Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Израил армиясы кайра Сирияга сокку урдубу?


Израилдик жоокер Сирияга чек аралаш жана аннексияланган Голлан дөңсөөсүндөгү окуу базасындагы танктарды күзөтүүдө. 28-август 2013
Израилдик жоокер Сирияга чек аралаш жана аннексияланган Голлан дөңсөөсүндөгү окуу базасындагы танктарды күзөтүүдө. 28-август 2013

Израилдин аскердик учактары Сириянын Латакия шаарынын жанындагы курал-жарак базасына сокку урганы айтылууда.

Латакия портунун ныптасындагы базада, Сирия оппозициясынын ырасташынча, Орусияда жасалган ракеталар сакталчу. Си-Эн-Эн телеканалы белгисиз калууну каалаган АКШлык расмий адамдарга шилтеп, Израил береги ракеталар өлкөнүн Ливандагы элдешкис жоосу - "Хезболла" уюмунун согушчандарына жөнөтүлүшү ыктымал деп боолгогонун маалымдады.

Ливан армиясынын айтымында, Израилдин алты истребители Ливандын үстүнөн шаршемби күнү учуп өткөн экен. Израилдин Коргоо министрлиги согуштук учактары Сириядагы аскерий базага сокку урду деген кабарга түшүндүрмө бергенден баш тартты.

Израил биринчи мертебе Сирияга сокку уруп жаткан жок. Өлкөнүн куралдуу күчтөрү январда, андан соң майда эки жолу Дамаск четиндеги объекттерге чабуул жасаган. Июлда Латакия портуна чукул жердеги деңиз жабдууларын да Израил армиясы талкалаган деп шектелүүдө.

Бул тушта Химиялык куралдарды тыюу уюму (OPCW) Сирия жетекчилиги убадасын аткарып, 1-ноябрга калтырбай зарин газын пайдаланып жасалчу алаамат куралдарын жана аны жасоочу шайман-жабдыктарын иштен чыгарганын тастыктады.

Эл аралык уюмдун өкүлү Майкл Лохан бейшемби күнү:

- Сирия өкмөтү бардык химиялык куралдарды жасоочу аппараттарын жана зарин газына сууну аралаштыруучу жабдууларын - биз айткандай - “функционалдык жактан жок кылды”. Ошентип жаңы химиялык куралдардын элементтерин өндүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылды жана зарин газына керектүү химикаттарды колдонууга, ошондой эле аларды куралга дүрмөттөөгө мүмкүнчүлүгү калбады. Муну биз бүгүн тастыктадык, - деп билдирди.

АКШнын мамкатчысы Жон Керри Сирия бар деп мойнуна алган бардык химиялык куралдарын жана массалык кыргын салчу куралдарды жасоочу жабдууларын иштен чыгарганы тууралуу кабарды оң жышаана деп баалады. Ал өз билдирүүсүндө азыр “бул жумуштар бүткөнүнө жана тыюу салынган ар бир курал алынып, жок кылынганына” ишенүү абдан маанилүү экенин да белгиледи.

Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун арачылыгы астында өткөн сүйлөшүүдө Сирия өкмөтү бардык химиялык куралдарын жок кылганга макулдук берген. Анын алдында Вашингтон 21-августта Дамаск шаарынын четинде жүздөгөн адамдар чабуулдан өлгөнгө байланыштуу президент Башар Асаддын өкмөтүнө күч колдонулат деп опурулган.

Эми Сирия 15-ноябрга чейин Химиялык куралдарды тыюу уюму менен массалык кыргын салчу куралдарын, ошондой эле 1 миң тонна уулуу заттарды жана тийиштүү шаймандарды жок кылуунун кеңири планын иштеп чыгышы абзел.

XS
SM
MD
LG