Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Малики премьерликтен жылбасын айтты


Ирак премьери Нури ал-Маликини колдогон акция. Багдад. 13-август.
Ирак премьери Нури ал-Маликини колдогон акция. Багдад. 13-август.

Ирактагы катаал жагдайды премьер-министр Нури Малики дагы чайпалтчудай болуп турат. Ал шаршемби күнү Федералдык соттун чечими жок кызматтан кетпесин жарыялады.

Ошол эле учурда Маликини орунду бошотууга чакырган эл аралык талап да өсүүдө.

11-августта президент Фуад Масум Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүнү Хайдар Абадиге тапшырганын Нури Малики каршы кабыл алган. Ал парламенттеги чоң блоктун лидери экенине шылтап, премьер-министрликтен соттун чечими жок кетпесин, ага дейре өкмөт ишти уланта берерин шаршемби күнү да эскертти.

Нури-ал-Малики 2006-жылдан бери өкмөттү жетектеп келет. Ал өлкөдө жаатчылыкты күчөттү деп күнөөлөнүүдө. Аны суннилер, күрттөр жана шиит саясатчылары бийликтен кетүүгө үндөшкөн.

Мындай чакырыктарга 13-августта Маликинин "Дава" партиясы да кошулду. Атүгүл бардык парламенттик блоктордон Абадинин жаңы өкмөттү тез түзүүсүнө жардамдашууну сурады. Удаа эле Ирак шииттеринин лидери, Улуу аятолла Али Систани 1 ай мурда жазган кат жарыяланды. Маликинин "Дава" партиясынын жетекчилигине жазылган бул катта премьер-министрликке жаңы адамды көрсөтүүгө убакыт жетти деп айтылат.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши да Абадинин премьерликке көрсөтүлүшүн жактап, Ирактагы бардык партияларды өз жактоочуларын козутпоого жана саясий жараяндын тынч өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды.

Ак үй да ушундай эле көз карашын билдирип, премьер-министр ким болорун Ирак эли өзү чечиши керек деген.

Ирандын шиит өкмөтү оболу Маликини колдоп жаткан. Бирок өлкөнүн руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейи 13-августта Абадини колдоп, “жаңы премьер түйүндү чечип, жаңы өкмөттү түзөт жана Иракты бүлүнтүүнү көздөгөндөргө жакшы сабак берет”, - деди.

Бул жагдайда "Ислам мамлекетинин" күчтөрү Күрдистан автономиясынын борбору Эрбилге 50 чакырым жакын турат. Жихадчылардын алга жылышын АКШнын абадан бомбалоосу токтотууда. Иракта жана Сирияда халифат түзүү максатын ачык жарыялаган экстремисттик уюм шиит, езид, тарса (христиан) жана башка диний азчылыктарды элдешкис душманы эсептейт.

Саясатчылар "Ислам мамлекети" тобунун коркунучуна эл аралык коомчулук жетерлик маани бербей жатышат деп эсептешет. Маселен, 13-августта Вашингтондогу Вильсон изилдөө борборундагы телеконференцияда:

- Ал жалгыз Ирак жана Сирияга эмес, регионго, ал турсун АКШ жерине болгон коркунучу өтө олуттуу. Муну баалабай коюу чоң жаңылыштык болот,- деди АКШнын Ирактагы, Ооганстандагы жана БУУдагы элчиси Залмай Хализад.

Согушчандар менен салгылашып жаткан күрт аскерлерине АКШ курал жана ок-дарыдан жардам берери маалымдалган. Франция да аларды курал-жарак менен камсыздамак болууда.

Бул тушта Ирактын түндүгүндөгү Синжар тоосунда бозгун болуп жүргөн миңдеген езиддердин камоодо калуу коркунучу күрт пешмаргелердин жана АКШнын авиачабуулунун натыйжасында токтотулду. Ошондой эле езиддерди эвакуациялоо зарылчылыгы азыр жок экенин АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Бен Родес билдирди:

- Алар үчүн тоого учактардан туруктуу жардам таштоо зарыл экенине ишенбейбиз. Алардын айрымдары качканга жарайт. Бирок биз аларды коопсуз жайга жылдыруунун зарылдыгын жеринен аныктагыбыз келет.

БУУнун эсебине караганда, Синжар тоосунда 20- 30 миңдей адам тозуп жүргөн. Ирактагы ич ара согуш, акыркы маалыматтарга караганда, 1 миллион 200 миң чамалуу адамды үй-жайсыз калтырды. Алардын 500 миңдейи жыл башынан бери согушчандар менен батыштагы Анбар провинциясында жүрүп жаткан салгылаштардан жана жакында Мосулда болгон кагылыштардан улам бозгун болгондор.

XS
SM
MD
LG