Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Өнөрпоз Сами Юсуф Кыргызстанды бекеринен тандап алган эмес


Сами Юсуфтун Казан шаарындагы концерти. 10.08.2013.
Сами Юсуфтун Казан шаарындагы концерти. 10.08.2013.

30-июнда Бишкекте британдык белгилүү музыкант Сами Юсуфтун Борбор Азиядагы алгачкы концерти өтөт. Мусулман дүйнөсүндө кеңири таанымал ырчынын алдыдагы концерти тууралуу аны уюштурган “Гамма Медиа” ишканасынын жетекчиси Ислам Сатаров "Азаттыкка" айтып берди.

Британиянын таанымал музыкачы өнөрпозу Сами Юсуфтун Борбор Азиядагы алгачкы концерти Кыргызстандын борбор шаарында өтмөкчү. 1980-жылы туулган британдык композитор жана аткаруучу Сами Юсуф (Sami Yusuf) Кыргызстандын ордо шаарын концерт жайы катары кооз табияты үчүн көңүлүндө тандап жүргөнүн, эми Ала-Тоодо концерт уюштурам деген кыялы орундаларын шыктанып айтып чыкты.

Мусулман дүйнөсүндө сүйүктүү болгон британдык ырчынын 30-июнда жүзөгө аша турган концерти тууралуу бул концертти уюштуруучу “Гамма Медиа” ишканасынын жетекчиси Ислам Сатаровдун маегин назарыңыздарга сунуштайбыз.

"Азаттык": Ислам мырза, Сами Юсуф менен концерт тууралуу сүйлөшүү кыйын болдубу? Ал Борбор Азияга алгач ирет келе жатат да? Кандай болду сүйлөшүү?

"Гамма Медиа" ишканасынын жетекчиси Ислам Сатаров.
"Гамма Медиа" ишканасынын жетекчиси Ислам Сатаров.

Сатаров: Биз Сами Юсуфтун концерттерине жооптуу адамдар менен да, музыканттын өзү менен да көп сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жети жыл дегенде макулдук берди. Себеби Сами Юсуф Британия, Иордания, Марокко, Бириккен Араб Эмираты сыяктуу бир канча өлкөлөрдө иш жүргүзгөн “Гловер Менежмент” деген компания менен келишимде иштегендиктен, сүйлөшүү көп баскычта жүрдү.

Сами Юсуф кудайдын атын эскерип ырдаган бирден бир белгилүү инсан. Андыктан дүйнө жүзүндө, айрыкча мусулман калкы көп жашаган өлкөлөрдө, анын күйөрмандары миңдеп саналат. Бирок ал өзүн дин ырчысы катары эсептебейт экен. Ал жөн гана өзүнүн угармандарына жакшы энергетика тартуулаганга аракет кылат.

Юсуфтун үнү дабага тете деп эсептегендер да бар. Эгерде тигил же бул киши кайгырып же жан дүйнөсү уйгу-туйгу болуп жүрсө, Сами Юсуфтун ырын укканда кадимкидей жаны жай алып калган учурлар болгон деп айтылып жүрөт.

Дагы бир маалыматты айтып кетейин, 2015-жылы БУУ жана Дүйнө жүзүндөгү бардык диний агымдар биримдиги уюмунун өкүлдөрү үчүн жыйын кураардан алдын ырчылардын арасында дал ушул Сами Юсуфка коомдогу жамааттарды биримдикке чакыруу максатын көздөгөн чыгарманы жаратуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Натыйжада “Сүйүү табериги” (“The Gift of Love”) деген чыгарма жаралып, бул обондуу ыр ар кыл диний агымдар биримдигинин алгачкы гимни болуп калат.

"Азаттык": Ырчы, композитор Сами Юсуфтун концерти бир эле Бишкекте өтөбү?

Сатаров: Ооба. Анын концерти Борбор Азияда жалгыз гана Бишкек шаарында болот. Негизи быйыл Юсуф жыл башынан бери болгону эки жолу эле - Мароккодо жана Азербайжан борбору Баку шаарында концерт берген.

Дагы жакшы жери - Кыргызстанда быйыл Маданият, ыйман жана адеп-ахлак жылы деп жарыяланбадыбы. Андан сырткары орозонун урматына да туура келет экен. Концерт 30-июнда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт.

Сами Юсуф Казан шаарындагы концертте. 2013-ж.
Сами Юсуф Казан шаарындагы концертте. 2013-ж.

Азыр бизге көптөгөн кошуна жана алыскы өлкөлөрдөн чалуулар болуп жатат. Анын чыгармаларды жандуу аткарган концертин күтүп жүргөндөр көп экен. Кызыгы, Бишкекке Казакстан, Сингапур, Азербайжан, Өзбекстан жана Тажикстандан көптөгөн туристтердин агымы күтүлүүдө. Концертке билеттер интернет аркылуу электрондук түрдө сатылууда.

"Азаттык": Кызык. Эмне үчүн Астана, Ташкент шаарларында атайын сапаттуу концерттик залдар турса, Бишкек шаарында уюштуруп жатасыздар? Болгондо да Спорт ордосунун абалын баары билет эмеспи. Андан көрө Борбордук стадион дурус эмеспи?

Сатаров: Негизи, эл алгач бул концерт өтөөрүнө ишенишкен жок. Кошуна өлкөлөрдө жашагандардан да таң калуу көп болгондуктан, Сами Юсуф өзү фейсбук, инстаграмм баракчалары аркылуу “Кыргызстан - мен барам деп көксөп, кыялданып жүргөн көп өлкөлөрдүн бири. Андыктан мен бул сапарды чыдамсыздык менен күтүп жатам”, - деп айткан. Албетте, стадиондо болсо жакшы болмок, бирок анын ижара акысы, коопсуздук жагы ойлондурду. Көп ресурсту талап кылат. Ошондой эле мамлекет, өкмөт, күч түзүмдөрү алдыда боло турган шайлоого даярдык көрүп турган чакта, бизге көңүл бура турганга эч кимдин убактысы жок. Андыктан чакан болсо дагы 45 жыл мурун салынган Спорт ордосунан жаан тамчыласа да өткөрөбүз.

"Азаттык": Сами Юсуф, демек, Кыргызстандагы концертин эс алуу менен да айкалыштырса керек?

Сатаров: Ооба, анын эс алуусу үчүн да мүмкүнчүлүк болот. Анан дагы Сами Юсуфту коштон көптөгөн музыканттар, вокалисттер, техниктер келишет. Алардын келип-чыгыш географиясы кең: бул топ Марокко, Түркия, Иран, Пакистан, Дубай, Германия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөн чогулган. Концертти, демек, ар кайсы өлкөлөрдөн топтолгон дасыккан музыканттардан түзүлгөн оркестр коштойт.

"Азаттык": Айтмакчы, кирүү акысы канча турат?

Сатаров: Негизи эле уюштуруу иштерине үч жылдан бери топтоп келе жаткан каражатты салдык. Орто эсеп менен 200 миң доллардын тегерегинде чыгаша болобуз го. Анын ичинде райдер (ырчы тарабынан уюштуруучуларга коюлган талаптардын тизмеси), коопсуздук жагы, тамак-аш, техникалык жагы бар. Мисалы, бир эле солист үчүн микрофондун ижара акысы 17 миң доллар болду. Ал микрофонду табуу да азап болду. Аны Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан таапай коюп, алыскы Германиядан алып келүүгө туура келди. Кирүү акысын биз башка жактардагыдай 100-150 доллардан баштабай, эки миң сомдон өйдө кылдык. Бул топтолгон каражат ырчынын өзүнүн келип-кеткен каражатын актаса эле болот. Бул иш-чара менен биз акча табалы деген мүдөөгө жетеленбедик. Биз алдыдагы концерт элибизге бир жакшынакай тарыхый окуя катары калсын деп чечтик.

Кошумча маалымат: Ата-теги азербайжан, улуту - британдык Сами Юсуф азыр 37 жашта. Ал 1980-жылы 21-июлда Ирандын борбору Тегеранда туулган. Ата-бабасы Иранга Азербайжандан көчүп келген. Сами Юсуф үчкө толгондо, 1983-жылы, анын ата-энеси Тегерандан Лондонго көчүп келет. Ошондон тартып ал музыка дүйнөсүнө сүңгүп келет. Сами атасы музыкант болуп иштеген Падышалык Академияда билим алган. Ал алгачкы “Al-Mu’allim” альбомун жарыяланаган соң ырчылык атакка жетишкен. Ырчынын 2010-жылкы "Кайсы жерде жүрбөгүн" («Wherever You Are») деген альбому жети миллион нускада сатылган

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG