Сергей Лещенко Манафорт украин аткаминерлеринен алган төлөмдөрүнүн изин Кыргызстан аркылуу жашырып келгенин айткан. Лещенко Манафорттун Кыргызстандагы болжолдуу изи тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: - “Проект” басылмасы Пол Манафорт менен анын кызматташы Константин Килимник Кыргызстанга келип, Орусиянын кызыкчылыгын, анын ичинде Американын базасын жабуу маселесин алга сүрөшкөнүн жазып чыкты. Буга чейин Манафорттун ишмердигин изилдеген адам катары бул жаңылык сизди таң калтырдыбы ?

Сергей Лещенко: - Бул мен үчүн жаңылык эмес. Себеби, мен Манафорт [Украинадагы] Аймактар партиясы менен келишимдеринде кыргыз юрисдикцияларын колдонгонун билем. Анын ичинде Манафорттун Киевдеги кеңсесинде табылган документтер көрсөткөндөй, ал кайсы бир суммадагы акчаны Белиздеги офшордук компаниянын Кыргызстанда ачылган банк эсеби аркылуу алган.

Бул [Украинанын мурдагы президенти Виктор] Янукович менен анын коррупциялашкан жогорку бийлик өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөмдөр болгон. Башкача айтканда, Кыргызстан кандайдыр бир жол менен мындай финансылык транзакцияларга байланышы болгон.

Константин Климник (солдо көк көйнөкчөн) Пол Манафорттун командасында. 2006-жыл
Константин Климник (солдо көк көйнөкчөн) Пол Манафорттун командасында. 2006-жыл

“Азаттык”: - Манафорттун жана анын кызматташынын Кыргызстанга барганы же алардын бул өлкөдө “Манас” аба базасын жабуу сыяктуу маселелерди алдыга сүрөгөнү тууралуу буга чейин уккан белеңиз?

Сергей Лещенко: - Жок, тилекке каршы, мен бул тууралуу эч нерсе билбейм. Бирок ал кардарларынын көзүнө карабай заказ ала бергенин эске алганда ошондой болсо деле таң калбайм.

“Азаттык”: - Алдыда айтып өткөнүңүздөй, былтыр сиз "Манафорт менен мурдагы украин президенти Виктор Янукович Кыргызстан аркылуу акчанын изин жашырганын көрсөтөт" деген документтерди коомчулукка жарыяладыңыз эле. Ал документтер кайдан колуңузга тийген жана алар канчалык ишеним жаратат?

Сергей Лещенко: - Ал документтерди мага кезинде Манафорттун Киевдеги кеңсеси жайгашкан имаратты ижарага алган адамдар беришкен. Алар бул документтерди Манафорт имараттан көчүп кеткенден кийин таап алышкан. Анан бул иш менен алектенген адам катары ал документтерди мага беришкен. Мен аларды ФБРге берип, коомчулукка ачык жарыялагам.

“Азаттык”: - 2009-жылга таандык ал документтерде Белизде катталган "Neocom Systems Limited" аттуу компаниянын Кыргызстандагы “АзияУниверсалБанкта” эсеби болгону, ал аркылуу Манафорт тарапка 750 миң доллар которулганы көрсөтүлгөн. Мындай транзакциялардан кыргыз тарап канчалык кабардар болгон?

Сергей Лещенко жарыялаган документтерде "АзияУниверсалБанктагы" эсеп көрсөтүлгөн.
Сергей Лещенко жарыялаган документтерде "АзияУниверсалБанктагы" эсеп көрсөтүлгөн.

Сергей Лещенко: - Менимче, транзакциялар электрондук төлөм катары кеткен. Накталай акча болсо Украинадан башкарылган. Кыргызстан мындай шектүү махинациялар үчүн база катары колдонулган. Себеби ал акча которулган банк кийин банкрот болуп, анын ишмердиги иликтөөгө алынбадыбы. Мен билгенден ал убакта украин олигархтары Кыргызстанды арам акчаны адалдоо үчүн колдонгон.

“Азаттык”: - Манафорттун ишмердиги тууралуу сиздин пикирди сурай кетейин. Ал Украинада он жылдай иштеп, мурдагы президент Януковичтин жана анын Аймактар партиясынын штабдарын жетектегени маалым. Анын Украинадагы негизги ишин кандай мүнөздөйт элеңиз? Эгер ал постсоветтик чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да иштеген болсо, ал жерлерде кандай иш менен алек болмок?

Сергей Лещенко: - Манафорт кардарларын такыр ылгачу эмес. Ал болгону ким көп төлөсө, ошого иштечү. Кардарларынын аброю үчүн же кардарлары алга сүрөгөн идеология үчүн кабатыр болчу эмес. Ал Украина үчүн өлкөдөгү ажырымдын, тил, дин боюнча ажырымдын картасын ойногон зыяндуу саясий технолог болду.

"Украина Евробиримдик менен болобу же Орусиянын Бажы Биримдиги менен калабы?" деген маселени да козгоду. Анын технологиясы - коомчулукту бөлүп-жарып, анын эсебинен өз талапкерине шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү алып барууга жол ачуу болгон. Андай технологиялар Америкада да колдонулган. Эгер ал Кыргызстанда иштеген болсо, саясий технологияларга болгон мамилесин ал жерде өзгөртүп жиберген деп ойлобойм.

Пол Манафорт АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган учур, 17-июль 2017-жыл.
Пол Манафорт АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабын жетектеп турган учур, 17-июль 2017-жыл.

“Азаттык”: - Пол Манафорт ага АКШда коюлган финансылык кылмыштар боюнча айыптардын баарын четке кагып жатат. Анын өкүлдөрү сиз былтыр ачыкка чыгарган документтердеги маалыматтарды да четке кагышкан. Сиз бул документтерди жарыялаардан мурда Манафортко байланышууга аракет кылганыңыз тууралуу да сөз болгон. Сиз буларга эмне дейсиз?

Сергей Лещенко: - Мен аны менен эч качан байланышкан эмесмин. Алар жалган билдирүүлөр болчу. Манафорт менен эч качан жазышкан эмесмин жана жеке байланышым жок болчу.

“Азаттык”: - Бул документтерди ачыкка чыгарууда сиздин максатыңыз эмне?

Сергей Лещенко: - Украина үчүн коррупциялашкан украин бийлиги жана олигархтары чет өлкөлүк кеңешчилерге чоң акча төлөп жатканын, бийликке келип Украинаны тоноп жатканын, өлкө үчүн сезимтал карталарды пайдаланып ойноп жатканын көрсөтүү маанилүү.

Америка үчүн кайсы жерде болбосун, ар бир мыйзам бузуу ал адам бийликке канчалык жакын болбосун жазаланарын көрсөтүү маанилүү. Мыйзам буздуңбу, түрмөгө отурушуң керек. Бул маселе Украина, АКШ жана бүтүндөй дүйнө үчүн маанилүү прецедент.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG