Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Иран: Зилзала эки жүздөн ашуун адамдын өмүрүн алды


Иран -- Зилазалага кабылган аймактын тургундары, 12-август, 2012.
Иран -- Зилазалага кабылган аймактын тургундары, 12-август, 2012.

Иранда ишембидеги эки жолку жер титирөөдөн ажал тапкандардын саны эки жүз кишиден ашканы кабарланууда.

Ишембиде эки ирет болгон жер силкинүүсүнөн ажал тапкандар саны расмий өкүлдөрдүн соңку маалыматына карата 227 адамды түздү, дагы 1380 киши жаракат алды.

Ички иштер министри Мостафа Мохаммад Нажардын журналисттерге айтканына караганда, издөө-куткаруу иштери аяктады. Эми негизги көңүл аман калгандарды азык-түлүк, башпаанектөөчү жай менен камсыздоо маселесине бурулууда:

- Куткаруучулар бул чукул кырсыкка абдан жакшы жооп беришти. Жакшы иштешти жана оор жумушту аткарышты. Президенттин кризис учурундагы өкүлү катары мен аларга ыраазылык билдермем, - деди министр Мостафа Мохаммад Нажардын куткаруучулардын иши кубаттап.

Ал кошумчалагандай, зилзала аймагында жайгашкан 600дөй кыштактын жарымы зыян тарткан. Кеминде 16 миңдей киши башпаанектөөчү жайга чукулунан муктаж болуп турат.

Мурдарак Ирандын аймагында ишембиде катары менен эки ирет болгон зилзаладан бери дегенде 250дөй киши ажал таап, 1800 киши жаракат алганы кабарланган.

Тегеран университетинин сейсмологиялык борборунун кабарына караганда, зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 6,2 баллды түзүп, очогу Тебриз шаарынан алтымыш чакырым аралыкта орун алган.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, Ирандын аймагындагы бул жолку жер силкинүүнүн алгачкысынын күчү 6,3, андан кийинкиси 6,4 баллга жеткен.

Иран өзү сейсмикалык жактан опуртал аймакта жайгашкан. 2003-жылы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Бам шаарында зилзаладан 25 000 адамдын өмүрү кыйылган болчу.

Жер силкинүүнүн күчү коңшу Армениянын борборунда да сезилип, Ереванда айрымдар үйлөрүнөн көчөлөргө чуркап чыгышкан.

Армян бийликтери баштапкы маалыматтар боюнча, зилзаладан олуттуу зыян болбогонун билдиришти. Ирандагы зилзаланын күчү Азербайжанда да сезилген.



Ирандагы зилзаладан сүрөт баян

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG