Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Иракта бир күндө он митингчи окко учту


Ирактын баш калаасы Багдаддагы наарызылык акциясында жараат алгандар, 7-ноябрь 2019-жыл.
Ирактын баш калаасы Багдаддагы наарызылык акциясында жараат алгандар, 7-ноябрь 2019-жыл.

Иракта соңку бир сутка ичинде он демонстрант күч кызматкерлеринин огунан каза тапты. Өлкөнүн бир катар шаарларында өкмөткө каршы нааразылык акциялары токтобой жатат.

Ирактын коопсуздук күчтөрү Багдаддын борбордук бөлүгүндөгү Шухада көпүрөсүнүн жанына чогулган демонстранттарды таркатуу үчүн курал колдонду.

Нааразылык билдиргендер жолдогу тосмолору алып, өкмөттүк имараттар жана элчиликтер жайгашкан "Жашыл аймакка" өтүүгө аракет кылышты. Бирок күч түзүмдөрү алардын алдынан тосуп чыкты. Бейшемби күнкү окуяда алты адам окко учуп, кеминде 35и жабыркады.

- Өкмөт менен биздин ортобузда дубал турат. Коопсуздук күчтөрү бизге дубалдын жогору жагынан ок атып жатат. Биз кагылышкан жокпуз. Бул эл аралык мыйзамга каршы келет, - деди демонстранттардын бири Ихссан Тамими.

Ушул эле күнү мунайга бай Басра шаарында да демонстранттарга ок атылып, андан төрт кишинин өмүрү кыйылды. Коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу Ирактын түштүгүндөгү шаарчаларда, анын ичинде Умм-Каср портунда да болду.

Багдаддагы "Жашыл аймакка" жакын жерге чогулган демонстранттар, 4-ноябрь 2019-жыл.
Багдаддагы "Жашыл аймакка" жакын жерге чогулган демонстранттар, 4-ноябрь 2019-жыл.

Иракта октябрдын алгачкы күндөрүндө башталган толкундоолор бир нече убакытка токтоп, 25-октябрда кайрадан жаңы күч менен жанданган. Бийлик коменданттык саат киргизгени менен майнап чыккан жок. Бир айдан ашык убакыттын ичинде куралсыз демонстранттарды кууп таркатуу маалында 260тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Митингчилер мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдиришүүдө. Ошондой эле демонстранттардын көбү чет өлкөлөрдүн, өзгөчө Ирандын Ирактагы таасирин сынга алып жатат.

4-ноябрга караган түнү Иракта шиит мусулмандары үчүн ыйык деп эсептелген Кербела шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккандар Ирандын консулдугуна чабуул коюшкан. Демонстранттар имараттагы Ирандын желегин кулатып, анын ордуна Ирактын туусун илип салышкан. Кагылышта кеминде үч адам өлүп, ондон ашык киши жараат алган.

Өткөн аптада Ирактын президенти Бархам Салех демонстранттардын талаптары боюнча үн катып, премьер-министр Адел Абдул Махди анын ордуна ылайыктуу талапкер табылганда гана кызмат кетиши мүмкүндүгүн айтты. Ошондой эле курал-жарак күч түзүмдөрүнүн гана колунда болушу керек экенин белгиледи.

1-ноябрда Ирактын баш калаасында орун алган кагылышуу.
1-ноябрда Ирактын баш калаасында орун алган кагылышуу.

- Иракта өкүм сүрүп жаткан мындай кырдаалда өкмөт жана анын институттары курал-жаракты мыйзамсыз тараптардын эмес, мамлекеттик түзүмдөрдүн гана колунда кармоого катуу аракет кылышы керек. Куралдар мамлекеттин колунда турмайынча, туруктуулук жана тынчтык болбойт, - деп билдирди Ирактын президенти Бархам Салех.

Ири мунай өндүрүүчүлөрдүн катарына киргени менен Иракта калктын 20 пайызга жакыны жакырчылыкта жашайт. Жаштар арасындагы жумушсуздук 25 пайызга жетет. Өкмөт токтото албай жаткан демонстрациялар премьерлик кызматка бир жыл мурда келген Махди үчүн олуттуу сыноо катары каралууда.

Ошондой эле бул толкундоолор Иракта 2017-жылы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу талкалангандан берки эң туруксуз кырдаал катары да мүнөздөлүп жатат. Демонстранттар талаптары аткарылмайынча көчөгө чыга берерин билдиришүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG