Ал “Азаттык” үналгысына курган маегинде окуядан кийинки аэропорттогу кырдаалды айтып берди.
"Азаттык": Тилек, сиз жардыруу болгон учурда Ататүрк аэропортунун ичинде болгон экенсиз. Окуя кандай жагдайда болду? Ок атышуунун үнү болду деп айтып жатышат. Кырдаалды сүрөттөп берсеңиз?
Тилек Токомбаев: Мен жүк тапшырган жерде өзүмдүн жүгүмдү тапшырып, паспортту текшерүүдөн өткөргөн тарапка бараткам.
Анан эле 50-60 метр алыстыкта кулакты жарган катуу жардыруунун үнү угулду. Биз дароо эңекейе калдык, анан эле автоматтын үнү угулуп, ок атыла баштады. Мен ошол кулап жаткан адамдарды да өз көзүм менен көрдүм. Биз коркуп, ар тарапка кача баштадык. Буга карабай автоматтын үнү катуу угулуп, кайра биз жакка жакындап, кубалап келаткандай болду.
Көрсө, ошол биз тарапты көздөй согушкер ок чыгарып чуркаган экен. Муну мен кийин видеодон көрдүм. Ошол маалда аэропортто кымгуут, чакчелекей башталды. Кичинекей балдар ата-энесинен адашып, ата-энелери аларды таппай ыйлап, кыйкырык-сүрөөн болду.
Жүргүнчүлөр өзүнө келип, тынчтанып калган учурда, жарым саат өтпөй эле биздин алдыбыздагы кабатта дагы бир жардыруу болду. Айрымдар ошондон кийин аэропорттун айнектерин сындырып, учактар учуп-конгон жайды көздөй чуркашты.
Аларды полиция кызматкерлери бул жак коопсуз эмес деп жатып, ичине киргизишти.
Мындан кийин баарыбызды сыртка чыгарып, чоң автобустарга отургузушту. Автобустарды полициячылар курчап, коргоп турушту.
Аэропорттон чыккандан кийин мен кыргызстандык бир нече адамды көрдүм. Бирок бул аба майдандын сыртындагы окуя.
"Азаттык": Азыр жардыруу аэропорттун кайсы бөлүмүндө болгону боюнча ар кандай божомолдор айтылып жатат. Айрымдар жардыруу эл аралык каттамдар терминалынын кире беришинде болду дешсе, башкалар залдын ичинде уюштурулду деп атышат. Жанкечтилер кайсы жерден жардырышты?
Тилек Токомбаев: Биринчи жардыруу аба майдандын кадимки эле жүктөрдү текшерип, багажга тапшырчу жерине жакын болду. Экинчиси болсо, биз жогорку көтөрүлгөндөн кийин так алдыбызда болду окшойт.
Анткени жардыруу ылдый жактан угулду. Бутубуздун алдындагы пол титиреп кетти.
"Азаттык": Тилек ошол жардыруунун үнүн укканда, ок атышуулар башталганда эмне ойлор келди?
Тилек Токомбаев: Албетте, мындай кырдаалга биринчи жолу туш болуп жаткандыктан эл катары шок болдум. Бирок өзүмдү жоготкон жокмун. Менин жанымда дагы бир кыргызстандык досум бар эле. Биздин жаныбызда кулап калып жаткан аялдарга деле колдон келишинче жардам берип жаттык. Бир четинен кызыгуу күч алып, эмне болду экен деп, кызыгып кеттип да жаттык. Ошону менен бирге коркуу сезими да пайда болду. Жеке мен өзүм жөн эле бир нерсе жарылды, анан эл ошодон коркуп качып жатса керек деп ойлодум. Автоматтын үнүн укканда гана бул террористтер экенине ишендим.
"Азаттык": Жардыруу болгондо полициячылар, аэропорттун кызматкерлери дароо эле жыйнактуу иш алып бара башташтыбы?
Тилек Токомбаев: Менин таң калганым, октун үнү угулганда айрым полициячылар баарын түртүп, бизден биринчи качып жөнөштү. Алар деле ар кандай болот экен, кээ бири жардам берип жатышты. Менин жанымдагы үчөө дароо бизден биринчи качты.
"Азаттык": Аэропорттон кыргызстандыктарга жолуктум деп жатпайсызбы. Аларды мейманкаларга жайгаштырыштыбы? Андан ары эмне болду?
Тилек Токомбаев: Ооба, алгач баарыбызды сыртка чыгарды. Бул процесс деле бир-эки саатка созулду. Анткени адамдар аябай көп болчу. Мен кийин бизге окшош адамдарды көрүп, барып таанышсам кыргызстандыктар экен. Көрсө, түндө Бишкекке уча турган да бир нече каттам бар экен. Көптөрү кетип калышканын айтышты. Айрымдары такси менен өз алдынча кетишиптир, кээ бирин туугандары, тааныштары алып кетиптир. Мен консулдун номерин таап, байланыштым. Ал азыр ооруканаларды кыдырып жүргөнүн айтып, бир аздан кийин бизге да автоунаа жиберебиз деди. Айтор, алар деле мекендештерибизге жардам көрсөткөнгө жакшы эле чуркап аракет кылышты окшойт.
"Азаттык": Окуянын уккан ата-энеңиз, туугандарыңыз аябай сарсанаа болушса керек?
Тилек Токтоматов: Ооба, мен апама терракт болду деп айткан эмесмин. Жөн эле учагыбыз кармалып калды деп койгом. Бүгүн эртең менен турсам апам 38 жолу чалыптыр. Бизди кудай сактады, баары жакшы. Каза болгон бейкүнөө адамдардын үй-бүлөлөрүнө абдан жаман болду.