Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Канада мечиттеги кол салууну теракт деп атады


Кол салуу болгондон кийин. Квебек шаары.
Кол салуу болгондон кийин. Квебек шаары.

29-январда Канаданын Квебек шаарында кечки намаз убагында мечитке кол салынды. Анда алты киши атылып, сегизи жарадар болду. Канада бийлиги муну “теракт” деп атады.

Квебек полициясынын маалыматы боюнча, 29-январда мечитке кечки намаз убагында кол салынган. Бийликтер аны “мусулмандарга каршы теракт” деп атады.

Квебек: мечиттеги кол салуудан алты адам өлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Квебек полициясынын маалымат катчысы Кристин Колумб Квебектеги Ислам маданий борборуна кол салган деп шектелген эки киши кармалганын билдирип, алты киши окко учканын ырастады:

- Алты киши набыт болгонун жана ар кандай деңгээлде жарадар болгон сегиз киши ооруканага жеткирилгенин ырастай алабыз. Алар кандай жарадар болгону тууралуу так маалымат жок. 39 киши аман-эсен, алар эч кандай жарадар болгон эмес.

Кристин Колумб иликтөө иши эми эле башталганын айтып, чабуулдун чоо-жайы тууралуу кенен маалымат бере алган жок. Ислам маданий борборуна кечки намазга 50дөй киши чогулган.

"Рейтер" маалымат агенттигинин күбөлөргө шилтеп кабарлоосу боюнча, кол салгандар үчөө болгон. Алар автомат менен куралданышкан.

Полиция кызматкерлери.
Полиция кызматкерлери.

Квебек провинциясынын премьер-министри Филипп Куйяр мечитке кол салууну “варвардык бузукулук” жана “мусулмандарга каршы теракт” деп атады. Ал 30-январда Квебекте бул окуяга каршы массалык жарандык акция болорун белгиледи.

Квебек шаарынын мэри Регис Лабом “бир дагы адам рассасы, өңү-түсү, сексуалдык өзгөчөлүгү жана диний ишеними үчүн өмүрүнөн ажырабашы керек” деди.

Канада премьер-министри Жастин Трюдо кол салууну кескин айыптап, аны “мусулмандарга каршы террордук чабуул” деп атады. “Мындай маанисиз зомбулуктан жүрөк зыркырайт” деп кошумчалады өкмөт башчы. Жастин Трюдо Канада тартип коргоо органдары бардык жарандардын укугун коргорун, ал кол салгандарды кармап, жазасын берүүгө аракет жасарын белгиледи.

Канада өкмөт башчысы Трамптын жаңы чечими менен АКШга киргизилбей койгон качкындардын баарын Канада кабыл аларын билдирген. Анда ал “ар түрдүүлүк биздин күчүбүз. Диний толеранттуулук - канадалыктар үчүн чоң баалуулук” деген эле.

Канаданын миграция министри Ахмед Хусейин Канада “террор жана согуштун качкындарына” башпаанек берүүнү улантарын 29-январда белгиледи:

- Биз боорукерлик, натыйжалуулук жана экономикалык зарылдыкты көздөгөн жана канадалыктардын саламаттыгын, коопсуздугун камсыздоого багытталган миграциялык саясатыбызды уланта беребиз. Биз куугунтукталган, согуш жана террордон жан сактап качкандарды кабыл ала беребиз.

Кол салууга дуушар болгон Ислам маданий борборунун башчысы Мухамед Янгуей кол салуу эркек кишилер бөлүмүндө жасалганын маалымдады. Ал “бул эмнеге ушул жерде болду? Бул - варвардык” деп кейиди. Мухамед Янгуей Фейсбуктагы баракчасына “жүздөгөн адамдардын көңүл айтуусу үчүн” коомчулукка ыраазычылык билдирди.

Квебектин Сент-Фуа көчөсүндөгү мечитке өткөн жылы июнь айында чочконун башын “тамагыңар таттуу болсун” деген жазуу менен калтырып кетишкен. Ислам чочконун этин жегенге тыюу салат.

Квебек бийликтери региондогу мечиттер күчөтүлгөн кайтарууга алынарын билдирди. Ага улай АКШнын ири шаары Нью-Йорктун полициясы да мечиттерге күзөттү күчөткөнүн кабарлады. Нью-Йорктун мэри Билл Блазио бардык ньюйорктуктарды “кыраакы болууга, бир нерсени байкап калса кабар берүүгө” үндөдү.

Франциянын президенти Франсуа Олланд мечитке кол салууну кескин айыптады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG