Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02
Марко Рубио
Марко Рубио

Рубио АКШ тынчтык планы боюнча Ирандан “олуттуу сунуш” күтүп жатканын айтты

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.

Көңүл чордонунда:

  • 7-майда АКШнын Башкы башкармалыгы билдиргендей, Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында АКШнын аскер-деңиз кемелерине ракета, дрон жана чакан кайыктар менен чабуул койгондон кийин, Ирандын бир катар аскердик объектилерине сокку урду.
  • Ошол эле күнү БУУнун Эл аралык деңиз уюмунун башчысы билдиргендей, Иран Ормуз кысыгын блокадага алгандан кийин Перс булуңунда 1500дөй кеме жана алардын экипаждары камалып калган.
  • Иран акыркы АКШ сунушун карап жатканын билдирди. Айрым булактардын айтымында, бул сунуш согушту токтотууга багытталган, бирок бир катар негизги маселелер дагы эле ачык бойдон калууда.
17:52 28.2.2026
Тегеран. 2026-жылдын 28-февралы.
Тегеран. 2026-жылдын 28-февралы.

АКШ менен Израил Иранга каршы ири, координацияланган аба чабуулдарын жүргүзүп жаткан шартта Иранда интернет "дээрлик толук" өчүрүлүүдө.

Интернетти көзөмөлдөөчү NetBlocks уюмунун маалыматына караганда, 28-февралда өлкөдөгү байланыш кадимки деңгээлдин 4 пайызына чейин төмөндөп, аскердик операция күчөгөн сайын маалымат агымы кескин чектелип жатат.

Ирандын бир катар жаңылык сайттары, анын ичинде мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги анын алдында өлкө олуттуу киберчабуулга туш болгонун билдиришкен, интернет ошондон кийин жакшы иштебей баштаган.

NetBlocks ушундай эле абал былтыр Израил менен болгон 12 күндүк тирешүү маалында да катталганын, интернетти чектөө өкмөттүн чечими болушу толук ыктымал экенин белгиледи.

17:34 28.2.2026

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы операцияга байланыштуу америкалыктарга кезектеги кайрылуусун жасайт. Бул тууралуу АКШдагы саясий жаңылыктарды жазган Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равид билдирди.

Ал өзүнүн Вашингтондон жана өлкөнүн тышкы саясаты боюнча инсайдердик маалыматтары менен белгилүү кабарчы.

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралга караган түнү Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирген. Ал Truth социалдык түйүнүнө сегиз мүнөттүк кайрылуусун жарыялап, Израилдин Иранга сокку уруусуна АКШнын түздөн-түз катышы бар экенин билдирген.

"Америкалык аскерлер Иранда ири аскердик операция башташты. Биздин максатыбыз - Иран режими жаратып жаткан коркунучтарды жок кылуу менен Америка элин коргоо", - деди Трамп.

17:28 28.2.2026

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши АКШ менен Израилдин соккуларына "катуу жооп берилерин" убада кылганын, Иран эли "душманга" баш ийип бербейт деп ишендиргенин Би-би-си жазды.

Тегеран соккулар бул жолу да Вашингтон менен сүйлөшүү жараяны уланып жаткан кезде жасалганын баса белгиледи. Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө Израил менен АКШнын соңку аракеттери "коркоктук" жана "майдачылдык" деп аталды.

Иран бийлиги элге АКШ менен Израил аскердик операциясын Тегеранда жана башка шаарларда уланта бериши мүмкүн экенин эскертип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана, мүмкүн болсо, коопсуз аймактарга кетүүгө чакырды.

Ирандагы мектептер жана университеттер ишин белгисиз мөөнөткө токтотту, банктар жана мамлекеттик мекемелердин да иши чектелди.

17:16 28.2.2026
Линдси Грэм
Линдси Грэм

АКШнын улуттук коопсуздук саясатындагы таасирдүү адамдардын бири, Иранга карата катаал позицияны көптөн бери жактап келе жаткан республикачыл сенатор Линдси Грэм Иранга каршы соңку операцияны колдогон билдирүү таратты.

Ирандагы "канкор аятолланын режими жакында жок болот деген ойдо экенин" айткан Грэм:

"Бул операция жакшы пландаштырылган. Ал катуу, кеңири масштабдуу жана акыры ийгиликтүү болот деп ишенем".


Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG