Кошмо Штаттар Иранга каршы операциясынын максаттарын жарыялады
Ак үй АКШнын Израил менен биргеликте Иранга каршы жүргүзүлүп жаткан операциясынын төрт пункттан турган максаттарын атады.
АКШ администрациясы "Эпикалык каардануу" (Operation Epic Fury) операциясынын максаттарын жарыялап жатып: "Америка жеңет. Террористтик Иран режими жеңилет" деп белгиледи.
Маалыматта айтылгандай, биринчи максат - "Иран режиминин ракеталарын жок кылуу", экинчиси - "алардын деңиз флотун жок кылуу", үчүнчүсү - "алардын террористтик өкүлдөрү мындан ары дүйнөнүн туруктуулугун буза албасын камсыз кылуу" жана төртүнчүсү- "Иран эч качан ядролук куралга ээ боло албасын камсыз кылуу".
Ирандын борбор калаасы Тегерандагы Эвин абагында камакта отургандардын айрымдары белгисиз жакка чыгарылып кеткенин 3-мартта аталган жайда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан студент Мустафа Мохаммед Хасандын жубайы билдирди.
Анын айтымында, негизинен 209-бөлүмдөгүлөр эвакуация болду. Бул бөлүм саясий туткундардын көбү кармалган жай.
Укук коргоочулардын көңүл буруусу талап кылынып жатканын белгилеген аял камактагылар "гуманитардык оор абалда" калганы болушу ыктымал экенин белгиледи.
Шариф атындагы технологиялык университеттин философия илими кафедрасынын аспиранты Хасан камакка өткөн айда алынган.
Иранда өткөн жылдын соңунда башталып, бир нече апта уланып, январда күч менен басылган нааразылык акцияларынан кийин бул өлкөдө миңдеген адам камакка алынган. Укук коргоочулар АКШнын жана Израилдин соңку операцияларынан кийин Эвин абагында камакта жаткан саясий туткундардын абалына тынчсыздануусун билдирип жатышат. Алардын айтымында, камактагыларга азык-түлүк жана дары-дармек жетишсиз болууда.
"Түрмөнүн башкаруусу үзгүлтүккө учурады. Кызматкерлер эшиктерди кулпулап, байкоо камераларын жаап салышты, абактагы дүкөнгө кирип, күнүмдүк зарыл буюмдарды сатып алуу мүмкүн болбой жатат. Эвиндин аялдар жаткан бөлүгүндө тамак берилбей калды, бир аз нан гана берип коюшат", - деп билдирди Наргес Мохаммади атындагы фонд.
Ушундай эле абал Караж шаарындагы Кезел Хесар жана Решт шаарындагы Лакан абактарында да түзүлгөнүн камактагылардын жакындары билдирүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаганын, бирок ал «өтө кеч» деп жооп бергенин билдирди. Бул тууралуу ал 3-мартта Truth social социалдык тармагына жазды.
«Алардын абадан коргонуу күчтөрү, аскердик аба күчтөрү, деңиз күчтөрү жана жетекчилиги жок болду. Эми сүйлөшкүлөрү келип жатат. Мен “Өтө кеч!” дедим», — деп жазды.
Ал Иран өкүлдөрү сүйлөшүүнү качан сунуштаганын тактаган жок.
Трамп 2-мартта The Atlantic басылмасына берген интервьюсунда Ирандын жаңы бийликтери сүйлөшүү ниетин билдирип, өзү да диалогго даяр экенин айткан эле.
"Алар сүйлөшүү ниетин билдиришти, ошондуктан мен алар менен сүйлөшөм. Мурдараак ошентишсе болмок. Эртерээк эле ыңгайлуу жана жеңил жагын эске алып сунуш кылышса болмок. Өтө узакка созулуп кетти", - деген эле Америка президенти.
3-мартка караган түнү Иранга таандык деген эки дрон менен Америка Кошмо Штаттарынын Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарындагы элчилигинин имаратына чабуул коюлду.
Бул маалыматты Сауд Арабиясынын Коргоо министрлиги X социалдык тармагы аркылуу ырастап, чабуулдан улам өрт чыкканын, имаратка материалдык зыян келтирилгенин билдирди. Сокку маалында имаратта киши болгон эмес.
Кошмо Штаттар менен Израилдин Иранга каршы операциясы башталганына төрт күн болду. Иран жооп иретинде аймактагы АКШ аскер базалары жайгашкан коңшу мамлекеттерге сокку урууда. Алардын ичинде Кувейт, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиясы бар.
3-мартта Американын Кувейттеги элчилиги убактылуу жабылганын жарыялады. АКШнын Мамлекеттик департаменти Бахрейнден, Ирактан жана Иорданиядан айрым дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланып жатканын билдирди.
Ошондой эле америкалык жарандарга Жакынкы Чыгыштагы айрым өлкөлөрдөн мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүү сунушталды. Мындай өлкөлөрдүн катарына Израил жана башка мамлекеттер менен катар Египет да кирет.
Американын президенти Дональд Трамп NewsNation телеканалына курган маегинде Кошмо Штаттардын Сауд Арабиясындагы элчилигине болгон чабуулга жана америкалык аскерлердин өлүмүнө жооп кайтарыла турганын билдирди.
Кыргызстандын Эр-Рияддагы элчилиги АКШнын элчилигине жакын жайгашкан.
АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Сауд Арабиясындагы элчилигине жасалган чабуул жана америкалык аскер кызматкерлеринин өлүмүнө "жакында" жооп кайтарыларын айтты. Бул тууралуу ал NewsNation басылмасынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) маалыматына караганда, Ирандагы операция башталгандан бери алты америкалык аскер кызматкери каза болуп, дагы 18и жаракат алды.
Мурдараак New York Post гезитине америкалык президент "эгерде зарыл болсо" Иранга АКШнын жөө аскерлерин жөнөтүү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.
Ал тапта Кошмо Штаттардын Кувейттеги элчилиги "аймакта уланып жаткан чыңалууга байланыштуу" жаңы маалыматтар чыкканга чейин жабык болорун маалымдады.
Шерине