Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Трамп: Ирандын эли ачык жана эркин келечекке татыктуу


АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Нооруз майрамын белгилегенэлдерге жасаган кайрылуусунда Иранды ачык жана эркин келечек курууга чакырды.

“Кошмо Штаттардын атынан мен тынчтыкка үндөгөн, кубанычка толгон Нооруз майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бүгүнкү күн эркиндик жана төбөлсүздүк ар дайым зулумсуздукту жана кара өзгөйлүктү жеңерин дагы бир жолу эсибизге салып отурат», -деген Трамп коронавирус тууралуу үн каткан жок.

Иранда ушу тапта бул илдетке 20 миңге чукул адам чалдыгып, 1,5 миңдейи көз жумду. Пандемиядан улам быйыл Нооруз Иранда жылдагыдай белгиленбейт.

АКШ президенти өз бийлигине каршы көтөрүлгөн ирандыктар тууралуу айтып жатып, алар үчүн өткөн жыл «тарыхый» болгонун белгилей кетти.

2019-жылдын ноябрь айында расмий Тегерандын мунайдын баасын көтөрүү чечимине каршы өлкөнүн жүздөй шаар-кыштактарында ири толкундоолор болгон. Аларды бийлик күч менен баскан.

XS
SM
MD
LG