Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:20

Иран Вашингтон менен сүйлөшүүгө даяр


Мындай билдирүүнү Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи жасады.
Мындай билдирүүнү Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи жасады.

Тегеран атомдук программасына байланышкан кризисти Вашингтон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө талкуулоого даярдыгын айтып, бирок айрым шарттар бар деди.

“Өкүнүчтүүсү, биз сүйлөшүүлөргө келгенде, каршы тарап өз милдеттенмелерин көз жаздымда калтырып коёт. Бул маселени талкуулоо үчүн АКШ менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн бизди эч нерсе кармабайт, - деди Мюнхендеги коопсуздук конференциясына катышып жаткан Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи

Бирок Вашингтон калыс жана реалдуу ниети менен келүүгө тийиш, - деп кошумчалаган министр АКШ карама-каршылыктуу позициясынан баш тартууга тийиш деди:

- АКШ сүйлөшүүлөргө бараарын айтып, ошол эле кезде бардык жолдор, анын ичинде күч колдонуу же санкцияларды киргизүү күн тартибинде кала берүүдө деген коркутуп-үркүтүүгө негизделген риториканы кайталоо менен карама-каршы позицияны ээлеген. Кысым көргөзүү жана диалогду улантууга үндөөлөр бири-бирине каршы келет.

Ишембиде Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байден ошол эле жыйында Вашингтондун Тегеран менен тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ирандын атомдук программасын талкуулоо сунушун кайталаган.

Салехинин айтымында, сүйлөшүүлөргө катышып жаткан 6 держава 25-февралда Казакстанда кезектеги айлампага чогулууну Иранга сунушташты.

Бирок Тегерандын бул сунушка көнүп көнбөгөнүн министр тактаган жок.

Ал эми Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Михаэл Манн сүйлөшүүлөрдүн эмки айлампасын өткөрүү сунушу тууралуу буларды айтты:

- Биз февралдын акыркы жумасында Казакстанда жолугушууну сунуш кылдык. Ирандыктар буга чейинки сунуштарды кабыл албай койгон. Андыктан тышкы иштер министри Али Акбар Салехинин аны бышыктаганын угуу кубанычтуу. Ирандын сүйлөшүүлөргө катышкан делегациясы да муну тастыктайт деп ишенебиз, - деди “Азаттыктын” Иран кызматына Манн.

Ирандын атомдук программасынан келип чыккан кризис Мюнхен конференциясынын өзөгүн түздү. Ишембиде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров талашты дипломатиялык жол менен чечүү керектигин белгиледи.

Германиянын тышкы мекемесинин жетекчиси Гвидо Вестервелле болсо соңку 12 айда кризисти жөнгө салууда олуттуу ийгиликке жетишилбегенин айтып, 2013-жылы бул маселеде алга жылууга үндөдү.

Жыйынга Европа Биримдиги, АКШ, Орусия жана башка өлкөлөрдөн 400дөй жогорку дипломаттар менен коргоо тармагындагы расмий адамдар катышты. Алар Ирандын атомдук программасынан тышкары Сирия жана Малидеги кырдаалды талкуулашты. Күн тартибине ошондой эле Түштүк-Чыгыш Европа менен Кавказдагы стабилдүүлүк жана коопсуздук маселелери киргизилген. Конференция жекшембиде жыйынтыкталды.

XS
SM
MD
LG