АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) америкалык аскерлер коргонуу максатында ирандык радарларга жана Кешм аралындагы Горук шаарындагы дрон башкаруу пунктуна сокку урганын билдирди.
"Таамай жана максатка багытталган соккулар ишемби жана жекшембиде Ирандын агрессиялык аракеттерине, анын ичинде эл аралык сууда америкалык MQ-1 учкучсуз учагын атып түшүрүүгө жооп болду. Америкалык истребителдер ыкчам жооп кайтарып, аймакта кемелерге коркунуч туудурган Ирандын абадан коргонуу каражатын, жерден башкаруу пунктун, эки сокку уруучу учкучсуз аппаратын жок кылды", – деп жазылган маалыматта.
Анда америкалык аскерлер эсен-соо экени кошумчаланган.
Өз кезегинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ Хормозган провинциясынын Сирик аралында телекоммуникациялык мунарага сокку ургандан бир нече сааттан кийин ирандык истребителдер америкалык күчтөрдүн базасына чабуул койгонун жарыялады.
"Эгерде агрессия кайталанса, жооп мындан катуу болот жана кандай чыңалуу болбосун жоопкерчилик Кошмо Штаттарында жүктөлөт", – деген корпустун билдирүүсүн бийликке жакын Mehr маалымат агенттиги таратты.
Өткөн аптанын этегинде маалымат каражаттары АКШ менен Иран ок атышууну токтотуу келишимин дагы 60 күнгө узартууну алдын ала макулдашканын жазып чыгышкан. Axios басылмасы кийинчерээк Америка президенти Дональд Трамп келишимдин долбоорун өзгөртүүнү талап кылганын кабарлаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы Ирандын өзөктүк программасына тийиштүү жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча макулдашуунун долбоорун өзгөртүүнү талап кылды. Бул тууралуу Axios булактарына таянып маалымдады.
Басылманын маалыматына караганда, Трамп байытылган уран маселеси боюнча так жазылышын талап кылууда. Америка тарап Ирандын өзөктүк материалын качан жана кантип аларын тактагысы келет.
АКШ президенти ошондой эле Ормуз кысыгын ачууга байланышкан айрым шарттарга тактоо киргизүүнү сунуштады.
Axios басылмасынын булактары Ак үй мурдагыдай эле макулдашуу ийгиликтүү болоруна ишенерин, бирок келишимге жетишүү мөөнөтү белгисиз бойдон калып жатканын белгилешкен. Администрациянын аткаминерлеринин бири документке бир нече күндүн ичинде же кечирээк кол коюлушу ыктымалдыгын билдирди.
Кошумча тактоолордун зарылчылыгы тууралуу The New York Times да жазды. Гезиттин маалыматына караганда, Трамп Ирандын активдерин камактан чыгарууга байланышкан айрым пункттарды карап чыгууну каалайт.
Гезиттин булактары Тегерандын америкалык сунуштарга жоопту создуктуруп жатканы АКШ президентин кыжырдантып жатканын айтышкан.
Мурдараак басылмалар меморандумдун долбоору тынчтык келишимин 60 күнгө узартуу, Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын жана Ормуз кысыгын ачууну камтышы мүмкүн экенин жазышкан. Чечиле элек маселелердин ичинде кысыктагы америкалык курчоону алуу мөөнөтү жана иран мунайын экспорттоого киргизилген санкциянын ыктымал жумшартылышы кала берүүдө.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөдө интернеттин тышкы дүйнө менен байланышын кайрадан калыбына келтирүүнү буйруду. Бул тууралуу 25-майда Ирандын мамлекеттик Fars маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, буга "интернеттин калк үчүн ачыктыгына кайтып келүүнү" колдоп добуш берген жумуш тобунун чечими негиз болду. Санарип блокаданы токтотуунун так мөөнөтү айтылган жок.
Жергиликтүү маалымат каражаттары буга чейинки кабарларында чектөөнүн токтотулушу 5-июнь болушу мүмкүн экенин жазышкан.
Глобалдык санарип желе Иранда бийликтин чечими менен быйыл 28-февралда АКШнын жана Израилдин чабуулдарынан улам тутанган тирештен кийин бөгөттөлгөн. Ошондон бери 90 миллиондон ашуун калкы бар Иранда катардагы жарандар мамлекет уруксат берген гана сайттарды ача алуучу "жергиликтүү интернет" менен колдонуп келатышат.
Быйылкы жылдын январь айында да өкмөткө каршы жапырт нааразылык акциялары тутанган учурда Иранда интернет аябай чектелген.
Шерине