Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Пандемия маалында музейлер үйгө келди


Музейде телефон карап жаткан кыздар. Бишкек. 18-май, 2019-жыл.
Музейде телефон карап жаткан кыздар. Бишкек. 18-май, 2019-жыл.

Пандемия миллиондогон адамдарды үйгө камап, театрлар, музейлер, кинотеатрлар, концерттик залдар жабылды. Бирок ошол эле маалда карантин маданий жайларды жаңы багытта иш алып барууга жол көрсөттү.

Учурда дүйнөнүн атактуу музейлери онлайн режимде иштеп, жада калса социалдык тармактарда көрүүчүлөр үчүн түрдүү сынактарды уюштуруп жатат. Дүйнөлүк тенденциядан кыргыз музейлери да артта калган жок.

Мисалы, Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейи 18-марттан баштап онлайн режимде иштеп жатат. Музей өз көрүүчүлөрү үчүн атайын программаларды түзгөн.

Аталган музейдин директорунун орун басары Чолпон Тентиева пандемия маалындагы иш тууралуу буларга токтолду.

Чолпон Тентиева
Чолпон Тентиева

«‎18-марттан баштап көрүүчүлөр үчүн төрт программа уюштурдук. "Телеграмда" атайын канал ачканбыз. Социалдык тармактар аркылуу үч долбоор иштеп жатат. Биринчиси - бул “Айтиев онлайн” программасы. Мында ар бир экспонаттын тарыхы жана улуу сүрөтчүлөр жөнүндө маалыматтар социалдык тармактарга жайгаштырылат. Ал эми #aitievkids окуу программасы карантинди балдар менен кантип кызыктуу өткөрүү керек деген ата-энелерге арналган. Буга дагы катышкандар арбын. Мында балдар үчүн түрдүү сынактар уюштурулду. Өзгөчө программабыздын бири - бул #aitievhome. Бардык жарандарга челленждерди тартуулоо. Орусияда Изоизоляция деген челленж башталып, адамдар үйүндө отуруп эле атактуу картиналарга окшош сүрөт тартышууда. Биз дагы бул челленжди күйөрмандар арасында өткөрүп жатабыз».

#aitievhome челленжи көркөм өнөрдү сүйгөндөр арасында кызыгуу жараткан. Флешмобго катышкандар арасында кесипкөй сүрөтчүлөрдөн тартып ар кыл кесиптин ээлери, студенттер, мектеп окуучулары да бар.

Ал эми «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси көрүүчүлөр үчүн “Музей сиздин үйүңүздө” деген долбоорду сунуш кылды. Эми жарандар үйдөн чыкпай эле тарыхый-археологиялык музей-комплекс менен тааныша алат.

Султан Абдыракманов.
Султан Абдыракманов.

«Түз эфир аркылуу музейдин ичин чагылдыруу мүмкүн эмес. Себеби, музейдин ичинде Интернет эмес, телефон да тартпайт. Музейдин ушундай өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан биз колдон келишинче ЭлТР мамлекеттик телерадио компаниясынын жетекчиси менен сүйлөшүп, музейдеги айрым баалуулуктарды тартып, монтаждап элге тартуулоо үстүндө иштеп жатабыз», - деди музейдин жетекчиси Султан Абдыракманов.

Дүйнөдөгү айрым музейлер бул күндөрү онлайн саякатка чакырууда. Бул үчүн болгону алардын сайтына кирип, каалаган бурчуна экскурсия кылсаңыз болот.

Акыркы жылдары санариптештүрүү өнүккөнүнө карабай кыргызстандагы көпчүлүк музейлер көрүүчүлөрдү тарта албай келет.

Жазуучу Олжобай Шакир кыргыз музейлеринин көрүүчүлөрү башынан эле аз экенин белгиледи. Азыркы кырдаал музей кызматкерлери үчүн чоң сыноо экенин, ошол эле учурда жаңы форматта иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатканын эскертти.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Азыр социалдык тармактар жалаң эле негатив жаңылыктарга толуп кетти. Ушундай учурда музейлер өзүнүн ишмердүүлүгүн жогорулатып, программаларын элге жеткириши керек эле. Ал үчүн алдыңкы технологиянын деле кереги жок. Болгону чөнтөк телефон менен эле музейдин ичин көрсөтүп, көрүүчүлөрдү тартса болот. Эки-үч мүнөттүк видеолорду тартып, бара-бара элди кызыктырса болот эле. Кулинария маданиятында дегустация аркылуу кардар тарткандай эле музейлер да көрүүчүлөрдү тартса болот».

Ушу тапта өлкө аймагында 67 - тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый корук, мемориалдык, көркөм жана адабий музей бар.

Ал арада Кыргызстандагы мамлекеттик музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80% жогорулатылды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 20-майда кабарлады.

Анда мындай чечим маданият жана искусство мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек шартын жакшыртуу максатында кабыл алынганы айтылат. Өкмөттүн маалыматы боюнча музей кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүш үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн. 480 миң сом каралган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG