Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жаңы каттамга макулдук берген жок

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


16:26 3.3.2026

Ирандын Кызыл Ай коому Израил менен АКШнын соңку чабуулдарынан каза болгондордун саны 787ге жеткенин 3-мартта билдирди, бирок алар кимдер экенин тактаган жок. Бул уюм Иран өкмөтүнүн көзөмөлүндө иштейт жана мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Мекеме ошондой эле чабуулдарга Ирандын 153 аймагы кабылганын кабарлады.

Иран өкмөтүнүн өкүлдөрү билдиргендей, мерт болгондордун 165и Минаб шаарындагы кыздар мектебинин окуучулары. Алардын айрымдарын акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3-мартта да уланды. Расмий Тегеран көзөмөлдөгөн мамлекеттик маалымат каражаттары мектепте каза болгондор деп 57 ысымдан турган тизмени жарыялашты.

АКШ да, Израил да кайсы бир мектеп соккуга кабылганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирүүдө.

Иран бийлиги бул чабуул үчүн аталган эки өлкөнү айыптап, эл аралык юридикалык деңгээлде соттук териштирүү жүргүзө турганын айтууда.

16:16 3.3.2026

Американын президенти Дональд Трамп Британияны кайрадан сынга алып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле «мурункудай эмес» экенин билдирди.

Израил менен АКШнын Иранга каршы алгачкы соккуларына Лондон катышпаганы боюнча The Sun басылмасынын суроосуна жооп берип жатып, Трамп Америка Жакынкы Чыгышта аскердик операция жүргүзүү үчүн Британияга муктаж эмес экенин айткан.

Ошол эле учурда ал Британиянын премьер-министри Кир Стармер «жардам берген жок» деп белгиледи.

Трамп муну менен катар Франция жана Германияны ишенимдүү өнөктөштөр катары мактап, «азыр Европада башка өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледебиз» деп кошумчалады.

Стармер 1-мартта АКШга Британиянын аскер базаларын коргонуу мүнөзүндөгү соккулар үчүн пайдаланууга уруксат берерин жарыялаган. Бирок бул базалар Иранга каршы алгачкы чабуулда колдонулган эмес.

Британиянын өкмөт аралык байланыштар боюнча министри Даррен Жонс Лондон мындай кырдаалдарда эл аралык өнөктөштөр менен макулдашып жана так укуктук негиз болгондо гана кадам таштай турганын билдирди.

2-мартта Стармер «менин милдетим Британиянын улуттук кызыкчылыгына эмне туура келерин аныктоо» деп белгилеген.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынган.

Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку урду. Мунун натыйжасында жаңжал Израил–Иран тирешинен кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучун жаратты.

15:56 3.3.2026

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы 3-мартта Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) талкаланган командалык борборлору жана базалары деген сүрөт, видеолорду жарыялады.

2-мартта америкалык аскерлер ИРСКнын аскердик башкаруу жайлары, командалык борборлору жана базалары жок кылынганын билдирген.Мекеме тараткан маалыматта америкалык күчтөрдүн узакка созулган операцияларынын жүрүшүндө мындан тышкары Ирандын абадан коргонуу каражаттары, ракета жана дрон учуруучу жайлары жана аскердик аэродромдорду жок кылынганы айтылган.

Ал тапта 3-марттын таңында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын Бахрейндин Шейх-Иса районунда жайгашкан авиабазаларына "учкучсуз учак жана дрон менен масштабдуу чабуул койгонун" жарыялады. Расмий IRNA маалымат агенттиги ИРСКга таянып учкучсуз учактардан 20 даана, ракеталардан үчөө учурулганын, "базанын башкы командалык пункту" жок кылынганын жазды, бирок эч кандай далил келтирген жок.

15:34 3.3.2026

Омандын Дукм шаарынын аймагы Ирандын дрон чабуулуна кабылды. Бул тууралуу 3-мартта Омандын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги билдирди.

Дрон менен Дукм портундагы мунай сактоочу жайга сокку урулганы белгилүү болду.

"Чабуулдун кесепетинин жайылышына жол берилген жок, эч ким жабыркаган жок", - деп билдирди агенттик.

Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы өзөктүк сүйлөшүүлөргө Омандын дипломаттары ортомчу болуп жаткан. Бул өлкөгө сокку буга чейин урулган эмес болчу, 1-мартта ирандык эки дрон Дукм портуна чабуул койгон. Ошондой эле Мусандам жарым аралынан болжол менен беш деңиз милясы аралыкта жайгашкан танкерине да ок атылган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG