Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани АКШ менен Израилдин бир жума мурун башталган операциясынын соккуларынан Иранда кеминде 1332 жайкын тургун каза болгонун билдирди.
Иравани Ирандын Кызыл Ай коомунун маалыматына таянып билдиргендей, каза болгондордун арасында аялдар жана балдар бар.
"Дагы миңдеген адамдар жаракат алышты жана жабыркагандардын саны өсүүдө", - деген дипломат мектептер, ооруканалар жана башка жарандык инфраструктура атайылап бутага алынганын кошумчалады.
АКШ менен Израил жай тургундарга же жарандык инфраструктурага сокку урулганын четке кагып келет.
Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү 20дан ашык мектепке жана 13 медициналык мекемеге кол салынганын билдирди. Ал ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттерди АКШнын жана Израилдин "агрессиясын айыптоого" чакырды.
7-мартка караган түнү Ирандын борборундагы эки эл аралык аэропорттун бири болгон Мехрабад аба майданына абадан сокку урулду. Ал жак өрттөнүп, кара түтүн каптап жаткан сүрөттөрдү Би-Би-Си жарыялады.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары да сокку болгонун кабарлашты. Социалдык түйүндөрдө аэропортту жалын каптап, түтөп жатканы тартылган видеолор да жарыяланууда, алардын аныктыгын CNN тастыктады.
Бир аз мурун Израилдин аскерлери Тегеранга каршы жаңы ири соккуларды баштаганын жарыялаган.
Израилдин аскердик мекемелери Ирандын мунай инфратүзүмдөрүнө биринчи ирет абадан сокку урганын маалымдады. Эл аралык dpa маалымат агенттиги кабарлагандай, ЦАХАЛдын өкүлү 7-мартта Тегеранда мунай сакталган 30дан ашык резервуарга чабуул жасалганын тактаган.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилдин аба күчтөрү Тегерандын түштүк бөлүгүндөгу мунай кампасына чабуул жасаганын ырастап, жооп чара катары алар Израилдин мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку уруп жатышканын билдирди.
Ирандын Мунай министрлигинин атын атабаган өкүлү ирандык Fars агенттигине Тегерандагы жана анын жанындагы Кереж шаарындагы мунай кампаларына чабуул жасалганын бышыктаган.
ЦАХАЛ 7-марттын кечинде тараткан маалыматта соңку эки күндүн ичинде Ирандын аймагына 300дөн ашык сокку урушканын жана Ливандагы радикалдык “Хезболла” кыймылынын объектилерине 170 сокку урушканын маалымдады.
АКШнын президенти Дональд Трамп 7-мартта Truth Social социалдык түйүнүнө Ислам Республикасына бул күнү “катуу сокку уруларын” жазган эле.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Аткылоолор эки тараптан тең улам катталууда.
Жакынкы Чыгышта абал курчуганына байланыштуу кыргыз жарандарынын умра сапарына – кичи ажылыкка баруусуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы – муфтият кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 7-мартта дин башкармалыкта жыйындар залында Коргоо кеңешинин катчысынын, Тышкы иштер министрлигинин, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Жарандык авиация мамлекеттик кызматынын, авиакомпаниялардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири форматта жыйын өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын мамлекеттик органдары көрүп жаткан ыкчам чаралар тууралуу маалымат берилди. Тараптар кырдаал жөнгө салынганга чейин Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугу биринчи кезекте камсыздалышы зарылдыгын белгилешти.
Сауд Арабиясы падышалыгына сапар алган кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, айрыкча умра зыяратын өтөө үчүн барып калып кеткен жарандарды мекенге кайтаруу маселелери талкууланды.
Жыйындын соңунда абал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарынын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү жана туристтик компаниялар менен авиакомпанияларга кырдаал турукташканга чейин умрага барбоону сунуштоо тапшырмалары коюлду.
Учурдагы абалга жараша ыңгайлуу аба жолдору менен “Жазира”, “Флайнас”, “Эйр Арабия” жана башка авиакомпаниялар аркылуу токтоп калган каттамдарды кайра жандандыруу аракеттери башталды.
Муфтият 3-марттагы кайрылуусунда кыргызстандыктарды Перс булуңундагы кырдаал жөнгө салынганча кичи ажылыкка баруудан карманып турууга чакырган.
Тышкы иштер министрлиги учурда кырдаал курчуп турган Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-мартта кабарлаган. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 7-мартта Жакынкы Чыгыштагы мекендештерди алып келүү президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин белгилеп, бул иштер уланып жатканын билдирген. Ал Катарда калып кеткен 134 жаран Сауд Арабиясы аркылуу Кыргызстанга 8-мартта учуп келерин тактаган.
Ага чейин Бириккен Араб Эмирликтеринен эки каттам менен 260 кыргызстандык, Сауд Арабиясынан 210 кыргызстандык Бишкекке жана Ошко жеткирилген. Омандан 85 кыргызстандык алып келинди.
Шерине