Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Иранда бийлик студенттерден коркот


Иранда студенттердин саясий активдүүлүгү дайыма жогору болгон
Иранда студенттердин саясий активдүүлүгү дайыма жогору болгон

Иранда президент Ахмединежадга каршы демонстрация күчөшү мүмкүн деген кооптонууларга карабай, бүгүн университеттерде жаңы окуу жылы башталды.

22 жаштагы Амир быйыл июндагы президенттик шайлоонун алдынан Иранда адамдарды оппозициялык талапкер Мир Хусейн Мусавиге добуш берүүгө үндөп келген. Шайлоо өтүп, кайра эле Ахмединежад жеңгенде, Амир нааразылык билдирип, көчөгө чыкты.

Сентябрдын башында Амирди университеттен бир жылга чыгарып салышты. Ирандагы реформисттик маанайдагы студенттердин уюмунун кабарына караганда, Амирге окшогон 200дөй студент окуу жайлардагы тартип бөлүмдөрү, соттор жана Чалгын министрлиги тарабынан суракка алынган.

Айрымдар окуудан айдалды. Кеминде үч студент камалды. Калгандарды “демонстрацияга катышпагыла” деп эскертишти. Бул өңдүү окуялар өлкөнүн борбору Тегеранда, анан Масхад, Исфахан жана башка шаарларда орун алган.

Бабол университетинде окуган сегиз студент шайлоодон кийинки демонстрацияларга катышканы үчүн камалды, беш жылга университеттин эшигин аттай албай турган болушту.

Реформист студенттердин бирикмесинин лидерлеринин бири Мехди Арабшахи “Азаттыкка”айтканына караганда, бийликтер ушинтип студенттерди коркутканга аракет кылып жатышат.

“Бийликтер “студенттердин оозу жабылса эле, университет тынчып калат” деп ойлошот, - дейт ал. - Бирок негизги реформист саясатчыларды камаганда, коом тынчып калган жок го. Тетирисинче, дүрбүдү. Студенттерге кысым улана берсе, университеттер да оозун ачып отура бербейт”.

Өткөн аптада Иранда президент Ахмединежадка каршы өткөн демонстрация бул ислам республикасында жогорку окуу жайлардын ачылышы менен кайрадан каршылык күчөй тургандыгы жөнүндө белги бергенсиген.

Демонстранттар: “Университеттер ачылган күнү кайра жандануу күчөйт!”, - деп кыйкырып жатышкан эле.

Реформист студенттердин бирикмеси жакын арада университеттердеги факультеттерге аскер жетекчилери декан болуп бекитиле башташы деле мүмкүн дешет.

Негизи, Иранда университеттер саясий активдүүлүктүн очогу катары көптөн бери эле таанылып келгендиктен, дайыма мамлекеттин басымы астында болуп келди. Окуу жайларга көзөмөл 2005-жылы Махмуд Ахмединежад бийликке келгенден кийин мурдагыдан бетер күчөтүлгөн.

Акыркы жылдары Ахмединежаддын саясатын катуу сындагандардын ичинде студенттер көп болду. Президент болуп шайлангандан бир жыл өткөндө, Махмуд Ахмединежад Амир Кабир университетине барган. Президентти студенттер “Диктаторго өлүм!” деген кыйкырыктар менен тосуп алышты. Ахмединежадка каршы ачык нааразылык ушундан башталган.

Азыркы режимге карата студенттик каршылык июндагы шайлоодо, андан кийин да улантылып, Тегеранда жана башка шаарлардагы студенттик жатаканаларда кагылышуулар да болду. Бир топ адам жаракат алып, кеминде беш киши өлгөнү да кабарланган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG