Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Ордолуу Кабылда турак жай көйгөйү Бишкектегиге окшош


Курулуп жаткан имараттын жанында устун жонуп жаткан ооган киши. Кабыл.
Курулуп жаткан имараттын жанында устун жонуп жаткан ооган киши. Кабыл.

Турак үйдүн тартыштыгы бүгүнкү Кабыл калаасы үчүн эң чоң социалдык көйгөй. Буга арийне акыркы чейрек кылымдагы ич ара согуш, ички миграция, турак жай курулушунда арзан долбоорлор боюнча курулган тамдардын жоктугу, өкмөттүн тышкы инвесторлорду турак-жай курууга кызыктырып тартпаганы, ошондой эле өлкөдөгү кооптуу жагдай да себеп болууда.

Эсепчи Ахмад Кабылга күнүнө жумушка барат

Ахмад Сакиб Ооганстандын байтакты шаары Кабылда (Кабул) бухгалтер болуп иштейт.

Ахмад өзү туулган Жабал Сараждан күнүгө Кабылга келип кеткенге үч саат коротот. Ижарага батир караштырганга каражаты жетпейт.

“Кабылдын эң арзан райондору - шаардын ортосунан бир кыйла алыстагы дөңсөө жерлерден орун алган, - дейт бухалтер Ахмад. - Ал жакка унаа өтө албайт. Бу аймакта үй-бүлө үчүн ижарага берилчү тамдын орточо наркы 10 миң – 15 миң афгани же 220 доллардан 330 долларга чейин чыгат”.

Ахмаддын айлык маянасы 200 доллар. Беш уул-кызы бар.
Кабылда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн бири.


Ордолуу калаада ички миграциянын эсебинен калктын тез көбөйүүсү - зор социалдык проблемага айланган.

“2001-жылы Кабылда 1, 5 миллиондой эл жашаса, азыр элдин саны 5 миллиондон ашты”, - дейт шаардын мэри Мухаммад Юнус Навандиш.

Албетте, турак-жайга болгон талап жана ижара акынын көкөлөшү Ахмад сыяктуу тез өсүп жаткан орто катмардын өкүлдөрүн карайлатууда.

Баанын өсүшүнө акыркы жылдары Кабылда маянасы жакшы чет элдиктер да өз салымын кошууда.

Сырт жерликтер негизинен Кабылдын четиндеги Уазир Акбар Хан, Шируп сыяктуу жакшы күзөтүлгөн, бай маалаларда жашайт.

Бул жерде короо-жайлуу заманбап үйдүн бир айлык ижарасы, кыймылсыз мүлк менен соода кылган Хафизулланын айтышынча, 15 миң долларга чейин барат.

“Турак жай эгелери үйлөрүн чет элдиктерге беришип, өздөрү башка райондорго көчүп кетишет. Алар акча чогултуп, байлыкка муюп, мурда баасы арзан үйлөрдүн наркынын өсүшүнө салым кошууда. Бул туташ реакцияга окшоп кетет,” - дейт мүлк базарында узак жылдан бери соода кылып жүргөн Хафизулла.

Ата-энеси Ооганстандын кайсы бир бөлүгүнөн көчүп келген кыз Кабылдагы үйүнүн жанында турат. Декабрь 2010.
Анын айтканына караганда, Кабылдын ортозаар мааласында үч бөлмөлү батирдин бир айлык ижара акысы беш жыл мурда 200 доллардай болсо, азыр 500 доллардан кем болбойт.

Ал эми орто катмарга кирген адистердин жана өкмөттүк мекемелерде иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 50 доллардан 250 долларга чейин гана болууда.


Кабылда турак жайдын баасы тез өсүүдө

Кабыл университетинин профессору Сайфуддин Сайхундун айтымында, акыркы жылдары Кабылда жашоо 50 пайызга дейре кымбаттаган.

Албетте, буга азык-түлүк менен электр кубатынын баасы да кирет.

Хаким Кабылда архитектор болуп иштейт.

Ал курулуштун кымбат баасы жана жердин наркы борбор шаарда үй кризисинен чыгууга аябагандай тоскоол болуп жатат деп эсептейт:

- Ширпур, Уазир Акбар Хан жана Шахр-е Ноу сыяктуу райондордо бир чарчы метр жердин баасы 1 миң доллар турат. Орто өлчөмдөгү там курганга кеминде 500 чарчы метр жер керек. Кабылдын мыкты деген райондорунда тамдык жер 500 миң долларга чыгат. Шаардын ортосунан алыскы райондордо жердин баасы арзан. Мындай райондордо 300 чарчы метр жерди 30 миңден 40 миң долларга чейин сатып аласыз.

Илимпоз-экономист Сайфуддин Сайхундун сөзүнө караганда, Ооган өкмөтү кымбат турак жайдын курулушуна артыкчылык берип жатканда, элдин орто катмары менен жарды бөлүгүнүн үйгө болгон талабы качан канааттандырылары белгисиз.

Бир жылдары Ооганстанда мурдакы Советтер Союзундагыдай кээ бир социалдык жеңилдиктер болгон.

Атап айтканда, кызматчыларга өкмөттүн ээлигиндеги үйлөр арзан баада ижарага берилип, кийин анда жашаган адамдар үйдү менчиктештирип алган. Андан тышкары бюджеттен айлык алгандарга арзан баада жер берилген.
Гераттын батышындагы Мухайерин кыштагындагы кыйраган эски үйдүн дубалдары. 8-сентярь 2010


Кабылдын мэри Навандиш мырзанын айтышынча, азыр Орусиянын жана Түркиянын жеке менчик компаниялары шаарда турак жай курганга кызыгышууда.

Бирок курулушту тездетүүгө эскиден келген бюрократтык тоскоолдуктар жолтооо болуп жатат, дейт Мухаммад Юнус Навандиш:

- Мурдатан кеңири жайылган бюрократтык жана жемсөөлүк инвесторлордун жолундагы бөгөт болгон. Биз бул сыяктуу проблемалардын тамырын кыркып жатабыз. Мен жеке инвесторлорго өзүмдүн телефонумдун номерин бергем. Эгер алар пара суроо өңдөнгөн илдеттерге кабылса, мага түз кайрыла алышат.

Ырас, Кабылдын жери арзан бөлүгүндө жаңы турак-үйлөр көп курулууда.

Борбор калаанын өнүгүү планы жок болгондуктан жана имараттар чар-жайыт курулгандыктан, унаа жолу, коммуналдык тейлөө кандай болору белгисиз.

Ушу тапта Кабылдын түндүк ныптасындагы Ария мааласында үч бөлмөлүү батирдин базар баасы 140 миң доллар. Мындай акчаны карапайым оогандын үй-бүлөсү өмүр бою иштеп да таппайт.

Алар ошон үчүн шаар чет жакасында бышпаган кыштан же сокмо дубалдан курулган тамдарды сатып алышат. Андай үйдүн баасы 30 миң-40 миң доллардын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG