Иранда жаңы жогорку лидер шайланды. Бул тууралуу өлкөнүн Эксперттер жыйынынын мүчөсү Ахмад Аламолходага таянуу менен Би-Би-Синин Иран кызматы жазып чыкты.
Аламолходанын айтымында, кеңеш шайлоону жабык эшик артында өткөрүп, лидер тандашты. Ал журналисттерге жаңы лидердин атын атаган эмес.
Жаңы жогорку лидерди Ассамблеяга мүчө 88 диниаятчы тандаган.
Mehr маалымат агенттиги билдиргендей, чечимди Эксперттер жыйынынын катчылыгы жакын арада таратышы керек. Алар расмий маалымат тарата элек.
Америка менен Израил Ирандагы аба чабуулдарын 28-февралда башташкан. Ошол эле күнкү соккуларда Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жок кылынган. Аны менен бирге жогорку даражалуу расмий адамдар да өлтүрүлгөн.
Иран бийлиги буга жооп кылып Перс булуңундагы бир катар мамлекеттердеги аскердик базаларды жана башка инфраструктураны абадан аткылай баштаган.
Маркум Хаменеинин 56 жаштагы экинчи уулу Можтаба Хаменеи, Убактылуу лидерлик кеңештин мүчөсү, 67 жаштагы аятолла Алиреза Арафи жана Ислам республикасынын негиздөөчүсүнүн небереси, 53 жаштагы Хасан Хомейни жогорку лидерликке талапкер катары аталып жаткан.
Иран Можтаба Хаменеи жогорку лидер болуп дайындалгандан кийин Израилге жана Перс булуңундагы Араб өлкөлөрүнө ракета жана дрондор менен сокку урду.
Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы IRIB 9-марттын таңында Telegram каналында мындай деп жазды:
"Иран аятолла Сейед Можтаба Хаменеи жетекчилик кылган шартта оккупацияланган аймактарга карай ракеталардын биринчи толкунун учурду".
Билдирүүдө ошондой эле ракетанын сүрөтү жарыяланган. Анын үстүнө мындай сөздөр жазылган:
"Сиздин буйругуңуз менен, Сейед Можтаба".
Телекомпания "оккупацияланган аймактардын борборунда ири жарылуулар угулганын" маалымдады.
Израилдин бийлиги чабуулдардын айынан бир аял орточо деңгээлде жараат алганын, коопсуздук көзөмөлдө, абал тынч экенин белгиледи.
Сауд Арабиясы, Катар, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери жана Ирак түн ичинде алардын аймагына карай учуп келе жаткан ракета жана дрондор тууралуу кабарлашты. Бул окуялар Тегеран жооп катарында сокку уруп жаткан шартта болду.
Түнкү билдирүү
9-мартта түн ортосунан көп өтпөй Иран консервативдүү багытты карманган Можтаба Хаменеини өлкөнүн жаңы жогорку лидери деп жарыялады. Ал бул кызматка атасы, маркум Али Хаменеинин ордуна келди.
Жаңы лидер АКШ жана Израилдин аскер күчтөрүнүн бутасына айланышы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
56 жаштагы Можтаба Хаменеи буга чейин мамлекеттик кызматта иштебесе да, атасы түзгөн бийлик чөйрөсүндө таасирдүү фигура катары таанылган.
86 жаштагы Али Хаменеи 28-февралда АКШ жана Израилдин куралдуу күчтөрү Иранга каршы сокку урганда каза тапкан.
АКШ жана Израилдин расмий өкүлдөрү, анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп анын ордуна ким келбесин, ушундай тагдырга дуушар болорун эскерткен.
"Кабыл алынгыс тандоо"
Трамп буга чейин Можтаба Хаменеи атасынын ордун баса турганы айтылып жатканда ага "кабыл алынгыс тандоо" жана "чабал фигура" деп баа берген. Ал Тегеран тандаган жаңы лидер Вашингтон менен тил табыша билиши керек деген пикирде.
Дональд Трамп ABC News телеканалына курган маегинде Ирандын жаңы жогорку лидери алардын колдоосуна ээ болбосо, узакка кармалып турбасын белгиледи. Өлкөдө бул кызматка "ылайыктуу адамдар көп" экенин дагы кошумчалады.
Ирандын Ислам сакчылар корпусу (IRGC) дароо эле Можтаба Хаменейини колдой турганын билдирди. Жаңы лидер бул аскердик уюм менен тыгыз байланышта иштегени айтылат.
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башчысы дагы тандоону кубаттап, аны консервативдүү күчтөрдүн жеңиши катары баалады.
Ирандын сот бийлигинин башчысы Голам Хоссейн Мохсени-Эжеи Можтаба Хаменейини "кубаныч жана үмүт булагы" деп атады.
56 жаштагы Можтаба Хаменеи жогорку лидер катары өлкөдөгү бардык саясий жана аскердик маселелер боюнча акыркы чечимди чыгарат. Башкача айтканда, ага диктатордук ыйгарым укуктардын баары берилет.
Дональд Трам Times of Israel басылмасына курган маегинде, Хаменеинин дайындалганына комментарий берүүдөн баш тартты.
"Эмне болорун алдыда көрө жатарбыз", - деп жооп берди ал.
Иран бутага алган Перс булуңу
Ирандын чабуулуна Бахрейн көбүрөөк кабылгандай. 9-мартта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 32 жай тургун жараат алганын билдирди.
Министрликтин маалыматында, төрт кишинин абалы оор, жарадарлар арасында балдар да бар.
9-мартта жарылуулар Дохада да угулду. Шаар Иран жооп катары Перс булуңуна сокку ургандан бери ирандык дрондор менен ракеталардын бутасына айланып келет.
Саудиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын чабуулдары кырдаалды курчутуп, "азыркы жана келечектеги эки тараптуу мамилелерге" олуттуу доо кетириши мүмкүн экенин эскертти.
Министрлик Ирандын Араб өлкөлөрүнө каршы "ачык жана орой чабуулдарын" айыптап, жай тургундар, маанилүү инфраструктура жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр бутага алынганына нааразы болду.
Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаменти Эр-Рияд шаарындагы дипломатиялык кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө Сауд Арабиясынан чыгып кетүүнү буйруду.
Күрдистан аймагына урулган сокку
Коопсуздук булактарынын маалыматында, Ирандын дрондору Эрбил шаарына жакын АКШнын аскер базасынын аймагына да сокку урган. Коопсуздук күчтөрү Багдад аэропортуна жакын АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүн бутага алган бир нече дрон жана ракеталарды тосуп калганын билдиришти.
Ирандан чыгып кеткен миңдеген күрддөр Ирактын жарым-жартылай автономиялуу Күрдистан аймагында өз базаларын түзгөн. Алар бири-бири менен байланышта. Ал эми бул аймактагы ирактык күрддөр куралдуу топторго дагы ээ.
Айрым маалыматтарда, Ирандын өзүндөгү жана өлкөдөн чыгып кеткен күрддөр Тегерандагы режимге каршы чабуул башташы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Бирок АКШ президенти Дональд Трамп күрддөрдүн АКШ менен Израилдин аракеттерине кошулганын каалабай турганын билдирген. Ал муну күрддөрдүн бөөдө "жарадар болушун же өлүшүн каалабайм" жана кырдаалды татаалдаштырбаш керек деп түшүндүргөн.
9-марттын кечинде Иранда жаңы жогорку лидер дайындалганы белгилүү болгондон кийин Израил режимге каршы жаңы чабуулдарын баштаганын билдирди.
"Израилдин күчтөрү Ирандын борбордук бөлүгүндөгү террордук режимдин инфраструктурасына каршы кошумча соккулардын жаңы толкунун баштады", - деп маалымат таратты Израилдин коргоо армиясы (IDF).
Ошол эле учурда Жакынкы Чыгыштагы мунай тармагындагы жана деңиз аркылуу жүк ташуунун үзгүлтүккө учурашы 8-мартта мунайдын 25 пайыздан ашык кымбатташына алып келди. Бул дүйнөлүк экономикага терс таасир этиши мүмкүн.
АКШ президенти Дональд Трамп мунай баасынын өсүшүн "Ирандын өзөктүк коркунучун жок кылуу үчүн төлөнө турган арзыбаган баа" деп сыпаттаган.
Трамп жана Израил Иранды өзөктүк курал жасоого аракет кылууда деп айыпташат. Ал эми Тегеран өзөктүк программасы жарандык максаттар үчүн гана экенин айтып келет.
Кытай АКШ менен Израилдин Иранда жаңы жогорку лидер болуп дайындалган Можтаба Хаменеини бутага алышына каршы экенин билдирди.
«Бээжин кандай гана шылтоо болбосун башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө каршы. Ирандын эгемендиги, коопсуздугу жана аймактык бүтүндүгү урматталышы керек», - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гао Цзяцюнь 9-мартта.
Израил армиясы 28-февралда АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин ордуна ким келбесин куугунтуктоону улантарын билдирген. Мындай маалымат армиянын X социалдык тармагындагы баракчасына жарыяланган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери болуп тандалган Можтаба Хаменеиге байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Ал Times of Israel басылмасына берген маегинде Трамптан бул тууралуу сурашканда, ал кыскача гана «эмне болорун көрөбүз» деп жооп берди.
Буга чейин ал 56 жаштагы Хаменеини «алсыз саясатчы» жана «кабыл алынгыс тандоо» деп атаган.
Можтаба Хаменеи атасы Али Хаменеинин ордун басты. Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен аба соккуларынан каза болгон.
Можтаба дайындала электе эле Трамп АКШ Ирандын жаңы жогорку лидерин тандоого катышуусу керек экенин билдирген. Американын президенти ABC News телеканалына берген маегинде: «эгер ал [кийинки жогорку лидер] биздин батабызды албаса, анда ал узакка кармалбайт», — деген.
Times of Israel басылмасына берген ошол эле маегинде Трамп согушту качан токтотуу чечими Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен кеңешүү аркылуу кабыл алынарын, бирок акыркы чечимди өзү «туура убакта» чыгарарын айтты.
«Менимче, бул орток чечим болот. Биз сүйлөшүп жатабыз. Мен туура убакта чечим кабыл алам, бирок бардык жагдайлар эске алынат», — деди ал.
Трамп ошондой эле эгер ал жана Нетаньяху бийликте болбогондо, Иран Израилди жок кылмак деп билдирди.
«Иран Израилди жана анын айланасындагы бардык нерсени жок кылмак. Биз чогуу иштедик. Израилди жок кылгысы келген өлкөнү талкаладык», — деп айтты ал.
Ак үйдүн маалыматына караганда, согуш алты жумага чейин созулушу мүмкүн. Бирок азырынча так мөөнөт белгилене элек.
Шерине