Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 25-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:08

Казак журналисттерин капа кылган куугунтук


Нур-Султан шаары.

Былтыр жайында Казакстанда бир катар адвокаттарга жана журналисттерге кол салуу, алардын ишине атайылап тоскоолдук кылган учурлар болгон.

Андай окуялар боюнча фото жана видео далилдер бар экенине карабай, коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары эмгиче укуктук баа бере элек.

Эркебулан Кенжегулов - КазТАГ маалымат агенттигинин оператору. Былтыр Адам укуктары боюнча Алматы бюросунда өтө турган басма сөз жыйынында ал белгисиз аялдардын чабуулуна кабылган.

- Биз адаттагыдай эле күнүмдүк ишибизди аткарууга барганбыз. Биз киргенде эле ызы-чууга күбө болдук. Мен адаттагыдай камерамды алып чыгып, эмне болуп жатканын тартып кирдим. Камераны жандырып, тарта баштаганда эле мени аялдар тороп туруп, дубалга такап салышты. Алардын арасынан бир аял тээп да жиберди. Камеранын сабы үзүлүп кетти. Бирок мен камераны алардын колунан тартып алып, кайра тарта баштадым. Алар кайра эле камерамды тартып алышты.

20дай аял өткөн жылдын июль айында Адам укуктары боюнча Алматы бюросунун кеңсесинде басма сөз жыйынына келген журналисттерге кол салган.

Алардан жапа чеккендердин арасында «Азаттыктын» журналисти да бар эле. Ал күнү «Казакстандын демократиялык тандоосу» деген уюмдун мүчөсү деп шек саналган Оксана Шевчуктун ишине байланыштуу басма сөз жыйыны болмок. Европада жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов тузгөн бул бирикмени казак бийлиги «экстремисттик уюмга» теңеп, ишмердигине тыюу салган.

Казакстанда бийлик нааразылык митингине чыккандарды Аблязовго тиешеси бар деген айып менен соттогон фактылар бар. Укук коргоочу Евгений Жовтис аялдардын жогорудагы чабуулун бийлик өзү уюштурган деп эсептейт.

- Муну бийлик атайын уюштурганы анык. Эгер эсиңерде болсо ошол окуядан кийин дароо эле басма сөз жыйыны өткөн. Ошондо мен: «Эгерде бул иш жакшылап иликтенбесе, күнөөлүүлөр табылып жазаланбаса, муну 100% бийлик өзү уюштурган болуп чыгат» деп айтканмын. Бул ишке көз жумган полициянын да, тергөөнү көзөмөлдөбөгөн прокуратуранын да, жергиликтүү бийликтин да катышы бар. Бул иш тууралуу билишкен, ал балким өздөрү уюштурушкан.

Журналисттерге кол салынгандан кийин «Азаттыктын» казак кызматы полицияга жана прокуратурага даттанып арыз жазган. Андан бери алты ай өтсө да азырынча эч кандай майнап чыга элек.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев эмне үчүн кылмыш иши козголбогонун айта алган жок:

- Мен эмне болуп жатканын айта албайм. Анткени мен тергөөнү көзөмөлдөбөйм. Ошондуктан ал иш эмне болгонун мен билбейм.

Казакстандык адвокат Айман Уманова ишти каттап, сотко жеткирүүнү өтүнүп, казак президенти Касымжомарт Токаевге кайрылган. Бул иштерге улай былтыр «Азаттыктын» журналисттеринин ишине ар кандай ыкма менен тоскоолдук жасалган окуялар катталды. Жүздөрүн беткап менен жапкан адамдар митингди чагылдырып жүргөн журналисттин камерасын кол чатыр жана гезит менен тосконго аракет кылышкан. Ал тургай журналисттин бетине газ чачканга чейин барган. Бирок журналисттерге каршы жасалган мындай иштер боюнча азырынча бир да адам жоопко тартыла элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG