Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Кытай менен Жапония асман талашууга өттү


Жапония менен Кытай талашкан аралдар.
Жапония менен Кытай талашкан аралдар.

Кытайдын Чыгыш Кытай деңизинде абадан коргонуу зонасын түзүү чечими Жапониянын нааразылыгын жаратып, АКШнын сынына кабылды. Токио менен Бээжин кайрадан кайым айтышууга өттү.

Жапония премьер-министри Синдзо Абэ кечээ парламенттеги сөзүндө Бээжиндин Чыгыш Кытай деңизинде абадан коргонуу зонасын түзүү чечимин “өтө кооптуу” деп атап, ал “болжоого болбой турган кесепеттерге” алып келиши мүмкүндүгүн эскертти:

- Кытай көрүп жаткан чаралар Жапонияга эч таасир эте албайт. Биз Кытайды ачык асманда эркин учууга тоскоолдук кылуучу кадамдарынын баарын токтотууга чакырабыз. Кытай жаңы эрежелерин багыттап жаткан асман - биздин аймак. Алар Сенкаку аралынын үстүндөгү асманды өздөрүнө таандык деп эсептеп жатышат. Бул толугу менен кабыл алынгыс аракет.

Синдзо Абэ
Синдзо Абэ
Кытай абадан коргонуу боюнча көлөмү Британия аймагынын үчтөн эки бөлүгүнө барабар жаңы зона тууралуу мындан үч күн мурда жарыялаган эле. Ал аймак Жапония көзөмөлдөгөн, бирок ошол эле учурда Кытай менен Тайвань да өзүнүкү деп санаган аралдарды да камтып кетет экен.

Кытайда Дяоюйтай, Жапонияда Сенкаку деп аталган аралдарды эки коңшу былтыртан кызуу жана ачык талашып келе жатышат. Жапон өкмөтү үч аралды алардын менчик ээсинен сатып алгандан кийин буга нааразы болгон Бээжин аймакка аскерий кемелерин жөнөткөн учурлары болгон.

Эми мамлекеттик “Синьхуа” агенттигинин кабарына караганда, Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө жаңы эреженин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн аскер - аба күчтөрүнүн учактары ал жакка алгачкы рейд жасашкан.

Кытай тышкы иштер министрлигин расмий өкүлү Цинь Ган Бээжиндеги басма сөз жыйында белгилегендей, өлкөсү эл аралык мыйзамдарга негизденүү менен аракеттенүүдө:

Кытай өкмөтү Чыгыш Кытай деңизинде абадан коргонуу зонасын Улуттар уюмунун уставына, эл аралык укук менен практиканын башка нормаларына ылайык түзүүдө. Максат - Кытайдын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, аба мейкиндигинин коопсуздугун коргоо. Ал башка өлкөгө же максатка багытталган эмес жана аба мейкиндиктеги учуу эркиндигине таасир тийгизбейт. Дяоюйтай аралдарынын айланасындагы азыркы чыңалуу үчүн толук жоопкерчилик Жапонияга жүктөлөт. Кошмо Штаттар тараптардын бирине ыктап, орунсуз сөздөрдү айтпастан Дяоюйтай аралдарынын суверенитети боюнча өз убадасын кармануусу абзел.

Цинь Ган
Цинь Ган
Кытайдын АКШ дарегине сын айтып жатышы коргоо министри Чак Хейгелдин эки күн мурдагы сөздөрүнө байланыштуудай.
Пентагондун башчысы Кытайдын соңку кадамы Чыгыш Кытай деңизиндеги азыркы кво макамын бир тараптуу түрдө өзгөртүп жатканын белгилеп, абадан коргонуу зонасы деп жарыялаган аймак АКШ менен Жапония ортосундагы коопсуздук келишиминин жоболорунда каралганын, кокус аймакка кол салынса, АКШ Жапонияны коргой турганын айткан.

Рейтер агенттиги Азиянын авиация өкүлдөрүнө шилтеме берип жазганына караганда, абадан коргонуу зонасынын талаптарына ылайык, эми жүргүнчү учактар ал аймакка кирээрден мурда сөзсүз кытай бийликтерине кабарлап турушу керек.

Талдоочулардын баамында, Кытайдын Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын үстүн абадан коргонуу зонасы деп жарыялоосу - Жапониянын ал аралдарга болгон административдик көзөмөлүн жокко чыгаруу аракети.

Бээжиндин Чыгыш Кытай деңизинде эле эмес, мунай –газга бай делген Түштүк Кытай деңизинде да Вьетнам, Тайвань, Филиппин менен да талаштуу аймактары бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG