Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:59
Марко Рубио
Марко Рубио

Рубио АКШ тынчтык планы боюнча Ирандан “олуттуу сунуш” күтүп жатканын айтты

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.

Көңүл чордонунда:

  • 7-майда АКШнын Башкы башкармалыгы билдиргендей, Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында АКШнын аскер-деңиз кемелерине ракета, дрон жана чакан кайыктар менен чабуул койгондон кийин, Ирандын бир катар аскердик объектилерине сокку урду.
  • Ошол эле күнү БУУнун Эл аралык деңиз уюмунун башчысы билдиргендей, Иран Ормуз кысыгын блокадага алгандан кийин Перс булуңунда 1500дөй кеме жана алардын экипаждары камалып калган.
  • Иран акыркы АКШ сунушун карап жатканын билдирди. Айрым булактардын айтымында, бул сунуш согушту токтотууга багытталган, бирок бир катар негизги маселелер дагы эле ачык бойдон калууда.
15:16 23.3.2026

Израилдин чукул кырдаалдар кызматтары Ирандын Арад жана Димона шаарларына ракета чабуулунда жараат алгандардын саны 160тан ашканын кабарлады. Арасында оор жарадар болгондор дагы бар.

Маалыматтарга караганда Арадда 84, ал эми Димонада 78 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Иран ишемби күнү Израилдин түштүгүндөгү Димонадан 10, ал эми Араддан 30 чакырым алыс жайгашкан Өзөктүк энергетика илимий-изилдөө борборун бутага алган. Эки шаарда тең бир катар имараттар, турак жайлар жабыркаган. Илимий борбор эч нерсе болгон эмес.

Times of Israel басылмасы Израил армиясынын жетекчилиги ирандык ракеталар атып түшүрүлбөй калган жагдайды иликтей баштаганын жазды.

Иран Арад менен Димонага сокку урардын алдында Израил алардын Натанздагы өзөктүк объектисине чабуул жасаганын билдирген. Мындан көп өтпөй жергиликтүү телеканалдар расмий Тегеран Тель-Авивге жооп иретинде сокку урганын маалымдаган.

Израил армиясы Тегерандагы Малек-Аштар өзөктүк университеттик борбору бутага алынганын ырастаганы менен Натанздагы чабуул тууралуу комментарий берген эмес.

16:07 9.3.2026

9-мартта Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине дээрлик 120 долларга чейин жетип, кийин кайра төмөндөдү. Ал эми West Texas Intermediate (WTI) үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 119 долларга жетти. Бирок соода учурунда ал да бир аз артка чегинди. Ошого карабастан дүйнөлүк рынокто кара майдын баасы 100 доллардан төмөн түшкөн жок.

Мунай баасынын кескин өсүшүнө Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшү себеп болду. 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы операция баштаган. Ага жооп катары Иран айланасындагы өлкөлөрдүн инфраструктурасына жана аскердик объектилерине сокку урууда. Дем алыш күндөрү АКШ менен Израил Тегеранга кайрадан сокку урган.

Дүйнөлүк мунай ташуунун маанилүү бөлүгү болгон Ормуз кысыгын Иран бөгөттөп салды.

Дүйнөдөгү мунайдын болжол менен 20% ушул кысык аркылуу өтөт. Азыр ал жерде миллиондогон баррел мунай жана суюлтулган газ кармалып турат.

Кысыктагы кырдаалга байланыштуу Бириккен Араб Эмирликтери менен Кувейт мунай өндүрүүнү азайтарын билдиришти. Буга мунай менен газды сатып алуучуларга жеткирүү мүмкүн болбой жатышы жана аны сактай турган жайлардын жетишсиздиги себеп болууда.

Серепчилердин айтымында, эгер Ормуз кысыгы марттын аягына чейин жабык бойдон калса, мунайдын баасы баррелине 150 доллардан да ашып кетиши мүмкүн.

Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акырындык менен өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов айткан. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көбүнчө тышкы факторлорго, анын ичинде дүйнөлүк мунай рыногундагы кырдаалга көз каранды.

15:59 9.3.2026

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери болуп тандалган Можтаба Хаменеиге байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал Times of Israel басылмасына берген маегинде Трамптан бул тууралуу сурашканда, ал кыскача гана «эмне болорун көрөбүз» деп жооп берди.

Буга чейин ал 56 жаштагы Хаменеини «алсыз саясатчы» жана «кабыл алынгыс тандоо» деп атаган.

Можтаба Хаменеи атасы Али Хаменеинин ордун басты. Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен аба соккуларынан каза болгон.

Можтаба дайындала электе эле Трамп АКШ Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоого катышуусу керек экенин билдирген. Американын президенти ABC News телеканалына берген маегинде: «эгер ал [кийинки жогорку лидер] биздин батабызды албаса, анда ал узакка кармалбайт», — деген.

Times of Israel басылмасына берген ошол эле маегинде Трамп согушту качан токтотуу чечими Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кеңешүү аркылуу кабыл алынарын, бирок акыркы чечимди өзү «туура убакта» чыгарарын айтты.

«Менимче, бул орток чечим болот. Биз сүйлөшүп жатабыз. Мен туура убакта чечим кабыл алам, бирок бардык жагдайлар эске алынат», — деди ал.

Трамп ошондой эле эгер ал жана Нетаньяху бийликте болбогондо, Иран Израилди жок кылмак деп билдирди.

«Иран Израилди жана анын айланасындагы бардык нерсени жок кылмак. Биз чогуу иштедик. Израилди жок кылгысы келген өлкөнү талкаладык», — деп айтты ал.

Ак үйдүн маалыматына караганда, согуш алты жумага чейин созулушу мүмкүн. Бирок азырынча так мөөнөт белгилене элек.

15:56 9.3.2026

Кытай АКШ менен Израилдин Иранда жаңы жогорку лидер болуп дайындалган Можтаба Хаменеини бутага алышына каршы экенин билдирди.

«Бээжин кандай гана шылтоо болбосун башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө каршы. Ирандын эгемендиги, коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү урматталышы керек», - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гао Цзяцюнь 9-мартта.

Израил армиясы 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин ордуна ким келбесин куугунтуктоону улантарын билдирген. Мындай маалымат армиянын X социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG