Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.
Ормуз кысыгы аркылуу сүзүп бараткан кемелер. Сүрөт Мусандам жээгинен дрон менен тартылган.

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү жаңы каттамга макулдук берген жок

АКШ жана Израилдин Иран менен согушу жалпы эле чөлкөмгө кандай таасир этүүдө? "Азаттык" радиосу кырдаалга кылдат көз салып, жаңылыктар менен катар аналитикалык материалдарга орун берүүдө.


10:05 11.6.2026

АКШнын аскерлери 10-июндун кечинде Ирандын аймагына кайрадан сокку урду. Бул тууралуу Американын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.

"АКШнын Борбордук командачылыгынын күчтөрү коргонуу максатында Ирандагы бир нече бутага башкы командачынын буйругу менен кошумча соккуларды ура баштады. Бул чабуулдар Ирандын негизсиз жана уланып жаткан агрессиясына жооп, — деп жазылган маалыматта.

Соккулар Американын президенти Дональд Трамп Тегеранды үч айдан ашкан согушту токтотууга багытталган келишимге келбесе, "катуу зыян тартарын" эскерткенден бир нече саат өткөндөн кийин болду.

Бир күн мурда АКШ Apache тик учагынын кыйрашына жооп кылып Иранга коргонуу максатында сокку урганын жарыялаган. Анын алдында президент Дональд Трамп Вашингтон тик учактын атып түшүрүлгөнүнө жооп кайтарууга аргасыз болорун билдирген.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын бери дегенде алты районунда жардыруулар болгонун жазып чыгышты.

Axios өз булактарына шилтеме кылып, буталардын баары Ирандын түштүгүндө жайгашканын, абадан коргонуу, радар системалары, дрондорду башкаруу бөлүктөрү соккуга кабылганын жазды.

CENTCOM кийинчерээк Иранга соккулар аяктаганын жарыялады. Тегеран буга жооп кылып Американын Бахрейн жана Кувейттеги базаларына сокку урганын маалымдады.

Сөз болгон базалар бир күн мурда да бутага алынган.

17:53 10.6.2026

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын армиясы "толугу менен жеңилгенин" айтып, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу күчөп бараткан шартта Тегеранды Вашингтон менен "сүйлөшүүгө өтө көп убакыт коротууда" деп сындады жана мунун "кунун төлөш керек болорун" эскертти.

10-июнда Truth Social социалдык түйүнүнө жазган постунда Трамп Ирандын армиясын "толук жана таптакыр башаламан" деп атап, өлкөнүн деңиз жана аба күчтөрүнүн көпчүлүгү "жок" деп билдирди. Ошондой эле ал Иранды "айта эле берет, бирок эч аракет көрбөйт" деп айыптады.

Анын алдында АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирүү таратып, 9-июндун кечинде жана 10-июнга караган түнү америкалык аскерлер "өзүн коргоо максатында" жана тик учак үчүн жооп иретинде Иранга сокку урганын билдирген. Бир күн мурда Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык AH-64 Apache согуштук тик учагы атып түшүрүлгөн. Эки учкучу тең аман-эсен эвакуация болгону айтылган.

Соккулар Ормуз кысыгына жакын жердеги Ирандын абадан коргонуу системаларына, жердеги башкаруу пункттарына жана байкоочу радар станцияларына багытталган.

Ирандын армиясы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) бул чабуулга жооп иретинде АКШнын аймактагы базаларына жана Бахрейндеги АКШнын Аскер-деңиз флотунун бешинчи флотунун радар системаларына сокку урганын 10-июнда билдиришти. Иран бийлигине байланыштуу Fars агенттиги жазгандай, соккулар Кувейттин ал-Жахра провинциясындагы америкалык базага жана Иорданиядагы америкалык F-35 учактары жайгашкан жерине да урулган.

Axios басылмасы америкалык аткаминерге шилтеме берип, Иран Бахрейн, Кувейт жана Иорданиядагы АКШ базаларына кеминде төрт баллистикалык ракета жана бир нече дрон учурганын жазды.

АКШнын өкүлү Reuters агенттигине Иран учурган ракеталардын жана дрондордун "дээрлик бардыгы" кармалып, жок кылынганын айтты.

Апрель айынын башында кабыл алынган атышпоо келишимине карабастан бул маселеде прогресс азырынча толук байкала элек болууда. 9-июнда эртең менен Трамп тараптар узак мөөнөттүү тынчтык келишимине жетишүүгө жакындап калганын айткан эле. Ал өзөктүк куралдын болушуна жол бербөөгө шарт түзө алгыдай абдан жакшы келишимди даярдоонун акыркы этабы жакын экенин билдирген.

16:57 8.6.2026

Израилдин армиясы 8-июнга караган түнү Ирандагы мунай-химиялык заводуна жана аскердик жайларга сокку урду.

Мунун алдында 7-июнда Иран Израилге баллистикалык ракеталарды учуруп, муну Бейруттагы "Хезболла" тобунун объектилирине карата Израилдин чабуулуна жооп деп атаган.

8-июнда эртең менен Иран жана анын өнөктөшү - йемендик хусилердин "Ансар Алла" тобу Израилге кайрадан чабуул койду.

АКШ менен Иран элдешүүнү макулдашкан апрелдин башынан бери конфликт кайра чыңала баштады. Тараптар макулдашуудан кийин бири-бирине сокку уруудан карманып жаткан.

Ирандын Хузестан провинциясындагы аскердик жайлар менен мунай-химиялык завод бутага алынганын Израилдин армиясы ырастады.

Иран ушундан кийин Израилдин аймагына кайра сокку урганын, бутага аскердик базалар да алынганын жарыялады.

ЦАХАЛ ракеталардын баары кармалганын, зыян келтирилбегенин билдирүүдө.

Хусилер болсо Кызыл деңизде Израил менен байланышы бар кемелердин кыймылын токтоторун эскертти.

Маалыматтарга караганда, Йемендин аймагынан бир ракета атылып, ал кармалды. Хусилер Йемендин түндүк райондору менен башкалаа Сананы көзөмөлдөйт.

Израилде түндө жана эртең менен бир нече жолу чабуулдар тууралуу эскертүү жарыяланды. Жабыркагандар жана жараат алгандар тууралуу маалымат түшкөн жок. Бен-Гурион аэропорту ишин улантып жатат.

18:08 1.6.2026

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Ваделуп ЦАХАЛдын Ливандагы операциясын кеңейтип, алга жылуусуна терең тынчсыздануусун билдирди жана тараптарды ок атууну токтотууга, убактылуу жарашуу режимине кайтууга чакырды.

Буга чейин Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛга Ливандагы операцияны кеңейтүү тапшырмасын бергенин айткан.

"Биздин күчтөр Литани дарыясынан өтүп, Бофор кыркасын ээлеп алышты. Эми Ливандын ичкери аймагына тереңдеп, Хезболланын карамагындагы жерлерде биздин көзөмөлдү кеңейтүү тапшырмасы берилди", - деген Нетаньяху.

Ошол эле күнү Ливандын түштүгүндө жайгашкан стратегиялык Бофор сепилинде Израилдин желеги желбиреп турду. Израилдин аскерлери – ЦАХАЛ 9 кылым карыткан тарыхый жайды алышканын ырастады. Сепилден Ливандын түштүк аймагы жана Израилдин түндүгүнүн басымдуу бөлүгү алаканга салгандай көрүнүп турат.

Нетаньяху армия Сирия, Газа тилкеси жана Ливандагы аскердик операцияларды улантарын кошумчалады.

Мунун алдында "Хезболла" согушкер тобу Израилдин түндүгүн катуу аткылаганда жергиликтүү мектептерди жабууга туура келген.

"Хезболла" АКШ менен Израилде террордук деп таанылган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, аскердик канатын террордук деп санайт.

ЦАХАЛдын жаңы операциясы жума күнү Вашингтондо Израил жана Ливандын өкүлдөрү кездешкен маалга туш келди. АКШнын арачылыгы менен тынчтык орнотуу жана "Хезболланы" куралсыздандыруу планын түзүү аракети көрүлүүдө.

Ирандагы согуштун кесепети Ливанда өзгөчө сезилип жатат. Тегерандын таламын талашкан согушкерлер 2-мартта Израилди аткылап, ЦАХАЛ операция баштагандан бери Ливандын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 3 миңден ашуун киши каза тапты, аба соккуларынан качкан 1,2 миллион тургун жер которду. Израил 23 жоокери жана карапайым төрт киши набыт болгонун маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG