Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:03

Өспүрүмдүн өлүмү, акыйкат издеген ата


Кадыржан Халматов.
Кадыржан Халматов.

Жалал-Абад шаарындагы эс алуу багында өспүрүмдөр арасында болгон мушташта бычакталып каза болгон Кадыржан Халматовдун жакындары калыстык издеп президентке кайрылышты.

Алар окуучунун өлүмүнө себепкер болгондорду милиция кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп жибергенине нааразы болуп жатышат. Соттун кароосундагы бул иш боюнча укук коргоо органдары ачык маалымат беришкен жок. Адистер шаарда жаштар арасында аймак аралык бөлүнүү күч алганын айтышууда.

Жалал-Абад шаарынын 56 жаштагы тургуну Абдулла Халматов уулунун өлүмүнө себепчи болгондор жазадан бошоп кеткенин билдирип президентке кайрылды. Халматов буга чейин да ушул иш боюнча өлкө башчысына эки жолу кайрылуу жөнөткөн.

Абдулла Халматов.
Абдулла Халматов.

- Президентке үчүнчү жолу кайрылуу жазып жатам, - деди ал. - Буга чейинки каттарга Президенттин администрациясы Башкы прокуратурага, алар болсо облуска жөнөтүп, эч кандай жыйынтык болбой жатат. Ошондон улам кайрадан кайрылууга аргасыз болдум. Жалгыз уулум «СМУ» деп аталган өспүрүмдөр арасындагы топтун колунан каза тапты. Окуядан кийин 9 бала шектүү катары кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Кийин тергөө учурунда бардык күнөө бир эле балага тагылып, калгандары «Бейбаштык» беренеси менен айыпталып, кылмыш иши кыскартылган. Мен «тергөөнүн аныктамасына макул эмесмин» деп кол койгонума карабай сотко өткөрүп жиберишиптир. Бул жерде тергөөчү, прокурор жана сот баш болуп балдарды коргоп чыгышты. Балким алар күнөөлөнүп жаткан балдардан акча алып, ишти кыскартышкандыр? Каза болгон уулумдун артынан эч ким келип, кечирим да сураган жок.

Шаардагы №13 мектептеги кечки жаштар бөлүмүндө 11-класста окуган Кадыржан Халматов былтыр 30-апрелде «Жеңиш» эс алуу багында өспүрүмдөр ортосундагы мушташтан кийин каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында окуучу бычактан алган жарааттан көз жумганы айтылат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков окуя боюнча буларга токтолду:

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- 2018-жылдын 30-апрелинде кечки саат 8дер чамасында «Жеңиш» эс алуу багындагы «Байчечекей» балмуздак сатуучу кафесинен кезек талашып, уруш чыккан. Натыйжада эки жаат өспүрүм балдардын ортосунда мушташ чыгып, бир өспүрүм белгисиз бир балага бычак сайып жиберген. Бычак жеген бала ооруканага жетпей каза болгон. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алгач тергөөнү Жалал-Абад шаардык милициясы жүргүзүп, кийин жабырлануучу тараптын арызынын негизинде тергөө облустук ички иштер башкармалыгына алынган. Тергөө ишинин жүрүшүндө бир өспүрүм күнөөлүү деп табылып, иш соттун кароосуна жиберилген.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2018-жылдын октябрь айындагы өкүмү менен Укук жана бизнес академиясына караштуу коллеждин 1-курсунун 17 жаштагы студенти Эрлан Сүйүнбаев Кадыржандын өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Жабырлануучу тараптын даттануусунун негизинде иш азыр облустук сотто каралууда. Жалал-Абаддагы «Справедливость» уюмунун юристи Өткүр Жапаров уюм ишти өз көзөмөлүнө алганын билдирди:

- Чындыгында тергөө учурунда жана биринчи соттук кароодо бир топ кемчиликтерге жол берилген. Бул иште жабырлануучу тараптын кызыкчылыгы корголбой калганын көрдүк. Биринчиден ал киши баласынын өлүмүнүн үстүнөн доогер катары арызданган. Анын жашоого болгон укугу корголбой калыптыр. Анткени өлүмдүн себептери жакшы тергелбей, күнөөлүүлөр аныкталбай калган. Мындай болгон учурда жакынын жоготкон адамдын көнүлү жай болбойт. Ошондуктан алардын кайрылуусунун негизинде биздин уюм бул ишти көзөмөлгө алды, эми кийинки соттук отурумдарга катышабыз.

Шаардык сот аркылуу эркинен ажыратылган өспүрүмдүн энеси - 2-топтогу жалгыз бой майып. Бул багытта анын жакындары азырынча комментарий бере албай тургандыгын билдиришти.

Маркум Кадыржан үй-бүлөдө эки кыздан кийинки жалгыз уул болчу. Алгач шаардагы №3 мектепте билим алып, кийин №13 мектепке сырттан окуу бөлүмүнө которулган. 2017-жылы Москва шаарына барып, эмгек мигранты катары иштеп келгенин жакындары айтышты.

Шаар аймагында өспүрүмдөр арасында «СМУ», «Спутник», «Центр», «Шанхай» жана башка ушул сыяктуу өзүнчө топтор бар экени айтылып жүрөт. Адистердин баамында, кийинки убакта өспүрүмдөр арасында аймак аралык жаатташуу күч алып, аны жайылтпоо максатында мектептерде тарбиялык сааттар өткөрүлүп жатат. Социолог адис Абилбап Мамарасулов мындай дейт:

Абилбап Мамарасулов.
Абилбап Мамарасулов.

- Учурда балдар кароосуз калганы эч кимге жашыруун эмес. Мектептен кийинки тарбия унутта калды. 6 саат сабактан кийин балдардын бош убактысын көзөмөлдөгөн эч ким болбой жатат. Ата-энеси мигрант, мамлекет болсо кароого чамасы жетпейт. Андыктан өспүрүмдөр кылмыштуулукка барып жатат. Бала бакча менен мектептерде тарбияны күчөтпөсө, мындай көрүнүштөр токтобойт. Өзбекстан менен Жапонияда азыр мектепке чейинки билим берүү мекемелери өзүнчө министрликке баш ийет. Балдардын окуусуна жана тарбиясына алар өзгөчө кам көрө баштады. Биз да ошол тажрыйбаны колдонсок болот.

Расмий маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун аймагында былтыр өспүрүмдөр аралашкан 200дөй кылмыш катталган. Ага 71 мектеп окуучусу аралашкан. Кылмыштардын басымдуу бөлүгү майда бейбаштыкка байланыштуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG