Социалдык тармактарда «Семетей» обсервациясында премьер-министр кеткенден кийин медициналык жабдууларды сыртка ташып чыгып жатканы тууралуу жарыяланган видео жалган экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Министрлик тасмага түшүрүлгөн жүк ташуучу автоунаа кампадагы жабдыктарды «Семетей» госпиталынын реанимациялык бөлүмүнө ташып баратканын, кампада "CPAP" деген кошумча дем алдыруучу аппараттар болгонун билдирип жатат.
“Адистер жабдууларды текшерип көрүп, реанимациялык бөлүмгө орнотуп беришкен. Учурда ошол аппараттарды медицина кызматкерлери колдонуп, жарандардын ден соолугуна кам көрүп жатышат”, - деп жазылган маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды маалыматты тактабай туруп таратуудан карманууга чакырууда.
Бишкек
Оорукананын алдында жан берген бейтапты сактап кала албаганын айтып ыйлаган ыктыярчы кыз окуянын чоо-жайын “Азаттык” радиосуна айтып берди.
Өзүн София-Айдана Мурзаева деп тааныштырган кыз “Демилгечи жаштар борборунун” мүчөсү экенин, абалы оорлогон бейтап жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу кабар 17-июлга караган түнү түшкөнүн, Ак-Ордо конушуна он мүнөткө жетпей барышканын билдирди.
“Эркек киши көчөдө экен. Сатурациясы 65ке түшүп калыптыр. Мен эки зымды улап, аппаратты жанындагы дүкөнгө сайдырдым. Медициналык билимим жок болгондуктан аны дарыгерлерге жеткирип, сактап калыш керек эле. Борбордогу ооруканага жеткирип, “Биздин балдар кычкылтек жаздыкчаларын алып келгенче 10-15 мүнөткө аппарат коюп тургулачы” деп сурандым. Анан Кантка болобу, башка жерге болобу, алып кетеримди айттым. Алар орун жок дешти. Орун жок окшойт. Бирок адамдын өмүрүн сактап калыш үчүн бир айласын тапса болот эле деп эсептейм”.
Ыктыярчы кыздын бул окуядан кийин “Мен аны сактап калмакмын, ортодо жети мүнөт жоготуп алдым” деп ыйлап жаткан видеосу социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууланып жатат.
Кадамжайлыктар кичи мекенине 1 млн 32 миң сомдук жардам көрсөтүштү
Баткен облусунун Кадамжай районунун Бишкек шаарында эмгектенип, жашап жүргөн тургундары, Кадамжай коомунун мүчөлөрү, аталган райондун саламаттыкты сактоо тармагына 1 млн. 32 миң сомдук медициналык жабдуулар жана дары-дармектерди беришти. Анын ичинде 11 кычкылтек концентратору бар.
Исфана аэоропорту оңдолду
"Исфана" аэропорту оңдоп-түзөлдү
1/7"Исфана" аэропортунда оңдоп-түзөө иштери 2019-жылы башталган.
Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" аэропортун реконструкциялоо иштери аягына чыкты.
6/7Геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлгөнүн, "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" аэропортун реконструкциялоо иштери аягына чыкты.
7/7"Исфана" аэропорту 1974-жылы пайдаланууга берилген. Совет мезгилинде ал Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-28, BAE-146-200 сыяктуу учактарды жана тик учактардын бардык түрлөрүн кабыл алган. Аэродромдо бир учуп-конуу тилкеси бар. Бул аэропортто акыркы жолу капиталдык оңдоо иштери 2007-жылы жасалган экен.
Баткен облусунун Лейлек районундагы "Исфана" аэропортун реконструкциялоо иштери аягына чыкты.
Артка
Алдыга
Жалал-Абад
Базар-Коргондун Арстанбап айылында 16-июлдагы сел кырсыгынын кесепетин жоюу жана чыгымдарын тактоо иштери жүрүп жатат. Район акими Бакыт Козуев 17-июлда "Азаттыкка" билдиргендей, сел ташкыны төрт үйдү бузуп кетти.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
Ысык-Көл: Күзөттөгү өмүр сакчылары
1/9Бактыгүл Турдалиева, 55 жашта. Эмгек стажы - 37 жыл, медайым. Айлык акысы - 6200 сом. Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну. Жолдошу кант диабети менен ооругандыктан тобокелдик тобунда. Фото: Эрик Абдыкалыков.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
2/9Самара Айтбосунова, 44 жашта. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы ооруканада санитарка болуп иштейт. Айлык акысы - 3000 сом.
Беш күндөн бери үйүнө бара электигин, 24 саат эмгектенип жатканын айткан.
Оорукананын короосунда тигилген чатырда жашап жатат. Ошол жерде вируска чалдыккан дарыгерлер, медицина кызматкерлери дарыланат.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
3/9Гүлбара Акматова, дарыгер педиатр, 57 жашта. Эмгек стажы - 35 жыл. 6400 калкы бар Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү эки дарыгердин бири. Айлык акысы - 5000 сом.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
4/9Зарина Жапарова, 33 жашта. Түп районунун Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү медайым.Эмгек стажы - беш жыл. Саат 8ден кечки 20:00 чейин иштейт. Айлык акысы - 4800 сом. 3, 9 жана 12 жаштардагы үч баласы бар. "Сиз эмнеге муктажсыз?" деп сураганда, өзүндө эле телефон бар экенин жана балдары онлайн окууда кыйналганын айтып берген.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
5/9Элида Бектенова, 34 жашта. Саруу айылындагы стационарда медайым болуп иштеп жатат. Эмгек стажы - 8 жыл. Айлык акысы - 4300 сом. Төрт баланын энеси.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
6/9Наргиля Черчиева, 21 жашта. Караколдогу Иса Ахунбаев атындагы медициналык коллежди аяктаган. Караколдогу көчмө аптекада эмгектенет экен. Ар бир иштеген күнүнө 500 сомдон акы алат.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
7/9Мунара Салиева, 56 жашта. Акушер-медайым. Эмгек стажы - 32 жыл. Кажы-Сай айылындагы стационарда иштейт. Айлык акысы - 6000 сом.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
8/9Кажы-Сай айылынын тургуну Асель 37 жашта, медайым. Жергиликтүү стационарга иштөөгө өз эрки менен келген. 8ден 18:00 чейин иштейт. Төрт баланын энеси. 10 күн иштейм деп келди. Кырдаал талап кылса дагы иштөөгө даяр.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
9/9Жарандык активист Эрик Абдыкалыков Каракол шаарындагы рентген кабинетинин алдындагы таң эрте кезек күткөндөрдү да сүрөткө тарткан. 17-июль, саат 9:30га карата 100 адам кезекке жазылган экен. Сүрөттөгү каарман түнкү саат 3тө кезекке жазылып, ошондон бери кабинетке кире электигин айткан.
Ишкер, жарандык активист Эрик Абдыкалыков Ысык-Көл облусундагы оорукана жана стационарларды кыдырып, коронавируска жана пневмонияга чалдыккан бейтаптарды дарылаган дарыгер жана медайымдарды сүрөткө тартып, кыскача өмүр-таржымалдарын жазып, социалдык тармактардагы баракчаларына бөлүшүп жатат. "Азаттык" автордун уруксатын алып, ак халатчан өмүр сакчыларын бир сүрөтбаянга топтоду.
Артка
Алдыга
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.