Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:03

Ирандагы толкундоону иш таштоолор коштоду


Ирандагы акциялардын биринде тартылган сүрөт.
Ирандагы акциялардын биринде тартылган сүрөт.

Иранда бийликтин демонстрацияларга каршы эскертүүсүнө карабай өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, иш таштоо болду.

Социалдык желеге тараган видеолордо өлкөнүн түрдүү шаарларындагы толкундоолорду көрүүгө болот. 2-ноябрдагы демонстрациялар Ислам революциясынын сакчылары корпусунун командачысы Хуссейн Саламинин “29-октябрь - тополоңдун акыркы күнү” деген эскертүүсүнө карабастан өттү.

Твиттерде Vahid Online деген ат менен белгилүү серепчи жарыялаган видеолордо Ирандагы нааразылык акцияларына чыккандардын бийликке каршы чечкиндүү маанайы байкалып турат.

Бир тасмада коопсуздук кызматынын өкүлү демонстрацияга чыккан аялдарды уят сөз менен тилдесе, дагы биринде "мамлекетти коргоо үчүн балдарды да өлтүрүүдөн кайтпай турганын" билдирет.

Тегеранда адеп-ахлак полициясы “хижаб салынуу эрежесин бузганы” үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини абакта каза болгондон кийин башталган нааразылык толкуну өлкөнүн ар кайсыл аймактарында уланууда.

Жергиликтүү маалымат булактары 2-ноябрда Ирандын батышындагы Санандаж шаарында чогулган эл "Диктаторго өлүм!" деп ураан чакырганын кабарлады. Амини өскөн Ирандын батышындагы күрттөр жашаган аймактарга байкоо салган Kolbarnews тобу 2-ноябрда Санандаждын дүкөнчүлөрү жалпы иш таштоо баштаганын маалымдады.

Социалдык тармактарда өкмөттүн нааразылык акцияларына зордук-зомбулук менен жооп кайтарганын көрсөткөн видеолор тарап жатат. Ослодо жайгашкан Ирандын адам укуктары уюмунун белгилешинче, куугунтукта кеминде 277 адам, анын ичинде 40 бала каза болду.

Күрдистандын Адам укуктары тармагы жана Hengaw адам укуктары уюму 1-ноябрда Ирандын батышындагы Бане шаарындагы видеокөзөмөл камераларынан бир жаранды куралдуу коопсуздук күчтөрү атып салган учурду көрсөткөн видеону жарыялашты.

Өлкө түштүгүндөгү Шираз шаарында нааразылык акцияларында кармалган адамдардын кызыкчылыгын коргогон бир нече адвокат камакка алынды. Юрист Мустафа Нили кармалган жактоочулардын арасында Назанин Салари, Бахар Сахараян, Махмуд Тараватрой жана Амин Адел Ахмадиан бар экенин билдирди.

Махмуд Тараватрой менен Назанин Салариге май айынын башында Шираздын прокурору кылмыш ишин козгогон. Алар бахаи динин тутунгандардын укугун коргогону үчүн "улуттук коопсуздукка каршыларды колдогон" деп айыпталган.

Камактагы дагы бир активист - Хуссейн Ронагинин үй-бүлөсү анын саламаттыгына тынчсызданып жатат. 1-ноябрда Хусейндин атасы дээрлик бир жарым айдан бери абакта отурган уулу менен жолукканын айтып, баласы ачкачылык жарыялагандыктан ден соолугу начарлап баратканын билдирди. Активисттин атасы интернет аркылуу жасаган видеокайрылууда тергөөчү аны кемсинтип сүйлөп, уулун өлтүрөм деп үч жолу коркутканын белгиледи.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Ирандагы жарандык коомго карата ырайымсыз мамилени сындады:

"Биз унчукпай тура албайбыз, анткени коопсуздук күчтөрү тынч демонстранттарды кармап, кыйноого алып, атып жатышат. Ондогон жарандык активисттер, журналисттер жана юристтер камакта. Биз башка мүчө мамлекеттер менен бирге Иран Ислам Республикасын БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын курамынан чыгарууга аракет кылабыз. Гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын укуктарын кеңейтүү иши өз аялдарын жана кыздарын такай кысымга алган мамлекетке жүктөлбөшү керек".

Иран бийлиги эл аралык коомчулуктун талабына көп учурда жооп бербейт же Тегерандын дарегине айтылган сындарды четке кагат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG