Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Иракта вицелер кызматы кыскартылат


Ирак премьер-министри Хайдер Абади
Ирак премьер-министри Хайдер Абади

11-августта Ирак парламенти премьер-министр Хайдер Абадинин коррупцияга күрөшүү, өкмөттүк чыгымдарды азайтуу жана элди тейлөөнү жакшыртуу боюнча планын жактырды.

Абадинин демилгесин негизги ири саясый партиялар жана коомдук ишмерлер, ошондой эле ирактык шииттердин таанымал рухий көсөмү Аятолла Али Систани колдоду. Удаа эле коррупцияга аралашкан деп шектелип жаткан вице-премьер Бах Аражи кызматтан кетип, ишин атайын түзүлгөн комиссия териштире баштады.

Премьер-министр Хайдер Абади 9-августта сунуш кылган пландын жаралышына Багдадда жана башка жерлерде акыркы жумаларда жүрүп жаткан өкмөткө каршы чыгуулар себепкер болду. Демонстранттар тейлөөнүн сапатын жакшыртууну, өзгөчө 50 градуска жеткен ысыкта электр энерегиясынын эки-үч саат гана берилишине, коррупцияга нааразы.

10-августта Нажаф шаарында премьер-министрдин сунушун колдогон демонстрация өттү. Алардын максатын: “айрым жарандык активисттер Таврат ал-Ишрин аянтында уюштурган демонстрация өкмөттүн жана доктор Хайдер ал-Абадинин реформа тууралуу чечимин колдойт жана парламентти ал үчүн добуш берүүгө үндөйт”, - деп түшүндүргөн "Рейтер" агенттигине Ахмед Али деген активист.

Планга ылайык, өкмөттүк чыгымдарды азайтуу жана коррупция менен күрөшүү максатында президенттин үч орун басары менен премьер-министрдин үч орун басары кыскартылат. Үч вице-президенттин экөө шиит, бирөө суннит. Премьер-министрдин үч орун басарынын бирөө шиит, экинчиси суннит жана үчүнчүсү күрт. Мындан ары бул орундарды партиялык жана жамааттык квота боюнча бөлүштүрүү токтотулат.

Демилгени жума күнү Ирак шииттеринин кадырлуу лидери, сексен жашты аттаган Аятолла Али Систани колдоп, коррупцияны “темир муштум менен согуп”, тамырын курутууга чакырды. Бул жагдайда отун энергетика секторуна жооптуу вице-премьер Баха Аражи өз ыктыяры менен кызматын калтырды. Анын алдында башка бир таасирдүү шиит лидери Муктада Садр Аражиге кызматты таштап, өлкөдөн сыртка чыкпай сот алдында жооп берүүнү буйруган. Бах Аражи Садр башында турган радикалчыл кыймылдын мүчөсү.

Коомдук маанай парламенттеги добуш берүүгө жана вице-президенттер менен вице-премьерлердин кызмат орундарынын жоюлуп кетишине өбөлгө түздү.

9-августта вице-президент Нури Малики Твиттерде Систани батасын берген реформаны колдогонун жазды. Башка вице-президент Усама Нужайифи да Абадинин планын колдогонун билдирди.

Шейшемби күнү депутаттар өкмөттү реформалоо планын бир добуштан колдошту. Баш-аягы 30 мүнөт созулган бул сессияга парламенттин 328 мүчөсүнүн 297 катышты.

Парламент төрагасы Салим Жубаринин айтышынча, Абади эми билими жетишсиз жана коррупцияга аралашты деп шектелген министрлерди кызматтан токтоосуз кетире алат.

Коррупцияга, экономикалык каатчылыкка катар радикалчыл “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы согуш премьер-министр Абадинин өкмөтү үчүн чоң проблема. Себеби согуш чоң каражатты талап кылат. Аталган факторлордон улам экономика былтыр 2,7% төмөндөп, бюджет таңсыктыгы ички дүң жыйымдын 9% түзгөн. 35 миллион элдүү өлкөдө эмгекке жарамдуу ар бир төртүнчү адам жумушсуз. Өлкөдөгү жумушчулардын 40% өкмөттүк ишканаларда эмгектенет. Ирак кирешенин 90% мунайдан алат.

Премьер-министр Абадинин планы 11-августтан баштап күчүнө кирди. Бирок Нажафтын тургуну Мухаммед Аббас айткандай: "Абади мерчемдеген саясий реформасын жүзөгө ашырмайын, биз ага "сиз көздөгөнүзгө жеттиңиз" деп айта албайбыз”.

“Бардык ирактык саясатчылар реформаны жана коррупцияга каршы күрөштү расмий түрдө колдошот. Бирок алардын баары коррупцияга катуу аралашып калган”, - дейт “Ирактын келечеги үчүн күрөш” китебинин автору Зайд Али.

XS
SM
MD
LG