Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:23
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жаңы каттамга макулдук берген жок

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


12:47 3.3.2026

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) 3-мартта Ирандын борбору Тегеран менен Ливандын баш калаасы Бейрутка сокку урганын ырастаганын Би-Би-Си жазды.

“Учурда ЦАХАЛ бир эле маалда Тегерандагы жана Бейруттагы аскердик буталарга сокку урууда”, - деп жазылган билдирүүдө.

Соккулар израилдик аскерлер Бейруттун түштүк тарабындагы калктуу аймактарга жана ондогон айылга эвакуациялануу тууралуу “шашылыш эскертүүсү” берилгенден кийин жасалды.

ЦАХАЛ Иран бийлиги колдогон “Хезболла” тобуна тиешелүү кампаларды жана командалык борборлорду бутага алганын белгиледи.

Ушул эле күнү Ирандын мамлекеттик басылмалары АКШнын Бахрейндеги аскердик базасы Тегерандын ракеталык соккусуна кабылганын жазышты.

Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланышы бар Fars маалымат агенттиги жарыялаган тасмада ракеталардын толкуну алыскы буталарга сокку уруп жатканын көрүүгө болот.

Билдирүүдө Ислам революциясынын сакчылар корпусунун дрондор жана ракеталар менен жасаган чабуулу Бахрейндин Шейх-Иса районундагы авиабазанын командалык пунктун жана штаб имаратын талкалап, күйүүчү май кампаларынын жарылуусуна алып келгени айтылат.

АКШ бул соккулар тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек.

Мунун алдында Кошмо Штаттардын Бахрейндеги аскердик базасынын аймагын түтүн каптаганы байкалган. АКШнын Мамлекеттик департаменти Бахрейндеги жана Жакынкы Чыгыштын бир канча өлкөсүндөгү жарандарын тез арада чыгып кетүүгө чакырган.

АКШ менен Израил 28-февралда Ирандын аймагына жасаган аба соккуларда Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи, Коргоо кеңешинин катчысы Али Шамхани, коргоо министринин бригадалык генералы Азиз Насирзаде жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жетекчиси, генерал Мохаммад Пакпур өлгөнү ырасталган.

Ошондон бери жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуулун улантып жатат.

11:53 3.3.2026

АКШ аскерлери Иранда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башкаруу жана көзөмөлдөө пункттарын жок кылышты. Бул тууралуу 3-мартта Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта америкалык күчтөрдүн узакка созулган операцияларынын жүрүшүндө мындан тышкары Ирандын абадан коргонуу каражаттары, ракета жана дрон учуруучу жайлары жана аскердик аэродромдорду жок кылынганы айтылды.

"Биз Иран режими жараткан түздөн-түз коркунучтарга каршы чечкиндүү чара көрүүнү улантабыз", - деп билдирди АКШнын Борбордук командачылыгы.


11:24 3.3.2026

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Жакынкы Чыгыштагы операцияларын жетектеген борбордук командачылыгы 28-февралда АКШ менен Израилдин операциясы башталган учурда Оман булуңунда болгон Ирандын 11 аскер кемеси жок кылынганын кабарлады.

"Эки күн мурун Оман булуңунда Ирандын 11 кемеси бар болчу, азыр бирөө да жок", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Анда Ирандын режими "ондогон жылдар бою Оман булуңундагы эл аралык кемелерге чабуул коюп келген. Бул учур өттү" деп белгиленген ал. Билдирүүгө ирандык кемелердин бирине сокку урулган ыктымалдыгы тартылган тасма тиркелген.

Мекеме мурдараак Тегерандын Ирандын аскерлери америкалык кемени жок кылганы тууралуу маалыматын төгүндөгөн.

Naval News басылмасы буга чейин америкалык аскерлердин Оман булуңундагы Чах-Бахар пирсинде ирандык Jamaran классындагы корвети чөктүрүлгөнү тууралуу маалыматын тастыктаган.

АКШ президенти Дональд Трамп мурдараак ирандык он чакты кеме "деңиз тереңинде жатканын" билдирген. Ал Ирандын флотуна сокку уланарын белгилеген. Ирандык аскер-деңиз флотту жок кылуу АКШ операциясынын Ирандын ракета мүмкүнчүлүгүн басып, өзөктүк программасын үзгүлтүккө учуратуу максаттарынын бири катары аталган.

Иран бийлиги өлкөнүн аскер-деңиз күчтөрүнө келтирилген зыян тууралуу расмий маалымат берген жок.

10:49 3.3.2026

Израилдин аскерлери Ирандын мамлекеттик радио жана телекөрсөтүү мекемесинин башкы кеңсесине "сокку уруп, талкалаганын" айтып, аны "террористтик режимдин байланыш борбору" деп мүнөздөштү.

"Ирандын телерадиоберүү башкармалыгы көп жылдар бою Израил мамлекетин жок кылууга жана ядролук куралды колдонууга чакырып келген", - деп айтылды Израил армиясынын 2-мартта жарыяланган билдирүүсүндө.

"Бул борборду Иран режиминин күчтөрү жарандык ишмердүүлүк деген шылтоо менен өзүнүн аскердик аракеттерин ишке ашырууда колдонулган", - деп белгиленди маалыматта.

Көп өтпөй Израилдин коргонуу күчтөрү өлкөгө Ирандын жаңы чабуулдары башталганын билдиришти.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG