Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Казакстан: журналистика үчүн эң оор учур


Тамара Калеева Алматыда басма сөзгө эркиндикти талап кылган митингде, 24-июнь, 2009
Тамара Калеева Алматыда басма сөзгө эркиндикти талап кылган митингде, 24-июнь, 2009

Казакстанда “Адил сөз” кору сөз эркиндиги бузулган фактыларга байкоо салууну токтотту. Ал арада өлкөдөгү маалымат мейкиндигиндеги абалды уюм “акыркы 20 жылдагы эң оор учур” деп атоодо.

“Адил сөз” кору Казакстанда басма сөз эркиндигинин абалына 1999-жылдан бери көз салып, укук бузулган учурларды каттап, журналисттерге керек учурда юридикалык жардам берип келатат.

Бирок ушул айдан тарта уюм укук бузулган учурларды каттоону жана элге жаңылыктарды жиберип турууну токтотоорун жарыялады. Муну “Адил сөздүн” төрайымы Тамара Калеева акча менен гана байланышкан маселе деди. Анткени акыркы 12 жылдан бери бул иш үчүн уюмга грант бөлүп келаткан “Ачык коом институту” каржылоону токтотту.

"Бизге "Ачык коом институту" муну “стратегиясы өзгөргөнү” менен түшүндүрдү. Анын ордуна эми алар мыйзамдарды жакшыртууга көбүрөөк көңүл бөлө турган болуп жатышат, - деди Калеева. - Каржылоонун токтотулушу биздин уюм начар иштеп жатат дегенди билдирбейт, Казакстанда акыркы айларда маалымат каражаттарына болгон кысым менен да байланышы жок. Анткени бул тууралуу институт бизге былтыр жайында эле кабарлаган. Менин жеке өзүмдүн пикиримде, өлкөдө басма сөз эркиндигинин абалы акыркы 10 жылдан бери эле начарлап келаткандыктан, балким биздин донор укук бузууларды каттоо иши эч кандай позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келбей жатат, майнап болбой жатат деген тыянакка келген болушу мүмкүн".

Ошол эле маалда, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева (солдо) жыл сайын Алматыда Медиа Форум өткөрүп келатат. 27-апрель, 2010
Ошол эле маалда, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева (солдо) жыл сайын Алматыда Медиа Форум өткөрүп келатат. 27-апрель, 2010
Тамара Калеева “Азаттыкка” сүйлөп жатып, азыркы жагдай жакын арада чечилет го деп үмүттөнөөрүн жашырган жок. Анын ишениминде, мамлекетте дал ушул учурда медиадагы өзгөрүүлөргө, мыйзам бузууларга өзгөчө көңүл буруш керек болуп жатат. “Анткени абал начар”, - дейт Калеева.

"Мен Казакстандагы маалымат мейкиндигиндеги абалды “өтө, өтө оор” деп баалар элем. Жумурият эгемендик алгандан бери журналистика үчүн мынчалык татаал учур каттала элек болчу. Оппозициялык пресса толугу менен жок кылынган, өзүн “эркин маалымат каражаты” деп эсептегендердин кичинекей тобу этият болуп калышты, алардын иши канчага созулаары да белгисиз. Бизде эр жүрөк политологдор аз. Алар азыркы кырдаал жөнүндө “Казакстанда авторитаризмдин доору тоталитаризм менен алмашты” дешет. Башкача айтканда, абал өтө оор, - дейт "Адил сөз" корунун башчысы.
- Биз ишибизди 90-жылдардын аягында баштаган учурдагы жыйындарда биздин түркмөнстандык кесиптештерибиз “Түркмөнстанда сөз эркиндигинде эч кандай проблема жок, анткени сөз эркиндигинин өзү жок” , - деп калышчу. Казакстанда да бир жылдан кийин биз ушинтип сүйлөп калабызбы деп коркуп турам.

Медиага "мергенчилик"

Ал арада казак өкмөтү мамлекетте көрсөтүлүшү зарыл делген телеканалдардын тизмесин жарыялады. 14 телеканалдан турган тизмеде жалаң гана өкмөттүк же өкмөттү колдогон жеке менчик каналдардын гана аты келтирилген. Тамара Калееванын айтымында, өлкөдө акыркы 10 жылдан бери бир да оппозициялык телеканал боло элек. Ошол эле маалда ал өкмөттүн соңку тизмесин “жөн гана өлкөдөгү телекөрсөтүү дигиталдык же санариптик форматка өтүп жатканы менен” байланыштырды.

Дегинкиси, соңку бир нече ай Казакстандын маалымат чөйрөсү климатты кескин өзгөрткөн радикалдуу окуяларга бай болду.

Өткөн айда, 25-декабрда, прокуратуранын суранычы менен сот “Алга” саясий партиясын, “Халык майданы” саясий кыймылын, “Республика” медиа тобу астында иштеген сегиз гезит, берүүлөрүн сателлит аркылуу таратуучу “К+” телеканалын, 23 интернет сайтты, баары болуп 30дай маалымат каражатты “экстремисттик” деп тааныды жана жапты.

Сот алардын баарын бир медиа каражатына таандык деп атады. Өлкө бийликтери жогоруда аталган медианын баарына бозгундагы мурдагы миллиардер банкир Мухтар Аблязов ээлик кылат деп ишенишет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG