Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Казак прокуратурасы митингчилерди эскертти


«Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы - эл» деген жазуу.
«Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы - эл» деген жазуу.

Казакстандын Башкы прокуратурасы расмий сайты аркылуу элге кайрылып, уруксат берилбеген митингдерге катышкандар жоопко тартыларын эскертти.

29-апрелде Казакстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайтында казакстандыктарга кайрылуу жарыяланды. Бул кайрылууда башкы прокурордун орун басары Марат Ахметжанов уруксат берилбеген митингдерге катышуу үчүн жоопкерчилик тууралуу эскерткен.

«Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде 1-майда уруксат берилбеген митингдерге катышууга үндөгөн билдирүүлөр жайылып жатат. Башкы прокуратура эскертет: мындай акцияларды өткөргөн учурда анын катышуучуларынын иш-аракеттери «Тынч чогулуштарды жана митингдерди уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» мыйзамды одоно бузуу катары бааланат», - деп айтылат кайрылууда.

Башкы прокуратура «тартип коргоо органдары мыйзамды бузгандарга карата чара көрүп, реакция кылууга милдеттүү боло турганын» белгилеп, «мындай акцияларга үндөө, уюштуруу, катышуу үчүн Административдик укук бузуу тууралуу кодекстин 488-беренеси боюнча жоопкерчилик каралганын» эске салды.

Романа Захаровдун тарапкерлери соттун алдында турушат. 29-апрель, 2019-жыл.
Романа Захаровдун тарапкерлери соттун алдында турушат. 29-апрель, 2019-жыл.

Ал арада көпүрөгө жазууну илип койгону үчүн кармалып, беш күнгө камакка алынган Роман Захаровдун жазасы өзгөрүп, ал 12 625 тенге айыпка жыгылды. Захаров 29-апрелде Аль-Фараби көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөгө «Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы - эл» деген жазууну илип койгон. Захаров бир түн абакта отуруп чыкты.

21-апрелде активисттер Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбеков Алматыдагы марафон учурунда акция өткөргөндөн кийин «митинг уюштуруу жөнүндө мыйзамды бузган» деген айып менен кармалган.

Парижде өткөн акциядан бир көрүнүш.
Парижде өткөн акциядан бир көрүнүш.

Алар жөө күлүктөр чуркаган көчөнүн четинде «Чындыктан кача албайсың! Акыйкат шайлоо үчүн! Бизде тандоо бар!» деп жазылган баннерди көтөрүп турушкан. Сот ошол эле күнү экөөнү тең 15 күнгө камакка алган. Акцияны сүрөткө тарткан Сүйүнбийке Сулейменовага, Айдос Нурбулатовго, Айгүл Нурбулатовага соттун чечими менен 50 500 тенге (130 доллардын тегерегинде) айыппул салынган.

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев «активисттер спорттук иш-чара өткөрүүгө жолтоо болушканын» белгиледи.

Өткөн дем алыш күндөрү Алматы, Нур-Султан шаарларында, Казакстандын Улуу Британиядагы, Чехия Республикасындагы, Франция жана Грузиядагы элчиликтеринин алдында Асия Төлесова менен Бейбарыс Толымбековду колдогон акциялар өткөн. Акциянын катышуучулары Төлесова менен Толымбеков куугунтукка алынып жатканын билдиришти.

Прага шаарында өткөн митингден бир көрүнүш.
Прага шаарында өткөн митингден бир көрүнүш.

Прага шаарында митингге чыккандардын бири, студент Өнел шайлоо таза өтүшү керек деп эсептейт.

«Ушул жерде жашасам да, көптөн бери жаңылыктарды окуп, Казакстандагы саясий кырдаалга көз салып турам. Асия менен Бейбарысты бир плакат үчүн камоо оор сокку болду. Алар шайлоону таза өткөрүүгө чакырганы гана болбосо, жаман эч нерсе айтышкан жок. Отуз жыл өттү. Казак эли адилеттүү шайлоого татыктуу деп эсептейм», - деди ал.

Бирок 28-апрелде Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсү демократия жолу менен баратканын айтты. Бул тууралуу Назарбаев Кытайда өткөн «Бир алкак – бир жол» аттуу саммитте билдирди:

«Батыш канча жолу бизге келип, «биз сыяктуу демократиялуу болгула» деп айтты. Эй, биз казакпыз, биз америкалык, немис эмеспиз да. Биз – казакпыз! Биз дайыма демократия жолу менен келаткан калкпыз. Бирок бир күндүн ичинде миң жылдык тарыхыбызды аттап кете албайбыз», - деди Назарбаев.

Февралда «Freedom House» эл аралык укук коргоо уюму «Дүйнөдөгү эркиндик – 2019» деп аталган баяндамасын жарыялап, анда Казакстан «эркин эмес өлкөлөрдүн» тобуна кирген. «Freedom House» уюмунун отчетунда дүйнөдөгү Интернеттин эркиндигинин (Freedom on the Net-2018) деңгээли боюнча Казакстан 65 өлкөнүн ичинен 46-орунду ээлеген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG