28-мартта, ишембиге караган түнү Израил Тегеран жана Ирандын башка шаарларындагы буталарына сокку урууну улантканын Би-би-си жазды. Йемендеги хусилер согушка аралашып, Израилге эки ракета учурду. Ливанда "Хезболла" тобу менен байланышы бар журналисттер Израилдин соккусунан өлтүрүлгөн.
CNN жана Times of Israel гезити хусилер ишемби күнү кечинде Израилге эки ракета учуруп, алар атып түшүрүлгөнүн жазышты. Басылмалардын жазганына караганда, алар канаттуу ракета учурушкан.
Мындан сырткары хусилер Израил курортуна жана Кызыл деңизиндеги Эйлат портуна багытталган учкучсуз учактарды колдонушканын, алардын мизи кайтарылганын Times of Israel жана изралдик 12-канал жазды.
Ишемби күнү эртең менен хусилердин өкүлү Израилге карата баллистикалык ракеталардын тобу учурулганын, Израилге каршы операциялар “агрессия аяктаганга чейин” мындан ары дагы улантыларын жарыялады.
Бир топ маалыматтарга караганда, Тегеранда ишемби күнү ири жардыруулар болду.
Израилдин Коргонуу күчтөрү башка буталардын арасында Ирандын Деңиз өнөр жай уюмунун штаб-үйүнө сокку урганын билдирди. Мекеменин маалыматында бул концерн (Marine Industries Organisation) деңиз куралынын кеңири түрүн өндүрүп, иштеп чыгары жазылган. Концерн Европа биримдигинин, АКШ, Британия, жана башка өлкөлөрдүн санкциясына киргизилген. Ирандын бир нече бөлүгүндө анын заводу бар.
Иран 27-марттын кечинде Эр-Рияд шаарынан көп алыс эмес жерде жайгашкан АКШнын “Канзаада Султан” аба базасына чабуул койду. The New York Times жана The Wall Street Journal басылмалары атын атабаган расмий адамдарга таянып, кеминде 12 америкалык аскер жараат алганын, алардын экөөнүн абалы оор экенин жазды. Жоокерлер снаряд түшкөн учурда базадагы имараттын ичинде болушкан.
ЖМКлар бери дегенде бир ракета жана бир нече дрон менен сокку урулганын кабарлашты. Бир нече май куюучу учак зыян тарткан.
Ишемби күнү АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлү CBS News телеканалына жума күнгө карата аскердик операция башталгандан бери согушта 303 америкалык аскер жарадар болгонун билдирди. Алардын 273ү кайра катарга кошулган. Жараат алгандардын 75% мээси чайкалган, 10 аскер дале оор абалда.
Пентагондун расмий маалыматына караганда, Иранга каршы согуш башталган убактан бери америкалык 13 аскер каза болду.
28-февралда Израил менен АКШ Иранга каршы биргелешкен соккуларды баштаган. Анда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи да өлтүрүлгөн. Натыйжада аймакта кырдаал курчуп кеткен.
АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жатканын 25-мартта дагы бир жолу ырастады. Анын айтымында, Ирандын өкүлдөрү муну ачык айтуудан коркуп жатышат, анткени аларды «өз эли өлтүрүп коюшу мүмкүн».
«Айтмакчы, алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана келишим түзүүнү абдан каалашат. Бирок муну айтуудан коркушат, анткени өз эли өлтүрүп коюшу мүмкүн деп кооптонушат», — деди Трамп Конгресстеги республикачылар менен болгон кечки жыйында.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи: «Биз сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөбөйбүз», - деп билдирген. Ошол эле учурда ал Тегеран Пакистан аркылуу берилген АКШнын сунушун карап жатканын моюнга алган.
Трамп ошондой эле АКШ менен Израилдин соккулары Иранды "катуу талкалап жатканын" кошумчалады.
Мындан мурда Америка лидери Тегеран жеңилгенин моюнга алып, АКШ сунуштаган тынчтык шарттарын кабыл албаса, «тозоктун каалгасын ачууга» даяр экенин билдирген.
Израил менен АКШ 28-февралда Иранга каршы чабуул баштаганда ал өлкөнүн өзөктүк дараметин азайтууну да көздөшкөнүн билдиришкен. Буга жооп катары Тегеран Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан мамлекеттерге абадан чабуул коюп жатат.
Төрт жумага аяк баскан согушта Иранда 1400дөй адамдын өмүрү кыйылганын укук коргоочулар билдирип жатышат. Так санды эч бир тараптан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.
Дүйнөдөгү интернеттин абалын көзөмөлдөгөн NetBlocks уюмунун маалыматына ылайык, Иранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 600 сааттан ашты. Өлкөдө 26 күндөн бери дүйнөлүк желе жок.
«Бул чара жарандарды эл аралык тармактардан ажыратып, согуш маалында маалымат алуу укугун бузууда», — деп билдирди NetBlocks 25-мартта X социалдык тармагы аркылуу.
Жыл башынан бери Иранда интернет экинчи жолу өчүрүлдү. Алгач 8-январда өлкө боюнча нааразылык акциялары күчөгөн учурда үзүлгөн.
Учурда интернет трафиги кадимки деңгээлге салыштырмалуу 1% чейин төмөндөп, 90 миллионго жакын калктын басымдуу бөлүгү толук маалымат ала албай калды.
VPN же спутниктен алынган интернет да барган сайын чектелип, аларды колдонуу ирандыктар үчүн кооптуу болуп бара жатат.
Шерине