Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

АКШ ирак качкындарын тоодон түшүрүүнү караштырууда


"Ислам мамлекети" тобунан качкан качкындар. Ирак. 11-август.
"Ислам мамлекети" тобунан качкан качкындар. Ирак. 11-август.

Кошмо Штаттар Ирактын түндүгүндөгү тоолордо камалып калган миңдеген качкындарды эвакуациялоо жолдорун караштырууда. Бул тууралуу Мамлекеттик катчы Жон Керри билдирди.

Улуттар Уюмунун соңку эсептерине караганда, Ирактын түндүгүндөгү Синжар тоолорунда камалып турган езид жана христиан качкындардын саны кеминде 20-30 миңдин тегерегинде жана алардын “мыкаачылыкка жана геноцидге” массалык түрдө кабылуу коркунучу али сакталууда.

Күндүн ысыгында тоодо камалып калган качкындарга тамак-аш жана суу абадан ташталып жатат.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун шейшемби күнү Нью-Йорктогу басма сөз жыйында жагдайды мындайча сыпаттады:

- Синжар тоолорундагы езиддер менен башкалардын абалы өзгөчө кайгылуу. БУУнун аймактагы гуманитардык кызматчылары колдон келген ишин жасоодо. Абадан ташталган тамак-аш жана суу камоодо калгандардын айрымдарына жетти. Бирок тоодогу абал абдан оор. Адамдар кырдаалдан чыгуунун жолун табышканда деле, алар ысык күндүн алдында куйкаланып жатышат. Мен эл аралык коомчулукту качкындардын муктаждыгын коргоону камсыздоого чакырам.

Пан Ги Мун Ирактын түндүгү менен батышында бир топ аймактарды басып алып алган сунни согушкерлеринин “Ислам мамлекети” тобунун аракеттерине да баа берип өттү:

- Жек көрүүчүлүк жана мыкаачылык жайылып жаткан шартта Ирактын эли коопсуздукка муктаж. “Ислам мамлекети” деп аталган топ Ирак, Сирия жана жалпы эле аймак үчүн коркунучтуу. Алардын варвардык аракеттери, анын ичинде массалык өлтүрүүлөр, эркек балдарды үйлөрүнөн урушка, кыздарды уурдап же сексуалдык кулчулук үчүн алып кетиши үрөй учуруп жатат.

Шейшемби күнү тоодогу качкындарга абадан жардам таштап жүргөн жеринен ирак армиясынын тик учагы кыйрады. Кырсыкта тик учактын учкучу каза таап, ичиндеги бир нече киши жаракат алган.

Бул аралыкта АКШ Синжар тоолорундагы качкындарды эвакуациялоонун жолдорун караштырып жатканын билдирүү менен Ирактын түндүгүнө дагы 130дай аскерий кеңешчини жөнөтүп жатканын жарыялады. Кошмо Штаттардын коргоо министри Чак Хейгел:

- Мен президент Обамага сунуш кылып, ал Түндүк Ирактын Эрбил аймагына биздин 130 кишинден турган жаңы тобубузду жөнөтүүгө уруксат берди. Алар жеринде кырдаалды тереңирээк анализдеп, ирактыктар кабылган коркунучтар менен күрөшүүсүндө биз кандай жардам бере алышыбызды аныктамакчы.

Кошмо Штаттар Иракка буга чейин жиберген 90 аскерий кеңешчи Багдадда жайгашкан болчу. Эми кеңешчилердин жаңы тобу жайгаша турган Эрбил - Ирактын Күрт автоном аймагынын борбору.

Буга чейин Вашингтон күрттөрдүн коопсуздук күчтөрү - Пешмергага курал-жаракты тикелей бере баштаганын ачыктаган.

Америкалык расмий өкүлдөр билдиргендей, ирактык күрттөргө исламчыл согушкерлер менен күрөшүүсүндө жардам иретинде берилип жаткан курал азырынча автомат, мылтык жана ок-дары менен гана чектелди.

Күрттөрдүн коопсуздук күчтөрүн курал менен жабдууну Еврошаркет да караштырып, бирок чабармандар Брюсселдеги жыйында бирдиктүү позиция иштеп чыга алган жок.

Болгону ар өкмөт ирактык бийликтер менен тыгыз координацияда иштеп, куралды өз алдынча бере алат деген бүтүмгө келишти.

Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани эл аралык коомчулукка үч күн мурда кайрылып, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөшүү үчүн аларды курал менен жабдууну суранган.

АКШнын согушкерлердин турумуна абадан сокку урууларынын жардамы аркасында күрт коопсуздук күчтөрү автономия борбору Эрбилдин жанындагы эки шаарчаны кайтарып алууга жетишти.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG