Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Ирак: качкындарга абадан гумжардам ташталууда


Ирак. Езид качкындары. 8-август, 2014-жыл.
Ирак. Езид качкындары. 8-август, 2014-жыл.

10-августта Британия жана Франция Ирактын түндүгүндөгү качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүү аракетин баштады.

Он миңдеген адамдар, алардын көбү езид диний азчылыгы "Ислам мамлекети" жихадчыларынын чабуулунан Синжар шаарынын тегерегиндеги тоолорду башпаанек кылып жүрүшөт. АКШнын тик учактары жана пилотсуз учактары жихадчыларга төртүнчү жолу сокку урганы расмий түрдө маалымдалды.

10-августта Британиянын эки учагы Түндүк Ирактагы Синжар тоосунда качып-безип жүргөн адамдарга гумжардам таштай баштады. Абадан ташталган чоң контейнерлерге чатырлар, күн нуру менен иштөөчү чырактар, уюлдук телефондорду кызытчу батареялар да салынган. Ага чейин АКШнын учактары 14 миң литр суу жана 16 миң адамга ылайык азык-түлүк таштаган болчу.

ЮНИСЕФтин Ирактагы өкүлү Карим Элканоранын 10-августта маалымдашынча, суу жоктугунан улам 56 езид бала өлгөн. Британиялык расмийлердин эсебинде, "Ислам мамлекети" уюмунун жихадчыларынын чабуулунан качып, тоо таянып жүргөн адамдардын саны 150 миңге чейин жетет. Алардын көбү жихадчылар бир апта мурда Синжар шаарын басып алганда там-жайын таштап качкан езиддер.

Ирактын түндүгүндөгү бозгундарга гумжардам берүү 9-августта АКШ президенти Барак Обама Британиянын жана Франциянын лидерлери менен бул жаатта чогуу аракеттенүүнү сүйлөшкөндөн кийин башталды.

Эртеси, 10-августта гумжардамды жеткирүүнүн жолдорун талкуулаганы Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Багдадга келди. Ал ошол эле күнү Ирактын тышкы иштер министри Хусейн Шахристани менен чогуу өткөргөн брифингде:

- Ушу тапта Ирак ар тараптарды кошкон бирдиктүү өкмөткө муктаж. Бул өкмөткө өз өкүлдөрү киргенин жана алар терроризмге каршы күрөштө чогуу экенин бардык ирактыктар сезүүгө тийиш, - деди.

Иракта парламенттик шайлоо 30-апрелде болгону менен жаңы өкмөт аликүнчө түзүлө элек. Ошондуктан жаңы өкмөттү түзүүнү тездетүү жана жихадчыларга каршы согушка ирактыктарды мобилизациялоо абдан маанилүү экенине президент Обама да 9-августта Вашингтондо сүйлөгөндө көңүл бурган:

- Ирак өкмөтү жок кезде "Ислам мамлекетине" каршы ирактыктардын чогуу аракеттенүүсүнө жетишүү өтө оор болот. Биз аларга абадан сокку ура беребиз. Бирок акыр-аягында бул маселени америкалыктар аскерий жактан чечпеши керек.

Обама 8-августта берген тапшырмага ылайык, дем алыш күндөрү АКШ учактары Күрт автономиясынын борбору Эрбил шаарына 20 чакырым жакындап келген экстремисттик топторго сокку урууну улантты. Андан жихадчылардын кербени жана аскерий техникалары жок кылынганы кабарланды.

"Ислам мамлекети" (мурдагы "Ирак жана Левант ислам мамлекети") - суннилер башындагы экстремистчил уюм. Алар жайдан бери сунни урууларынын согушчандары менен бирдикте Ирактын батышында жана түндүгүндө чоң территорияны ээледи. Акыркы жумада беш мунай кенин ээлеп, күрт аскерлери-пешмаргерлерден өлкөдөгү эң чоң Мосул суу сактагычын тартып алды. Ушундан улам согушчандар сууну бууп салат же ачып, шаарларды суу каптайт деген чочулоо күчтүү.

10-августта Ирак Күрдистанынын президенти Масуд Барзани эл аралык коомчулукка кайрылып, жихадчыларга каршы согушта күрттөргө каруу - жарактан жардам берүүнү сурады.

Ирактын адам укуктары боюнча министри Мухаммад Шиа ал-Судани 10-августта билдиргенге караганда, согушчандардын акыркы чабуулу учурунда 500дөй езид өлгөн. Анын айтымында, алар айрым адамдарды, анын ичинде аялдар менен балдарды тирүүлөй өрттөп, 300гө жакын аялды кулдукка уурдап кетишкен. Жихадчылар шиилерди, күрттөрдү, езиддерди, христиандарды каапыр деп эсептейт жана исламды кабыл албаса, өлүмгө айдаары маалымдалган.

БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн жумада "Ислам мамлекетинин" согушчандары өз идеологиясын кабыл албагандарды куугунтуктоосун сындаган.

Рим католик чиркөөсүнүн башчысы Францисканын өкүлү кардинал Фернандо Филони качкын христиандарга тилектештик билдирүү үчүн 11-августта Иракка келет.

XS
SM
MD
LG