Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Иран менен алтылык тарыхый келишимге жетишти


P5+1 менен Ирандын өкүлдөрүнүн Венадагы сүйлөшүүсү, 13-июль, 2015
P5+1 менен Ирандын өкүлдөрүнүн Венадагы сүйлөшүүсү, 13-июль, 2015

Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасы корутунду келишимге жетишкенин Ирандын өкүлдөрү менен батыш дипломаттары кабарлашты.

“Биздин оор жумушубуздун акыбети кайтты, макулдашууга жетиштик” -деп билдирди шейшемби күнү Reuters агенттигине атын атагысы келбеген ирандык дипломат.

Associated Press батыш дипломаттарынын бирине шилтеме берүү менен сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары соңку талаш маселелерди чечип, бир пикирге келгенин билдирди.

Зариф Венада дүйшөмбү күнү АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини менен бир сааттан ашык сүйлөшкөн.

АКШ өкмөтү болсо тараптар азырынча бир канча маанилүү пункттар боюнча мунаса таба албай жатканын билдирди. Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Вашингтондо журналисттерге буларды айтты:

- Сүйлөшүүлөрдө “реалдуу прогресс” болду, бирок айрым бир маанилүү маселелер калып жатат. Бул үчүн Ирандын жетекчилиги олуттуу чечимдерди кабыл алышы керек, - деген Ак үйдүн өкүлү эгер тараптар бул күнү да келише албаса, мунасага жетүү үчүн дагы кыска убакыт керектигин кошумчалаган.

Ошондой эле Американын делегациясы сүйлөшүүлөр бүтмөйүн Венадан кетпеси кабарланды.

Тараптар тил табыша албай жаткан башкы маселе – Ирандын Тегеранга каршы киргизилген курал боюнча эл аралык эмбаргону токтоосуз алып салуу талабы болуп жатканы айтылууда. Бул талапка азыр алтылыктын ичинен Орусия гана макул.

Мунун алдында кечээ Ирандын президенти Хасан Роухани ядролук сүйлөшүүлөр боюнча телекөрсөтүү аркылуу элге кайрылуу жасары айтылып, атүгүл анын сааты да белгиленген эле. Бирок бул кайрылуу да жасалган жок. Кийинчерээк өкмөттүк “Ирна” маалымат агенттиги президент тараптар келишимге жетишкен соң гана кайрылуу менен чыгарын кабарлады.

Корутунду келишимге жетишүү мөөнөтү буга чейин үч жолу артка жылып, акыркысы 12-июлга белгиленген эле.

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнү дүйнөнүн алты державасы: Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Германия жүргүзүүдө. Эгер тараптар жаңы келишимге жетишсе, Тегеран ядролук программасынын негизги бөлүгүнөн баш тартат жана бул үчүн өзгөчө мунай экспортун бутага алган санкциялар жеңилдетилмекчи.

Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы талашка 12 жылдан ашты. Жогоруда аталган алты чоң держава Тегеран ядролук программасын согуш максатында пайдаланышы мүмкүн деп кооптонот. Иран болсо өз кезегинде атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып жүрөт.

Бул сүйлөшүүгө эми бүгүн чекит коюлуп, тараптар корутунду келишимге жетишүүсү күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG