Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:42

"Уулум чалбайт, кыздарыма бара албайм..."


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарында ар кандай себептер менен көчөдө калган адамдарды "Кызыл жарым ай" коому ачкан түнөктөн көрүүгө болот.

Алардын көпчүлүгү тегерек-четтеги айылдардан келип, базардын тегерегин пааналап калган. Айрыкча кыш келгенде кыйналган селсаяктарга ушу тапта “Кызыл жарым ай” коому Каракол мэриясы менен биргеликте жардам берип келет.

Марат Исмаилов 46 жашта. Ал азыр “Кызыл жарым ай” коомунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн багар-көрөрү жоктор үчүн ачылган имаратында убактылуу жашап жатат.

Марат үч жыл мурда Орусияда курулушта иштеп жүргөн кезинде “кара тизмеге” илинип, туулган жерине кайтып келген. Андан кийин жубайы менен ажырашып, турмушу бузулган соң өзүн таштап салган.

- Бул жакка бирөөгө кезиккени келип, бутумду оорутуп алдым, - деди ал. - Өзүм Ак-Суунун Теплоключенко айылынан болом. Ал жакта туугандарым бар. Жубайым Орусияда. Үч балам чоң ата, чоң энесинин колунда калды. Азыр кичине ары-бери басып жатам. Бассам, жумуш таап алып акырын кыймылдап иштей бериш керек.

​“Кызыл жарым ай” коомунун түнөгүндө Маратка окшоп кырктын кырынан өтүп калгандар басымдуулук кыларын көрүүгө болот. Ачык асман алдында жатып, бирде ач, бирде ток жүргөндөрдүн арасында колу-бутун үшүккө алдыргандар да кездешет.

60 жаштагы Догдурбек Балбаков Каракол шаарында ар кимдин колунда жалданып иштеп жүргөн кезинде бутунан айрылганын айтты:

- Бутумду үшүккө алдырып жибергем. Бирөөнүн малын багып жүрчүмүн. Мал кайтарып жүрүп бутум шишип кеткенинен ооруканага барсам, экөөнү тең кесип салышты. Ошондон бери минтип кыймылдай албай калдым.

Байбичесинен ажыраган Догдурбек карыянын бир уул, үч кызы бар. Ал балдарына жүк болгусу келбей, көчө турмушун тандаганын айтып берди:

- Кыздарым турмушка чыккан. Эми ашка жүк, башка жүк болуп алардын үйүнө кантип батмак элем? Телефон чалып, байланышып турам. Улуу кызым Бишкекте, бири Бостериде, бири Балыкчыда жашайт. Уулум Санкт-Петербургга кеткен, ошол жакта иштеп жүрөт. Мени менен байланышпайт. Балдар бойго жеткенден кийин эле унутулат экенсиң. Убагында баарын эле өзүм баккам.

"Кызыл жарым ай" коомуна караштуу түнөк. Каракол шаары.
"Кызыл жарым ай" коомуна караштуу түнөк. Каракол шаары.

​“Кызыл жарым ай” коому Догдурбек карыянын документтерин даярдап, аны Бишкектеги карылар үйүнө которууга кам көрүп жаткан кези.

Аталган коомдун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн социалдык кызматкери Тынчтыкбек Адыбаев Каракол шаарында селсаяктар жыл сайын көбөйүп жатканын белгиледи:

- Мына, 2018-жылдын ноябрь айынан баштап журналга 139 киши катталды. Мунун арасынан ар кайсы айылдардан келгендер бар. Башка облустардан да келишет, алар эми адашып калган адамдар да. Келгенде тек-жайын, кайсы күнү ким алып келгенине чейин жазабыз. Бирок кыстап жаткырбайбыз. Көбү өз каалоосу менен түнөп кетет. Биз баары менен сүйлөшүп көрөбүз. Эмне себептен ошол жолго түшүп кеткенин сурайбыз. Ар кандай эми, өйдө-төмөн турмуштун айынан чөгүп кетет, көбү.

Тынчтыкбек Адыбаевдин айтымында, “Кызыл жарым ай” коомуна келген селсаяктар үч маал ысык тамак жана кийим-кечек менен камсыз болушат.

Алардын көпчүлүгүн “Кызыл жарым ай” коому мэрия жана шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен кыдырып, таап келет.

Жергиликтүү психолог Бэла Капарова көчөдө калган адам ичкиликке берилип кетпесе, аны кадыресе турмушка кайтарса болорун белгилейт.

Адис ал үчүн ар бири менен тыкыр иштөөгө туура келет деген адис мындай практика Кыргызстанда жоктугун, ага каражат талап кылынарын кошумчалады:

- Селсаяктардын 100 пайызынан 50 пайызы ар кандай себептерден улам ошол жолду тандаган. Мына ошолор менен иштесе болот, аларды кадимки турмушуна кайрып келүүгө кепилдик бар. Ал үчүн психологиялык иштерди жүргүзүү, тренингдерди өткөрүү, ал адамдын өзүнө болгон ишенимин ойготуш керек. Ар кандай себептерден улам селсаяк болуп кеткен адамдар менен ушундай ыкмалар менен иштесе болот.

Былтыр “Кызыл жарым ай” коомунун Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнө үй-жайы жок 83 киши катталган. Быйыл алардын саны 139га жеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG