Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жаңы каттамга макулдук берген жок

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


15:18 3.3.2026

Израил Ливандын түштүк тилкесиндеги турумдарын бекемдөөдө. Израилдик армиянын (ЦАХАЛ) 3-марттагы маалыматына караганда, мурда ээлеп турган беш позициядан тышкары алар Ливандын түштүгүндө ичкери аймакка өз аскерлерин жайгаштырганы жатат. Муну израилдик тарап "алдыңкы катардагы коргонуу стратегиясын бекемдөө" деп атоодо.

Маалыматта айтылгандай, чек арада, Израилдин түндүгүндөгү коопсуздукту бекемдөө максатында "Галилия" аймактык дивизиясынын аскерлери бир нече жерге жайгаштырылууда.

ЦАХАЛ Израилге карата жаралып жаткан коркунучту жок кылуу, өлкө аймагына кирүүнү алдын алуу үчүн "Хезболланын" инфраструктурасына "максаттуу сокку" уруп жатканын айтууда.

Анын алдында Израилдин Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин өлүмүнө алып келген чабуулуна жооп катары "Хезболла" Израилдин түндүк аймагына ракета жана дрон менен чабуул койгон. Чабуулдар түнү бою жана 3-марттын таңына чейин уланган.

13:40 3.3.2026
Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ менен биргеликте Иранга жасаган соңку соккуларынан кийин жалпы Жакынкы Чыгыш аймагы узакка созулган жаңжал абалда калат деген кооптонууларды четке какты. Бул тууралуу Politoco басылмасы 3-мартта жазды.

"Согуш үзгүлтүксүз уланат деп айтып жатышканын угуп жатам. Чексиз согуш болбойт. Бул тез жана чечкиндүү аракет болот жана биз алгач Иран элине өз тагдырын көзөмөлдөөгө жана демократиялык жол менен шайланган өкмөтүн түзүүгө шарт түзөбүз", - деди Нетаньяху.

13:30 3.3.2026
Жей Ди Вэнс
Жей Ди Вэнс

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Ирандын ядролук программасы боюнча жүрүп жаткан соңку сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө эмне үчүн учураганы тууралуу түшүндүрмө берип, буга америкалык расмий өкүлдөрдүн Тегерандын билдирүүлөрү "күмөн жаратууда" деген тыянагы түрткү болгонун билдирди. Бул, анын айтымында, президент Дональд Трампты “Эпикалык каардануу” деген операцияны баштоого мажбурлады.

2-мартта Fox News телеканалына курган маегинде Вэнс америкалык чабармандар, анын арасында Стив Уиткофф, Марко Рубио жана Жаред Кушнер Женевада Иран санкциялардын токтотулушу үчүн өзүнүн өзөктүк программасын чектейт дегенге багытталган атайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөнүн айтты.

Тараптардын сүйлөшүүсү уранды байытуу маселесине келгенде туңгуюкка кептелгенин айткан Вэнс эмне үчүн Иран жер астында 70 фут тереңдикте объектилерди куруп, уранды тынч максатта колдонуудан жогору деңгээлге чейин байытып жатканы тууралуу суроо койду.

«Ирандыктар медициналык изотоп өндүрүп жатышына эч кимдин каршылыгы жок. Маселе уранды өзөктүк курал жасоого жарактуу кылып байытуучу фабрикалардын бар экендигинде», — деди ал.

Вэнс Трамп Кошмо Штаттардын "так аягы жана анык максаты жок көп жылдаган жаңжалга" аралашуусуна мүмкүнчүлүк бербесин, Вашингтон үчүн Иранда туруктуу, АКШ менен кызматташууга даяр, достук мамиледеги режимдин болушу маанилүү экенин кошумчалады.

13:06 3.3.2026
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Сауд Арабиясындагы элчилигине жасалган чабуул жана америкалык аскер кызматкерлеринин өлүмүнө "жакында" жооп кайтарыларын айтты. Бул тууралуу ал NewsNation басылмасынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына караганда, Ирандагы операция башталгандан бери алты америкалык аскер кызматкери каза болуп, дагы 18и жаракат алды.

Мурдараак New York Post гезитине америкалык президент "эгерде зарыл болсо" Иранга АКШнын жөө аскерлерин жөнөтүү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги 3-мартта эртең менен Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына АКШнын Эр-Рияддагы элчилигине учкучсуз эки учак менен сокку урулганын, бир аз өрт болгонун жана анча-мынча материалдык залака келтирилгенин жазган.

Ал тапта Кошмо Штаттардын Кувейттеги элчилиги "аймакта уланып жаткан чыңалууга байланыштуу" жаңы маалыматтар чыкканга чейин жабык болорун маалымдады.


Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG