Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

Иран: миллиардер өлүм жазасына кесилди


Ирандык миллиардер Бабак Занжани
Ирандык миллиардер Бабак Занжани

Ирандык миллиардер Бабак Занжани мамлекеттик компаниялардын мунайын чет өлкөгө сатып, түшкөн кирешени кайтарбаганы үчүн өлүм жазасына тартылды.

Анын тарапташтары бул иш боюнча мурдагы аткаминерлер жоопко тартылбай жатканына нааразы.

Тегеран сотунун чечими 6-мартта чыккан. А 8-мартта Ирандын юстиция министри Мустафо Пурмухаммади Занжани мамлекет менен кызматташса, ага карата өкүм кайра каралышы ыктымалдыгын билдирди.

Занжани Ирандан батыштын санкциясы алына элек учурда миллиарддаган долларлык мунайды санкцияларды аттап, сыртка саткан деп айыпталууда. Айыпкер болсо муну ошол кездеги бийлик, тагыраагы Ахмединежаддын өкмөтүнүн тапшырмасынын негизинде, Араб Эмираттары, Түркия жана Малайзиядагы ишканалар аркылуу ишке ашырганын мойнуна алган.

Ал сатылган мунайдан түшкөн 2,7 миллиард евронун 160 миллионун гана кайтарып, калганын менчиктеп алган. “Биз банкка акча түшкөндө гана Занжани кызматташып жатат деп айта алабыз” деди юстиция министри Пурмухаммади жоголгон акча кайтса гана өкүм жумшарарын кыйытып.

Ал эми мурдараак Занжанинин адвокаттары Ирандан батыш санкциялары алынмайынча ал акчаларды кайтаруу мүмкүн эместигин айтып келишкен. Санкциялар болсо, январдын ортосунда алынган.

Тегерандагы сотко такай көз салып турган ирандык журналист Ораш Хасаннио Занжанинин тарапташтары ошол кездеги тиешелүү аткаминерлер сот жообуна тартылбай жатышына нааразы дейт:

- Анын тарапташтары Ахмединежаддын өкмөтүндө иштеген кээ бир аткаминерлердин бул иштеги ролуна соттун көңүлүн бурдургусу келип атат. Алар бул коррупциялык схемага Ахмединежаддын төрт министри жана Борбордук банктын төрагасы да аралашканын айтышууда. Занжани ошолор кол койгон документтерди колдонуп ишин жүргүзгөн, бул чоң чынжырдын бир бөлүгү болгон. Анан эмнеге эми сотто ошолордун да аттары аталбайт деп суроо коюшууда.

Ошол эле учурда журналист Хасаннио бул иш өтө кыйтыр жасалып, айыпкер миллиардер мурдагы бийликтин былыгы үчүн садага чабылып жатканын эксперттер белгилешүүдө дейт:

- Чынында бардык иштер акыр аягы келип Занжани айыпка жыгылып, калганы суудан кургак чыга тургандай жасалган дешет. Ошон үчүн кээ бирлер ошол кездеги аткаминерлер да жоопко тартылышын талап кылышууда. Алар жоопко тартылмак тургай сотто аттары да аталган жок.

Бул иште Тажикстан бийлигинин да аты чыгууда. Сот өкүмүнө удаа эле бир катар ирандык аткаминерлер Занжани Тажикстанга 600 миллион долларга чейин акча салганын, андагы таасирдүү адамдар менен байланышы бардыгын айтып чыгышкан. Алтургай Kont group Tajikistan, Коntgroup investment, Asian Express Terminal, Asian Express Airline жана Kont tourism Tajikistan аттуу компаниялар аныкы деп жүрүшөт. Булардын айрымдарынын ачылышына ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен чогуу катышкан болчу.

Арийне, тажикстандык эксперт Рустам Саидов "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде бул жүйөлөрдү жомок деп атады:

- Занжанинин Тажикстанга салган капиталы 30 миллион доллардан ашпайт. Анын үстүнө азыр ал каражаттын ээлери да башка. Бирок ал Тажикстанда мамлекеттик унааны пайдаланып, кымбат ресторандардан тамактанчу. Анын Инстаграмдагы бир нече сүрөттөрүнөн Дүйшөмбү менен Дубайда тажик сулууларынын курчоосунда, зер буюмдар толгон сумкалар менен жүргөнүн көрүүгө болот.

Занжанинин байлыгы 13,5 миллиард долларга бааланат. Ал 2013-жылы декабрда Хасан Роухани бийликке келгенде кармалган.

XS
SM
MD
LG